Алмазбек Акматалиев КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын ректорлук кызматынан бошотулуп, анын ордуна ЧЫҢГЫЗ ШАМШИЕВ дайындалды.
Жогорку Соттун судьясы ЖАҢЫЛ АЛИЕВА өз каалоосу боюнча кызматынан кетүү тууралуу экинчи жолу арызы менен кайрылып, кызматынан бошотулду.
Кыргызстанда БИШКЕК-СЕУЛ аба каттамы ачылат. 29-апрелден баштап каттам жумасына бир жолу учуп турат.
Бишкек шаарында жол кире акысы 1-майдан тарта кымбаттайт. Мындан ары маршруттук таксиде жүрүүгө 10 сом, автобуска түшсөңүз, 8 сом төлөйсүз.
23-апрель күнү Сүрөтчүлөр Союзунун көргөзмө залында "Мамлекеттин интеллектуалдык менчик" фондусу тарабынан уюштурулган жаш сүрөтчүлөр ДИНАРА ЧОКОТАЕВА менен ДИНАРА СОЛТОБАЕВАНЫН “Куурчактардын майрамы” аттуу көргөзмөсү болуп өттү.
ОШ жана БАТКЕН облустарында катуу сел жүрүп, оорукана, үйлөргө, мектептерге жана мал-жандыктарга зыян алып келди.
НУРЛАН МОТУЕВ: “Кыргызстандагы орус тилдүү гезиттердин биринен чалышып, сайтында блог (виртуалдык күндөлүк) алып барууну, гезитке блоггер болуп берүүмдү суранышты эле, баш тарттым. Ал гезит эч качан кыргыздын патриот уул-кыздарын колдогон эмес”,- деп билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Chynyshka
2012-04-30 16:29:37
озу кымбат жол кире дагы кымбаттаса кантебиз
0
Melis-Aruuke
2012-04-30 17:45:55
Кыргызстандан точно кача турган болуп калат окшойбуз,экзамени да озбек тилинде болсо ой-ой-ой...
0
monchok
2012-05-02 18:35:06
Кыргызстанда жашагым келбей калды!кантем? туулуп оскомун туугандарым досторум таштап кетиш кыйын жашай берейин десен кыргызстанда жашоо кундон кунго оор болуп жатат.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.