АПАМ ЖАПКАН НАНДЫ САГЫНДЫМ...

Курмангазы Азыкбаев, музыкант:

«Апам мени армияга баргыча өзү киринтчү...»

Тентек бала элем...

– Менин алтын апамдын аты Анипа. Апам мени багып алган экен. Мен анын бир тууган инисинин баласымын. Кичине кезимде ушунчалык тентек бала болгон экем. Апамдын айтуусунда аябай беймаза кылчу окшобоймунбу. Бир жолу мектептин директору менен урушуп кеткем. Директорубуздун улуту немис болчу. Ошого жиним келип тамдын төбөсүнө атын кыскартып Коля деп жазып салгам. Ал киши апамды чакырып алып «тиги тамдын чокусун мен актаймынбы, же сен актайсыңбы?!» деген турбайбы. Дагы бир жолу тентек кылганым үчүн апамды мектепке чакырып калышты. Мен калем саптын башына пластилин чаптап алып кыздардын чачтарына чаптай берчүмүн. Кыздардын апалары чатышып калган чачтарды кесип келишип, апамдын колуна чачтар чапталган пластилинди берип менин жоруктарымды айтышыптыр. Анан да математика сабагынан жалаң “2” деген баа алчумун. Аны да журналдан көргөзүшкөн экен. Апам солкулдаган эки көк чыбыкты алып келип даярдап коюптур. Кирерим менен эшикти илип туруп, баягы чыбыкты көтөрүп чыкты. Мен: “Апа, мен математикасы жок мектептен окуюнчу!”, - деп кыйкырып ыйлап жиберсем боору ооруп кетти. Колундагы чыбыгын ыргытып жиберип мени менен кошо ыйлап кирди... Апам байкуш менин ушундай тентектигиме кантип чыдачу түшүнбөйм.

Сагынганда...

– Апамды көп көрбөй калсам аябай сагынып кетем. Армиядан да аны сагынып кат жаза берчүмүн. Баарынан кызыгы апам мени эр жетип чоңойгончо өзү киринтип жүрдү. Анткени мен мончого барганды аябай жаман көрчү элем. Анан чоң дагарага салып алып мени аябай жышып жуунтар эле. Кийин көп өлкөлөрдү кыдырдым. Бир жолку Монголиядан Чынгызхандын ордосунан кайтып келе жаткан сапарымда апамды эмнегедир катуу сагынып кеттим. Самолётко түшкөндө апамды эстеп алып көз жашым куюлуп кетсе болобу?.. Бул жакта болгондо деле көп көрбөй калсам бир нерселерди шылтоолоп “срочно келип калыңыз!” деп чакыртып алам. Бирок жайкысын Бишкектин ысыгына чыдабай качып кетет.

Апамдын укугу...

– Апам менин атымды да өзү коюптур. Ал эле эмес балдарымдын аттарынын бардыгын өзү койгон. Апамдын ат коюу укугу биздин үйбүлө үчүн өтө ыйык нерсе. Кечээ жакында өзүм неберелүү болдум. Ошондо гана апама барып “уруксат берсеңиз ушул неберемдин атын эми өзүм коёюн” деп сурандым. Ошентип, атын өзүм Баатыр деп койдум. Кызык, ушул ат коюу укугу апамды өтө кубандырат.

Апам менин кеңешчим

– Апам ар дайым кеңешин айтат. “Келин төрөгөндө бөйрөк тиштетүү керек, анан баланын моюну бат токтосун деп моюнду сындырбай мүлжүп илип коёт” деген нерсени апам айтпаса билмек эмесмин. Негизи эле, мурунку адамдар айткан нерселерге ар дайым кулак түрө жүрүш керек экен. Алар ар дайым көзү жеткен нерсенин ток этер жерин айтышат эмеспи. Ошондуктан апамдын жанында башкалардын кеңеши «отдыхает».

Мүнөзү...

– Апамдын мүнөзү ар кандай. Башкача айтканда, аба ырайын билдирген барометрдей. Эртең менен күн ачык болсо апамдын да маанайы жарык болуп калат. Бүркөлсө кошо бүркөлүп, ачууланып калмайы да бар. Негизи, апам экөөбүздүн мүнөзүбүз аябай окшош. Менин да аба ырайына жараша ачык-бүркөк болуп калмай жайым бар.

Апамдын тамагы...

– Апамдын жасаган тамактарынан эң жакшы көргөнүм кесме. Этин аябай кызарта кууруп, калемпирин жакшылап салып, кесмесин колго кесип, апам мага өзгөчө кесме жасап берчү кичинемде. Ошол кесмени аябай жакшы көрүп жээр элем.

Каалоо

– “Апа” деген эң ыйык зат. “Үйбүлө” деген кичинекей мамлекетти түзгөн ата болсо, ошол мамлекеттин ичи-тышын тейлеген, аны сактап кала турган дал ушул апалар. Кааларым, ылайым бул дүйнөдө бар болгула, мээримдүү апалар!

Бактыбек Мамытов, телеалпаруучу:

«Апам сөзмөр адам эле...»

Чоң апамдын эркеси элем...

– Менин апамдын аты Сакен. Биздин учурда ата-эне тун уулун тарбиялап багуу үчүн чоң ата, чоң энеге берүү адат болгондуктан, мен чоң ата, чоң эненин колунда тарбиялангам. Көбүнчө чоң энеме эркелеп өстүм. Өзүмдүн апамды Сакен деп атынан айтчу элем. Башталгыч класста окуп жүргөнүмдө аябай жакшы окучумун. Кийин улам класстан жогорулаган сайын начарлап, шоктугум чыгып, баягыдай үлгүлүү бала болбой калдым. Ал кез бир башкача доор эле.

Кызганыч...

– Апам байкуш кайненесинен ийменгенденби алардын көзүнчө мага көп жакындай алчу эмес. Алар жокто өөп, маңдайымдан сылап калчу. Мен кээде боор тартып, өзүмдүн ата-энеме жакындап калганымды чоң энем көрсө: «Ой, чаар ичеги десе, ата-энесине жакындап калганын!»- деп урушуп калчу. Ошондон мен да коркуп, көп аларга жакындай алчу эмес элем. Азыр ойлосом чоң энем мени апамдан кызганчу окшойт. Апа тууралуу ойлонгондо мен ошол эки апамды тең эстейм. Эки апамдын тең менде эмгеги өтө зор.

Апам жана мен...

– Мен кичинекей кезимде китепти жакшы көрчү элем. Жан дүйнөмө аябай жакын нерсе ошол китептер боло турган. Ал учурда электр жарыгы келелек кез. Чырак менен оокат кылчубуз. Мен апамдан уурданып, чыракты жагып алып китеп окучумун. Бир жолу апам ошол жоругумду көрүп калды. Мен коркуп кетсем, ал: “Китеп окуган адамдан бир нерсе чыгат. Жашырынбай эле окуй бер!”- деп койгону эсимде. Апам өзү да аябай сөзмөр, чукугандай сөз тапкан чечен аял болчу. Мен өзүм да кээде ыр жазып калам. Анан чыгармачылыктан да өз ордумду таптым. Мага бул нерсе апамдан жукса керек деп ойлоп кетем.

Апамдын тамагы

– Балким, өзүм тамак тандабагандан уламбы, айтор, апам кандай тамак жасаса да мен ырахаттанып жечү элем. Ал эми чоң энем болсо каймакка талкан көөлөп берер эле. Ошол талкандын даамы өмүр бою эсимде калгандай сезилет. Айрым учурларда сагынып да калам.

Каалоо

– Өмүрдүн шаңы аял болсо, апалар жашоонун тиреги. Мен ар дайым алардын күлүп, балдарынын кубанычына ортоктош болуп жүрүүсүн каалаар элем. Майрамыңар менен кымбаттуу апалар!

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 331, 6-12-март, 2009-æ.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан