“Бөтөн элдин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол” деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтышпаган чыгар. Башка өлкөлөргө барып канчалык жакшы иштеп, жакшы жүргөнүң менен, жүрөгүңдө баары бир сагыныч, коркунуч жашаса керек. Анан да алыста жүргөн кыргыз боордошторубузга жабышкан кырсыктарды, алардын үрөйдү учурган кылык-жоруктарын укканда төбө чачың тик туруп, мекенимден айланайын дейсиң.
"БАЛДАРЫҢДЫ САГЫНГАНДАН ӨТКӨН АЗАП ЖОК"
Биздин бүгүнкү каарманыбыз да чет жерде жашоонун тузун татып келген жердештерибиздин бири болмокчу. Өзүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген айым учурда 29 жашта. Жергебиздин борборунда чоңоюп, жогорку билим алып, сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгат. Төрт жылдан кийин, эки балалуу болуп калганда жолдошу Орусиянын Москва шаарына билимин тереңдетүү үчүн аттанып калат. Албетте, каарманыбыз да Орусияны көздөй канат кагууга мажбур болот. Бул учурда бала менен бөтөн элге баруу оңой эместигин эске алышып, 1 жашка чыгып там-туң баса баштаган ширин уулу менен 3 жашар бал тилдүү кызын таенесине калтырып кетишет. Айтылуу Москвага барганда жолдошунун таякесинин үй-бүлөсү менен бир бөлмөдө жашап калышат. Таякесинин иниси, кайниси, туугандары болуп бир бөлмөдө көп адам баш калкалашчу. Ал батир эки бөлмөлүү болуп, анын экинчи бөлмөсүндө Кыргызстандан барган эки жаш кыз турушчу экен.
“Мен ал жакка баргандан кийин үйдө отуруп калган жокмун. Жолдошум окуп жаткандыктан, тамак-аш менен камсыз кылуу менин моюнума жүктөлүп, жер-жемиш саткан дүкөнгө сатуучу болуп ишке орноштум. Жумушум үйдүн жанында эле болчу. Андыктан шаар аралап, жол жүрүп, ал жактын эли тараптан басмырлоого, шылдыңдоого тушуккан деле жерим жок. Бул жаатта жолум болду көрүнөт. Бирок алыста калган кичинекей балдарыңды сагынгандан өткөн азап жок экенин ошондо түшүндүм. Анан да кыргыз жердештерибиздин оор турмушун көрүп жакамды кармаган учурлар көп эле болду. Башка жерге, башка элге аттанууну каалап жүргөн жердештериме сабак болсун деп, көргөн-билгенимди айтууну чечтим”,- деп кайрылыптыр биздин каарман.
"ТӨРӨП, БАЛАСЫН СУУГА АГЫЗЫП ЖИБЕРИПТИР"
Башта айтылган эки бөлмөлүү батирдин бир бөлмөсүндө жашаган эки кыргыз кызынын бири тууралуу кеп учугу уланмакчы.
– Бир көргөн адамга Наргиза кичи пейил, элпек, жакшы кыздай көрүнөт. Курбусу экөө ишине барып-келип жүрүшчү. Кийинчерээк ал ичин катуу таңып жүргөнүн батирде жашаган айымдар байкап калдык. Күндөр өтө берди. Наргиза калың, өзүнө чоң келген кийимдерди кийип жүрчү. Бир күнү түнкүсүн уктап жатсак, ваннадан бирөө “эже” деп катуу кыйкырды. Чочуган бойдон таажеңем экөөбүз ваннага кирип барсак, жер-суунун баары кан. Наргиза жатат, купкуу, алы жок, сөзү жок. Байкашыбызча, ал ваннада төрөөнү пландаса керек, үнүн жашыруу үчүн сууну агызып коюптур. Экөөбүз аны сүйрөп бөлмөсүнө алып келдик. Бөлмөсү да кыпкызыл канга боёлгон.
Чакырылган "Тез жардам" бир топто келди. Дарыгерлер Наргизанын абалын көрүп, “ооруканага алып баруу керек. Машинага көтөрүп салгыла. Мындай жийиркеничтүү абалда биз муну көтөрбөйбүз” дешти. Бөлмөдөгү эркектердин баарын ойготууга туура келди. Эмне болгонун алар түшүнүшкөн деле жок.
Арадан беш күндөй өтүп, Наргиза эч нерсе болбогондой үйгө келип калды. Төрөгөндөн кийин өзгөрүп да кетти. Сырттан жигиттерди ээрчитип келчү болду. Анын мындай жоругу бизге жакмак беле, кер-мур айтышуулар болуп, ал көп өтпөй үйдөн көчүп кетти. Бир жумадан кийин эле үйүбүзгө милиция кызматкерлери келип калышты. "Ушул даректен бир айым төрөгөн эле, ошол керек бизге" деп. Кеп-сөзгө келишпей, таажеңемди салып кетишти. Бир сутка суракка алышып, анан гана коё беришиптир.
Көрсө, Наргизаны "Тез жардам" алып кеткенден кийин ал көз жарып, кыздуу болгон экен. Үч күндөн кийин төрөт үйүнөн чыгыптыр да, ымыркайды сууга агызып жибериптир. Баланын жансыз денеси суу жээгинен табылгандан кийин төрөт үйүндө колуна байланган энесинин аты-жөнү жазылган маалымдама боюнча биздин батирге келишиптир. Ошондон көп өтпөй Наргизаны кармашкан. Канча жылга экенин билбейм, бирок кесилип кетти. Учурда Орусиянын абактарынын биринде жазасын өтөп жатса керек. Угушума караганда, ал кыз Кыргызстанда жүргөндө да ушундай иш жасап, качып кеткен экен.
"БҮГҮН ЭЛЕ АЙЛЫК АЛГАМ, ТОНОП КЕТИШТИ"
– Биз жашаган райондо кыргыздар көп болчу. Бир жолу үйдө отурсак, сырттан жардам сурап кыйкырган айымдын ачуу үнү чыкты. 4-кабатта жашачубуз, балконго чыга калып карасак, бир кызды үч бала жулкулдатып жатышат. “Ай-уй” деп кыйкырык салып, үйдө канча жан болсок, баарыбыз чуркап бардык. Жаш эле кыргыз кыз экен. “Тилдерине караганда, өзбек улутундагы балдар. Мени тоноп кетишти, бүгүн эле айлыгымды алып келаткам” деп шолоктоп ыйлады.
Бул сыяктуу үрөйдү учурган окуялар көп эле болот. "Тигинин байкесин такыр баштар сабап кетишиптир", "муну милициялар себепсиз камап коюшуптур", "баягы кошунаны тоноп кетишиптир", "эсиңдеби, Гуля эже үстүнө бир тажикти киргизип алган экен, анысы өзүн сабап, акчасын уурдап кетиптир" деген сыяктуу сөздөрдү көп угасың ал жакта.
Бир жылдан кийин жолдошум окуусун аяктап, сүйүнгөн бойдон Бишкекке, балдарыбызга келдик. Ал жактагы жашоонун кымбаттыгы, кыйындыгы, оордугу жанга батты. Чын жүрөгүмдөн чыккан сөздөр менен айтам, Кыргызстанда, өз элиңде, өз жериңде жашоо жыргал. Канчалык кыйналып жашасаң да, мекендин суусунан, абасынан, жеринен, элинен айланса болот.
Мекендештерибиздин башынан кечирген окуялары башкаларга сабак, балким, туура чечимге келүүгө түрткү болот деп ишенебиз. Эгер сиздин да мигранттын тагдыры тууралуу айта турган кебиңиз болсо, KOOM@SUPER.KG электрондук дареги аркылуу кат жазыңыз.
Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg