Өзбекстан
ӨЗ АЛДЫНЧА ЧЕК АРАНЫ ТОСО БАШТАШТЫ
Өзбекстан Кыргызстан менен эч кандай макулдашуусу жок эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын 600 чакырымдай бөлүгүн тосуп баштады. Бул тууралуу Чек араларды тактоо бөлүмүнүн башкы кызматкери Курбанбай Искандаров билдирди. «Эми биз да Кыргызстан тараптан тосмо иштерин баштайбыз. Бул ишке мамлекеттен 7 миллион сом бөлүнүп берилди»,- дейт ал. Ошондой эле ал эки мамлекеттин ортосунда 18 пункт болгону менен, алардын бирөөсү гана иштээрин айтып өттү. Кошумчалай кетсек, Өзбекстан менен Кыргызстан чек арасынын узундугу 1375 чакырым, ал эми анын 300 чакырымы тактала элек жана ушул убакытка чейин талкуунун үстүндө.
Казакстан
«КОРДАЙ» БАЖЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖУМУШТАН КЕТТИ
«Кордай» бажы бөлүмүнүн айрым кызматкерлери мыйзамсыз түрдө Кыргызстандан автоунааларды ташыгандыгы үчүн кызматынан кетишти. Чек ара кызматкерлери тиешелүү документтерди текшергенде автоунаалар уруксатсыз Казакстанга алынып келинип жатканы аныкталган. Бажы кызматкерлери эскерткендей, чет жактан келген унаалар бир жылдан ашык эмес жеке ээси тарабынан колдонулат. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер алты ай гана колдонууга укуктуу.
Египет
ЕГИПЕТТЕ ТАК ТАЛАШ
Египеттин БШКсы мурунку премьер-министр Ахмед Шафикке президенттикке талапкерлигин коюуга тыюу салды. Мындай чечимди Египеттин Жогорку аскер Кеңешинин мыйзамга өзгөртүү киргизүүсүндө кабыл алышкан. Мыйзамда «Хосни Мубарактын убагында жогорку креслону ээлегендер мамлекеттик орунга келе албайт» деп жазылган. Ахмед Шафик Хосни Мубарактын убагында бир канча аскер кызматында жогорку кызматты ээлеп, ошондой эле премьер-министр да болуп турган. Бирок 25-апрель күнү Шайлоо комиссиясы ага президенттик шайлоого ат салышууга уруксат берди. 2011-жылдын февраль айында президент Хосни Мубарак өз каалоосу менен отставкага кеткендиктен, 23-24-майда шайлоо болмокчу.
Пакистан
АВИАКЫРСЫКТАН ЭЧ КИМ АМАН КАЛГАН ЖОК
Жакында эле катталган Исламабаддагы авиакырсыктан эч ким аман калган жок. Карачиден Исламабадга учкан Боинг 737 үлгүсүндөгү учакта 127 адам болгон. Кырсык Исламабадга таандык «Чаклала» авиабазасынан алыс эмес жерде катталды. Учак жерге кулап түшөрү менен өрт чыккан. Жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактай албай калганын билдирген куткаруучулардын айтымында, алардын кеч келүүсүнө жолдогу машиналардын көптүгү себеп болгон. Учактын ээси – "Божа Эйрлайн" компаниясы каражаты жетишпегендиктен компанияны жаап коюп, 2011-жылы кайра ишке киришкен болчу. Ал эми Карачиден Исламабадга багытталган бул сапары алардын биринчи гана каттамы болгонун айтышты. Кээ бир булактарга таянсак, авиакырсыктын себеби аба ырайынын бузулушунан келип чыккан.
Индия
ЧОЧКО ТУМООСУ КҮЧ АЛУУДА
Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, ушул жылда 60 адам чочко тумоосунан каза тапты. Бул дарт Андхра-Прадеш штатынын түндүк-чыгыш жагында жана Раджасткандын түштүк жагында аябай күч алып турган маалы. Бир гана аймагында 463 адам ооруга чалдыккан. Саламаттыкты сактоо министри өзүнүн докладында башка аймактарда да күч алып баратканын билдирип, Индиянын парламентинен тезирээк чара көрүүнү суранды. Айта кетсек, Индияда буга чейин 2009-жылы дагы H1N1 тумоосу күчөп, 450 адам оорунун айынан каза тапкан. Таң калычтуусу, Индияда канаттуулар жана башка жаныбарлар да ушундай вирустан жапа чегип жатышат.
Айдай Асанбекова
koom@super.kg