Султан Садыралиев “Лейлек, Хайдаркен, Сүлүктүнүн тургундарынан башымды ийип кечирим сурайм” дейт. Баткендеги концертин жыйынтыктаары менен Султанга жакындары чалып, атасынын катуу ооруп жатканын айтышкандыктан, калган концерттерин токтотуп, үйүнө келе бериптир. Азыр Султан атасынын жанында. Ырчынын атасынын ден соолугу калыбына келип, сакайып кетсе, болбой калган концерттин орду сөзсүз толукталарына ишенебиз.