Жыл сайын өткөрүлүүчү Эл аралык “Жаңы толкун” сынагына бул жолу Кыргызстандын атынан Бек Исраилов аттанганы турат. Москва шаарында өткөн жарым финалга 11 мекендешибиз катышып, арасынан Амантай Бердибаев, Айжана Нусувалиева жана Бек Исраилов жарым финалга өтүшкөн эле. Иргелип отуруп Бек алдыга озуп чыгыптыр.
Эскерте кетсек, Бек Исраилов Айбек Акматов менен иштешчү. Кызыктуусу, ал дагы Гүлжигит Калыков өңдүү эми Канат Култаевди тандаптыр, тактап айтканда, ошол продюсер менен иштеше баштаптыр. Айбек балдарды “таптап” береби же Канатка Айбек продюсерлик кылган балдар жагабы, кантсе да жыйынтык жаман эмес.