"Тамашоунун” “атасы” аталган Эрмек 25-апрель күнү балканактай уулдуу болуп, келинчеги Чолпон экөөнүн маңдайы жарыла кубанып турган кездери. Көптөн күткөн наристе 3 килограмм 500 грамм салмакта, бою 52 сантиметр болуп жарык дүйнөгө келиптир. Азырынча ымыркайга ысым тандап, бир жыйынтыкка келише элек экен жаштар. Кандай ысым коюлбасын, элдин керегине жараган азамат уул болсун дейбиз. Наристенин бешик боосу бек болсун!