«CУПЕРДИН СУЛУУСУ МАЛАЙЗИЯДА

“Супердин сулуусу-2” сынагынын жеңүүчүсү Малайзияга барып эс алып келери тууралуу окурмандарыбызды кабардар кылганбыз. Мына ошол көптөн күттүргөн күн да келип, жеңүүчү кыз Чинара, режиссёр, продюсер Канат Култаев жана гезиттин кабарчысы, мен Бактыгүл Абдыкадырова 18-февраль күнү таң эрте “Манас” аэропортун көз­дөй жол алдык. Канатты жалгыздатпай, ырчылар Алихан, Даниелдер узатып келишиптир. Бир аз демди басып алган соң учакты көздөй жөнөдүк. Мына, алгач ордунан жай козголгон учак улам күүлөнүп отуруп, булуттар менен теңеле түштү. Көздөгөн жерибиз – алыскы Малайзия. “Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” дегендей, көк мухиттин кучагында мемиреп жаткан бул ысык өлкөгө кышкы кийимчен биз кечке жуук кирип бардык. Дүйнөлүк мегаполистердин бири болгон Куала-Лумпурга күүгүмдө бийиктиктен көз жүгүртсөң... тимеле укмуш! Акыркы жылдары электр энергиясы тартыш болуп, караңгылыкка чөмүлгөн Бишкектен барган биздин тирукмуш жарыктардан көзүбүз уялгандай эле болду.
Аэропорттон тышка чыкканда эле жүзү­бүз­гө деңиздин нымдуу шамалы уруп, саамга ырахаттана туруп калдык. Аңгыча жылмайган гид ийиле салам берип, биз коно турган мейманканага жол баштады.

Малайзия – жашыл пальмаларга толгон, жыпар жыттуу гүлдөр­дүн, жашыл аралдардын, токойлордун, экзотикалык жа­шыл­ча-жемиштердин, бийик-бийик мунаралардын мекени. Бул өлкөгө барып эс алып келүү жагымдуу жомокко жолдомо алгандай...

Жылмаюунун өлкөсү

Жол ката “эмне эле элдин баары бизди карап жылуу жүздөрү менен жылмайып жатышат?” деп түшүнө албай жатканбыз. Көрсө, келген туристтерди жылуу жүз, жылмаюу менен тосуп алуу малай элинде көнүмүш адатка айланган нерсе экен. Айрымдар жылмаюу менен гана чектелбестен, кайсы жактан келгенибизди сурап, анча-мынча кеңештерин да берип жатышты. Жол катар көчө жээктерине “Саламат датаң!” деп жазып иле беришиптир. Сураштырып отуруп ал “Кош келиңиздер!” деген кеп экенин билип алдык.

Узак убакытка созулган учуу кан­­ча­лык чарчатпасын, шаардын чет-жакасын көрмөйүнчө кирпик ирмелчүдөй эмес. Андыктан түн экенине карабай шаар айланганы чыктык. Биринчи эле көргүбүз келип, эңсегенибиз – Петронас эгиз мунарасы. Малайзиянын сыймыгына айланган бул кош мунара 1996-жылы курулган, бийиктиги 452 метрге жетет, 88 кабаттан турат. Кубанганыбыз, биз токтогон мейманкана менен эгиз мунаралардын ортосу беш мүнөттүк жол экендиги болду. Көк тиреген мунараларды түнкү он экиге чейин атайын жарык берип күйгүзүп коюшат экен. Шапкелери башынан түшүп калгыча чалкалай кош мунарага суктанган туристтердин тобуна биз да аралашып кеттик.

Дүйнөлүк мегаполис

Жаңы Куала-Лумпур

Эртең менен тамактанган соң атайын гид менен Куала-Лумпур шаарын аралай сапар тарттык. Бул мегаполис үч бөлүктөн турат. Алардын ортосун чоң жолдор гана бөлүп турат. Биринчиси – Жаңы Куала-Лумпур. “Жаңы” деп аталышынын себеби Малайзия өлкөсү эгемендүүлүктү алгандан соң жаңы заманбап стилинде курулган имараттар, сейил бактары, айтор, баары жаңы.

Эски Куала-Лумпур

Эгемендүүлүктү алганга чейин Куала-Лумпур жаңысынан асман менен жердей айырмаланат экен. Бул тарапта карапайым малай эли жашаган эски үйлөр, мечиттер, базарлар. Кадимки эле биздин шаарлардай. Ошондой эле бул жайда эски каада-салттар да сакталары байкалып турат.

Жашыл Куала-Лумпур

Шаардын үчүнчү бөлүгү – Жашыл Куала-Лумпур. Аты айтып тургандай эле акыркы бул тарап жашыл бак-даракка, көз жоосун алган кызыл-тазыл гүлдөрдүн түрлөрүнө оронгон, пальмалар менен курчалган жер экен.

Баш айлантма жолдор

Бизди бир аз таң калтырганы Куала-Лумпурдун көчөлөрү болду. Кадимки мегаполистерден айырмаланып, бул шаардын унаа жүрүүчү көчөлөрү тар экен. Анын үстүнө, унаалар биздикиндей оңдон солго карай эмес, тескерисинче, жүрүшөт. Көчөлөрү кыйма-чийме, тар болгондуктан, башыбыз айланып, бири-бирибизден адашкан учурларыбыз да болду. Унаалардын тыгыны бул жакта да баш оору экен. Тыгындар эртең менен саат 11ге чейин жана түштөн кийин 3төн кийин башталат. Бирок бака-шака түшкөн элдин, унаанын көптүгүнө карабай Куала-Лумпур таптаза шаар. Анткени бул өлкөгө мамлекет абаны кирдетпөөчү гана унааларды айдаганга уруксат берет. Куала-Лупурдун жаштары автоунааларга караганда мотоциклди жакшы көрүшөрү көрүнүп турат. Муну жергиликтүү малай жигиттеринин бири шаарда транспорттун көптүгүнөн пайдаланууга ыңгайлуулугуна карап жаштар мотодо жүрүшөрүн түшүндүрдү. Бир жаман жери, жөө жүргөн адамдарга көчө бойлоп басуу кыйынга турат. Анткени биздикине окшоп жөө жүргөн адамдарга арналган тротуарлар жок. Бирок жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөлөрдө ар бир 500 метр сайын атайын көпүрөлөр коюлган. Көчөнүн аркы-берки жээгине ошол көпүрөлөр аркылуу гана өтөсүң. Кокус көпүрөдөн эмес, жолдон өтүп кетсең, жол боюнда турган полиция кызматкери 500 рингитке айыпка жыгат (1 рингит -11.7 сомго барабар).

Балыктын терисинен жасалган сумкалар

Шаар айланып жүрүп уй, балык­тын терисинен жасалган сум­­калар сатылуучу дүкөнгө туш болдук. “Балыктын терисинен да сумка жасалабы?” Үчөөбүздүн тең оюбузга биринчи келгени ушул болду. Көрсө, балыктын териси да пайдаланылат экен. Тактап айтканда, скат аталган балыгынын терисинен акча салган кичинекей капчык, сумка жасарын билдик. Кызыгы, скат терисинен жасалган сумкалар отко күйбөйт экен.Сатуучу көзүбүзчө күйгүзүп далилдеди. Албетте, мындай баалуу буюмдун баасы да жогору экен. Бирок дүкөнгө фотоаппарат жана видиокамераны киргизүүгө тыюу салыныптыр.

Жибекке тартылган сүрөттөр

Куала-Лумпурдун популярдуу дү­көн­дөрүнүн бири – шам менен сүрөт түшүрүлгөн жибектер дүкөнү. Мындай тапкычтыкка там берип бүтпөдүк. Кадимки эле шамды эритип, ысык кезинде жибекке куюп сүрөт тартат. Тартып бүткөндөн соң сүрөттү боёйт. Боёк кургагандан соң кайнак сууга салат. Кайнак сууга салгандын себеби сүрөттөгү шам кайнак суу менен жуулуп кетет да, боёгу жибекте кала берет. Баса, бул дүкөнгө кирген коноктордун ардактуу тизмеси бар экен. Тизмеде көп улуттун президенттери, анын ичинде Орусиянын экс-президенти В. Путин да жүрөт. Эми бул тизмеде “Супердин сулуусу-2” сынагынын жеңүүчүсүнүн ысымы да бар.

Кытай, Индия кварталдары

Куала-Лумпурда Кытай жана Индия кварталдары бар. Малайзияда малай калкынан сырткары Кытай, Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү жашайт. Кытай кварталы көчө бойлой тамактанчу ашканалардын саны арбын экени менен өзгөчөлөнөт. Экзотика деп кытайлардын бака менен жыланын жеп көрүүнү чечкенбиз. Бирок баары бир батына албай, баягы эле жеп көнгөн күрүч менен этке токтолдук.

Индия кварталына кирген адам өзүн Малайзияда эмес, Индияда жүргөндөй сезет. Бул бөлүктөгү калк кадимки индиялыктардын улуттук кийими сари жана панджабдарды кийип жүрүшөт. Кытай кварталына караганда бул тарапта жылтыр-жултур сарилер, иймектер, шакектер сатыла турган дүкөндөр көп. Мындай кооздукту көрүп, индия кийимин сатып албай коюу мүмкүн эместей. Кенедейибизден индия кинолору менен чоңойгондуктанбы, айтор, сарилерди айланчыктап жатып, бирден сатып алып, дүкөндөн эле кийип алып мейманкананы көздөй жөнөп калдык.

Нан ордуна экзотикалык жемиштер

Жайы-кышы дебей аптаптуу Куала-Лумпурга барган адамдын көз жоосун жаратылышы эле эмес, экзотикалуу жер-жемиштери да алат. Пай-пай, банан, кокос, дарбыз, коон, папайя, рамбутан, гуава, чику, ананас, манго, мангустин, деги койчу, аттарын да жаттай албай калат экенсиң. Дарбыздын даамы биздикиндей эле. Ал эми коондун эки түрү бар экен. Бири кадимки эле биздикиндей, бирок ширелүү эмес. Экинчиси кызгылт өңдө.

Хан башкарган өлкө

Малайзияны хан башкарат. Жалпысынан 13 штаттан жана 2 федералдык аймактан турган Малайзияда 9 султан бар. 9 султан 9 штатты, калган 4 штатты өкмөт башкарат. Ошондой эле ар бир 5 жыл сайын кезек-кезек менен султандар алмашып, хандык тактыга отурушат. Учурда Куала-Лумпурду султандардын эң жашы 58 жаштагы хан башкарат. Ал дагы 3 жылдан соң хандыкты кезеги келген султанга шайлоосуз эле өткөрүп берет. Ал эми хандын жеке жашоосу жана канча аялы бар экендиги карапайым элге жашыруун. Хандын резиденциясы 42 гектар жерди ээлейт. Ал эми үйүнүн кире беришинде 2 атчан жана 2 жөө жоокерден турган ардактуу кароол турат. Ошондой эле хандын эшик алдындагы кооз гүлдөрдү 15 күн сайын атайын өстүрүлүп келинген гүлдөргө түп тамыры менен алмаштырып турушарын угуп, “жашоо болбосоң коё кал!” деп тамшанып алдык.

Лангкави аралы

Төртүнчү күнү Куала-Лумпурдан Лангкави аралына учтук. Учак менен бир жарым саатта жеттик. Асман тиреген имараттары менен баш айланткан Куала-Лумпурдан айырмаланып, бул арал туш тарабы токой менен курчалган, адамзатынын суук колу аралай элек кооз жер экен. Бул аралда да туристтердин агымы абдан көп. Лангкави аралынын жалпы калкынын саны 74 миң. Калкынын болгон тиричилиги туристтерди тейлөөгө багытталган. Кызыгы, бул аралда кичинекей кескелдириктер көчөдө, мейманканада эле бизде келемиштер менен таракандардай болуп, эл менен кошо жүрө беришет экен. Алгач мейманкананын коридорлорунда, короосунда, гүлбагында ээн-эркин булактап жүргөн кескелдириктерди көрүп чочуласак, акыркы күндөрү көнүп кеттик.

Кыргыз сому лангкавиде

Аралдын көчөлөрүн бойлой кийим, сувенир сатуучу дүкөндөр жайгашкан. Дүкөндөрдүн бирине кирсек, сатуучу отурган үстөлгө көп мамлекеттин акчаларын тизип коюшуптур. Үңүлө карап биздин он сом, бир сом жана кагаз элүү тыйыныбызды көрүп, тимеле энесин көргөн баладай кубанып алдык. Сатуучудан сураштырсак, кайсы мамлекеттин өкүлдөрү келбесин акчаларын сурап дүкөнүнө коллекция катары алып калат экен. Мындай салтты бузбай биз да 5 сомдуктан экини эстеликке калтырып кеттик.

Улуттук Геопарк

Бир күн кечке Лангкави аралынын Улуттук Геопаркында саякатта жүрдүк. Геопаркка атайын кайык менен барышат. Инд океанынын Андаман деңизинде жайгашкан бул парктын кооздугун сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес.

Алгач паркта жайгашкан крокодил үңкүрүнө башбактык. Бул үңкүрдүн да өзүнчө кызыктуу санжырасы бар. Кыскача айтканда, илгери адамдар жок кезде бул үңкүрдө крокодилдер жашачу. Кийин адамдар бул үңкүргө кызыгып, крокодил көргөнү келе беришкендиктен жырткычтар тажап, суусу бар башка жактарга ооп кетишкен. Бирок бүгүнкү күндө деле крокодилдер байыркы мекенин эстеп келип, бул үңкүрдү байырлап калышат. Тилекке каршы, биз барган учурда үңкүрдө крокодил жок болуп чыкты.

Крокодил көрбөсөк да, бул үңкүрдөн кадимкидей тизелер калтырап жатып чыктык. Бирок аздан соң жанагы титирегенибизди унутуп жарганаттар үңкүрүнө кирдик. Бийик тоонун ортосунда оюлган караңгы үңкүрдө жашаган жарганаттар караңгы киргенде гана сыртка чыгышат. Гиддин айтуусу менен бирден фонарь ала киргенбиз. Биринчи болуп мен колумдагы фонарды күйгүзүп, үңкүрдүн үстүн карай койсом... Кудай сакта! Төбөбүздө аскага буттары менен жабыша миңдеген жарганат турат. Жүрөктөр оозго кептеле үңкүрдөн качып чыктык.

Эми сапарыбызды суу үстүндө жайгашкан ашканадан уладык. Ашканага биз тамактануу үчүн келген жокпуз. Бул жерде атайын балыктардын түрлөрүн көрүп, аларды биз көрүп жүргөн эле кадимки кичинекей боз балыктар менен түштөндүргөнү келдик. Балыктарды суу ичинде ар бирин өз-өзүнчө торчолор менен курчап коюшуптур. Айрым балыктарга жем бермек тургай, жакындагандан чочулайт экенсиң.

Ошондой эле паркта жыландын түрлөрү көп кездешет. Алардын арасында уулуулары да бар.

Лангкавинин символу – бүркүт

Геопаркта бүркүттөргө көп кездештик. Көрсө, Лангкави аралынын символу дал ушул бүркүттөр экен. “Ланг” – “бүркүт”, “кави” – “майда таштар” деп которулат. Дал ушул бүркүттөрдүн атынан мына ушул арал Лангкави деп аталып калыптыр.

Жунгли

Геопарктагы аркан жана тактайчалар менен курулган жол жунглиге алпарат. Мында түрдүү маймылдар мангруфт аталган дарактарда секирип жүрө беришет экен. Ар кандай үндөрдү, дабыштарды угуп, кадимки эле коркунучтуу кинолор көз алдыңдан учат. Анан да көпүрө кыйчылдаган сайын акырын басканга аракет кылып жаттык.

Инд океанында

Геопарк Андаман деңизинен Инд океанына чыгып бараткан жерден бүтөт. Дал ушул жерде чоң асканын боорунан “Улуттук Геопарк” деген жазууну көрөсүң. Анан да Инд океанына чыгып баратканда ар кандай аралдарга туш болдук. Аралдар кичинекей, ар кандай формада экен. Биз чокойго жана коёнго окшош кичинекей аралдарды көрдүк. Чыныгы мухиттин суусуна да чөмүлө кетүүнү чечип, Инд океанынын жээгине келдик. Суусу жылуу, анан да аябай шор экен. Жээк бүтүндөй океандан сүрүлүп чыккан кооз ракушкалар, таштарга толгон.

Пулау-Пайер аралы

Таң атпай камданып, чоң кемеге чыгып Лангкавиден Пулау-Пайер аралына сапар тарттык. Бул арал чакандыгына карабастан, кучагына көптөгөн туристтерди батырат. Буга себеп Пулау-Пайердин жээгиндеги экзотикалык кооз балыктар. Аралга жеткен соң атайын көз айнек кийип алып сууга түшүп, сары, жашыл, боз, күрөң, көк, кызыл, кызгылтым, алтын жана башка түстөгү балыктар менен аралаш сүздүк. Мындагы балыктар туристтердин көптүгүнө карабай адамдардан чочулашпайт. Атүгүл айрымдары тайманбай келип тиштегенден кайра тартышпайт экен. Алардын тиштегенин ийне менен жасаган массажга салыштырса болчудай.

Малайзиядагы эң узун жана бийик аркан жол

Ошентип, эң узун жана эң бийик аркан жолго да жеттик. Бул аркан жол Малайзиянын рекорддор китебине киргизилген. Узундугу 919 метр. Аны менен көтөрүлүп отуруп тоонун чокусуна чыккан соң эки асканын чокуларын бириктирип турган 500 метр узундуктагы көпүрөгө туш болдук. Бул көпүрөдөн туруп көз салсаң, Лангкави аралы алаканга салгандай көрүнөт. Ошондой эле аралга жакын жайгашкан Таиланд мамлекетинин да бир чети көрүнөт.

Акыркы көз ирмем

Билинбей жылып отуруп кетүүчү күн да келди. Бул күндөр аралыгында Биш­кектин чаңдуу көчө­лөрүн кадимкидей сагына түшүп­түрбүз. Ошентсе да миң түркүн кызыктарга, жылмаюуларга толгон бул өлкөнү таштап кете албай кыйылып турдук. Ошентип, өмүрдүн бактылуу көз ирмемдери катары эсте болсун деп Лангкавинин символу болгон сувенир бүркүттөрүн алып Куала-Лумпурга келдик. Андан Ташкентти көздөй сапар алдык. Андан ары бизди кадимки турмуш-тиричилиги менен өз мекенибиз, Бишкек шаарыбыз күтүп турган.

Чинара: «Эс алуумду сөз менен жеткире албайм»

– Жашоомдо көп сынактарга катышкам. Бирок “Супер-Инфонун” сулуулар конкурсунда жеңип чыгуу мен үчүн өзгөчө болду. Малайзияга жөнөөрдөн мурун бул мамлекет жөнүндө атайын маалыматтарды топтоп алган элем. Ал жактын калкы мага аябай жакты. Күнүгө ар кайсы жерге барып, түрдүү кызыктарга туш болуп, кыскасы, бир күнүбүз экинчисине окшошпой жатты. Малайзия мага аябагандай көп эмоцияларды тартуулады. Бул жактан кетип жатканда бир гана Куала-Лумпурда болобуз го деп ойлогом. Андыктан экзотикалык аралдардагы саякаттар, Инд океанынын суусуна түшкөнүм мага түшүмдө болгондой туюлууда. Бул күндөр өмүрүмдүн унутулгус көз ирмеми болду. Ошондой эле бул саякат келечекке болгон умтулуума чоң стимул болду. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген “Супер-Инфо” гезитине ыраазычылыгымды билдирем.

Эс алуу учурунда...

  • Малайзия калкынын 70 пайызын эркектер, 30 пайызын аялдар түзөт. Андыктан бул өлкөдө айымдар – таңсык. Ошондон уламбы, айтор, биздин сулууга ашык болгондордун саны арбын болду.
  • Канат Култаевди кытайларга окшоштурушса, мени япон, монгол, корей кызына, ал эми Чинараны испан, түрк айымдарына окшоштуруп жатышты.
  • “Супердин Сулуусу-2” сынагынан жеңүүчүсүнүн кантип эс алгандыгын режиссёр Канат Култаевдин жардамы менен кыскача баян-тасма кылып тартып келдик. Буюрса берүүнү “Супер тv» телеканалынан көрө аласыздар.
  • Лангкави аралындагы макакалар жана коёндорду тартып жатканда бир макака менин микрофонумду талашып жулкулдатып кирди. Чырылдап жинденген жаныбар акыры ал микрофонубузду үзүп тынды. Качан гана маймыл тынчыганда съёмканы уладык.
  • 23-февраль – малайзиялыктар үчүн кадимки эле күн. Бирок биз Чинара экөөбүз жаныбыздагы жигит Канат Кул­таевди майрамы менен куттуктап, жергиликтүү ресторандардын бирине конокко чакырдык. “Дайыма бизди коргогон мырзалар бар болсун!” дедик.

Бактыгүл Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 331, 6-12-март, 2009-æ.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан