Айчүрөк эже эмнеге көрүнбөй калды десек, көрсө, жаңы бир теледолбоордун үстүндө иштеп жүрүптүр. “Улуттун сыймыгы” аталган бул долбоор атактуу инсандардын кыргыз эли үчүн жасаган эмгектери тууралуу. "Азыр кыргыздын илгерки ырларын жаңыртып ырдап чыккандар көп. Ошол ырлардын авторлору жөнүндө бүгүнкү ырчылар билишсе деген ой менен ушул кадамды таштадык",- дейт Айчүрөк айым. Чынында, эжекебиз жакшы иш баштаптыр. Анткени айрым ырчылардан “ырдын автору ким?” деп сурасаң, “билбейм” деп жооп беришет.