АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сандан санга)

(Башы өткөн сандарыбызда)

Тумар менен Жаныбек бүгүн кечки тамактанууга барышат. Жаныбек мындай сунуш киргизгенден бери Тумардын жүрөгү алып учуп, өзүнчө эле толкунданып жүрөт. Ал тургай Саматты сабагына, Айжамалды бала бакчага жеткиргенден кийин кечкиге даярдык көрүп, дүкөн аралап өзүнө жаңы көйнөк сатып алды. Ал көйнөктү кийип алып күзгүнүн алдында бир топко турду. “Эне болуу дегениңдин өзү ушунчалык түйшүктүү болот турбайбы. Карачы, канча күндөн бери өзүмдү күзгүдөн жакшылап караганга да убакыт жок, кадимкидей жүдөө тартып калыптырмын. Көп балалуу энелер дагы жүрүшкөн экен да. Балким, мунун жыргалчылыгы да бардыр?.. Канткен күндө да эне болуу деген эмне экендигин толук түшүнө элекмин. Курбумдун балдарын бөтөн дебеймин дечи, бирок баары бир өз балдарың болгон башкача бир ыйык сезим болсо керек. Кипкичинекей ымыркай төрөлсө, аны эмизип, жуунтуп, кийинтип, тамак берип баккан баары бир башкача да. Анын биринчи күлкүсү, биринчи сөзү, алгачкы кадамы. Сонун болсо керек. Эми аны бала төрөгөнчө сезиш кайда?..” Бир саамга ойлору туш тарапка чачырап кетти. Аңгыча сырттан бирөө коңгуроону басып калды.
– Ким болду экен? Баягы эле эски кийим-кече, тамак-аш сураган кайырчылар болсо керек. Деги тажатышып көп келет экен ушулар,- деп сүйлөнө барып дарбазаны ачып калды.
Алдында кең далылуу, кара торусунан келген, узун бойлуу, 30 жаштын тегерегиндеги бир мырза турган экен. Аны Жаныбекке окшоштуруп эле дароо тааныды, “иним Улан келет” деп жатпады беле.
– Ой, келиңиз.
– Саламатсызбы?
– Жакшы. Сиз Улан эмессизби?
– Дал өзү. Балдар үйдөбү?
– Эч ким жок эле. Мен Жаннаттын курбусу болом. Азырынча...
– Азырынча биздин үйдө бала багуучу болуп иштеп жатасыз. Билем, билем. Сиз тууралуу айтышты мага. Жаныбек менен азыр эле шаардан кезигип келатам. Жеңеме да баргам. Атыңыз Тумар болсо керек, ээ?
– Ооба, кириңиз үйгө.
– Сиз уруксат этсеңиз кирейин. Кантип кирбей коём?..
Экөө ээрчише үйгө киришти. Улан бир көргөн адамга бой көтөргөн, мүнөзү корс адамдай көрүнөт. Тумар да ушундай ойдо калды. Анын бул оюн дагы тастыктап Улан:
– Мага сүлгү берип койчу, ваннага кирип чыгайын,- деп жумшап да жиберди.
Сүлгүнү колуна карматканы менен, ичинен “эмне эле мага чоң болуп жатат? Жаннат болбогондо бул үйгө басып да кирмек эмесмин. Как будто мен барарга жери жок калып, ушул үйдө баш калкалап жүргөнсүп. Өзүнчө эле...” деп жиндене бөлмөсүнө кирип кетти. Ушуну менен эле тим болсо кана?! Жуунуп чыккан соң ансыз да чайга чакырганы чыккан Тумарга карап:
– Эми бир ысык-ысык чай берсеңер сонун болот эле.
– Айтпасаңыз да даярдап койдум, ашканага кирип иче бериңиз,- деген бойдон ачуулана басып кетти.
– Сенин колуңдан ичсем...- деп Улан турган ордунда Тумардын артынан жылмая карап кала берди.
Кеч курун балдарды үйгө алып келген соң Жаныбек экөө шаардагы ресторандардын биринен жолугушмай болушту. Тумар күзгүнүн алдында бир топко турду. Улан болсо, же суктанып караганын билбейсиң, же жаман көрүп жатканын билбейсиң, айтор, кире беришке коюлган диванда чалкалап жаткан бойдон Тумарды кечке карай берди.
Бүгүнкү кеч абдан жагымдуу, анан да күндөгүдөн өзгөчө өттү. Ресторан, көңүлдүн кылдарын черткен жагымдуу, жай музыка, романтикалык көрк берген шамдар жана гүл, анан да “ал, же, жүрү бийлейбиз” деп кыздын көңүлү менен болуп жанында мырза. Тумар да, Жаныбек да көптөн бери мындай чөйрөгө баш багыша элек эле. Бул кечте экөө тең Жаннат тууралуу сүйлөшүшкөн жок. Алардын баарлашуусу өткөн-кеткен жагымдуу күндөрдү эске салуу менен гана чектелип турду. Жөн гана отуруп тамактанышты, экөө бир ирет вальска түшүштү. Үйдү көздөй бет алганда гана Жаныбек балдар туурасында сөз козгоду.
– Айжамал ыйлабады бекен?
– Уктап калды го. Бирок мен чыгып жатканда Айжамалдын көңүлү суз боло түшкөндүгүн байкагам. Уланды жакшы тааныбайт окшойт.
– Ооба, аны биз да үч жыл дегенде эми көрүп жатабыз. Айжамалдын эсинде деле калбаса керек.
Эртеси эртең менен эрте Жаныбек эки жумага командировкага жөнөп кетти. Үйдө Улан, Тумар жана кичинекей эки бала гана калышты. Таң атпай жатып Улан дагы Тумардын ачуусуна тийди. Сыналгы көрүп отурган.
– Тумар, ашканага кирип калсаң мага шире ала чыкчы,- деп калды.
Бул ирет да Тумар ачууга алдырбаганга аракеттенип тилин тиши менен басып, унчукпастан ширени “падышанын” алдына койду. Бул үчүн Тумарга рахмат деген да жок, жөн гана жылмайып карады да койду. Экөөнүн жылдызы келишпей, ичтен тирешүү башталды. Өзгөчө Тумар Уланды көргөн сайын кыжыры кайнай турган болду. Улан бир күнү "айылга кеттим" деп кетет да, кайра эле экинчи күнү келип калат. Келгенден бери эч жерде иштеген да жок. Керээли кечке үйдө. Бир күнү Тумар Жаннатка барганда ал кайниси тууралуу көп нерселерди айтып берди.
– Улан эмне кылып жатат?
– Үйдө эле. Келгенден бери жатат го аныңар. Эмне, эч жерде иштебейби?
– Билбейм. Негизи, ал көпчүлүк учурда чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Келет, кетет. Келгенде ушинтип эч нерсе кылбай үйдө жатып эс алмайы бар. Жаныбек кетеринде “үйдө бол, Тумар менен балдар коркуп калбасын” деп дайындап кетсе керек да.
– Билбейм. Айтор, анын да мүнөзү оор окшойт. Экөөбүз кезиккен эле жерден чарт-чурт болуп кетебиз, эрке окшойт. Анан да адамды жумшаганга маш, "тигинтип кой, муну мага алып келип бер" деп эле отурат. Үй-бүлөсү жокпу? Келбетине караганда улуу эле көрүнөт.
– 33 жашта. Мурда үйлөнгөн. Турмуштан жолу болгон жок бечаранын. Кайненем өзүнүн курбусунун кызын кыйнап эле алып берип койгон болчу. Экөөнүн жылдыздары келишпей, эки айга жетпей эле ажырашып кетишкен. Ошондон бери үйлөнбөй жүрөт. Сурасаң эле “менин жарым болчу кызды кезиктире албай жүрөм” деп кутулат. Тамырын тартып сүйлөшсөң, аябай жакшы адам. Сыртынан сүрдүү, орой көрүнгөнү менен, ички дүйнөсү таза. Кайненемдин көзү тирүү кезинде ар алты ай сайын келип турчу эле, бул ирет үч жыл болуп кетти. Апам да Уланга аябай жан тартып турар эле. Кантсе да көкүрөк күчүгү да. Сен айткандай, эркелик жайы бар.
– Аа, жаман болгон экен анда.
Жаннаттын сөзүнөн соң Тумардын Уланга болгон мамилеси, көз карашы таптакыр өзгөрдү. Сөздөрүнө мурдагыдай терикпей калды. Экөө кээде ашканада чогуу отуруп тамактанып калмай да болушту. Тумар өзү атап алгандай “падышанын” буйруктары ага катуу тийбей, тескерисинче, аяр мамиле кылып, эртең менен ал сыналгы көрүп жатканда ашканадан бир стакан ширени өзү алып келип алдына коюп коёт. “Падышасы” да ага жылмайып, ыраазы боло “рахмат” деп калат.
Жаныбек командировкасынан эчак эле келген. Бирок ал өзүнүн жумуштары менен алек. Эртең менен эрте кетип, кечкисин түн бир оокумда келип жатып калат. Балдары уктап жатканда бөлмөсүнө кирип өөп койгону гана болбосо, эки-үч күнгө чейин алар да атасын көрүшпөйт. Улан мурдагыдай эле үйдө. Тумар экөө бала кезинен тарта азыркы күндөгү турмушуна чейин кеп кылышат. Кыял-жоругу, кулк-мүнөзү, баары айтылат мындайда. Балдар жаткандан кийин бир убакка чейин сыналгы тиктеп отурушат. Кайгырып, Жаннатты, Самат менен Айжамалды аяп, бул жаатта да сөз козгошот. Мындай учурда маектин соңу сөзсүз Тумардын көз жашы менен аяктайт. Канчалык сырдашпасын, Тумар ичинде каткан бир гана сырын айта алган жок. Айтууга оозу да барбады. Ал “Жаннат мени өзүнүн ордуна калчу адам катары көрүп жатат. Жаннаттан кийин мен балдарга эне, Жаныбекке жар болушум керек” деген сөз болчу. А Уландын бул иштен кабары жок, бейкапар. Ичинен Тумарга абдан ыраазы болуп, акырындык менен ага тартылып баратты.

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
temiralieva
2012-04-30 18:50:32
балдарды эстеп эле уландын келгенине кайгырып жатам.
0
Elit
2012-04-30 19:38:40
Уфф дагы бир жума.
0
jirgal4
2012-04-30 19:59:29
eez 4irkin dyino! jaraluu sezim,jalgizdik!
degi koi4u adam balasi bul jawoodo emnelerge gana kabilbayt!
0
jonokoi_myrza
2012-05-01 17:55:44
Улан жактырып калат окшойт, кыскасы куто туралычы дагы бир жума
0
Angel19
2012-05-01 20:38:50
mina kizik emi bashtalat okshoyt,jashoodo emneler kana bolboyt suyuu,jalgizdik,azap adamzati dayim jandap jurot emespi,atkarilbagan amanat degen temasina karaganda Ulan m.n kalat okshoyt nesi bolso da 1 juma kuto turalichi
0
Azaika.t.b
2012-05-02 02:10:29
ошондой го чын эле
0
aliya-leyla
2012-05-02 15:15:47
Мына кызык тамаша. Эми эмне болор экен?...
0
NARYNGRAD
2012-05-02 16:15:03
Tumar tiibeit okshoit, Janybekke. Amanat atkarylbai kalat okshoitda, aty aityp turbaiby.
0
Kroxa
2012-05-02 16:17:16
аткарылбаган аманаты--улан экоо жашап кетсе...жаныбек балдары эмне болот балким жаннат сакайып кетип аткарылбай калаар...
0
veneraaalieva
2012-05-02 23:29:31
Жаннат оорусунан айыгып кетет окшойт,анан Тумар Уланга турмушка чыкса керек ошон учун аманаты аткарылбай калса керек да.
0
Aikow
2012-05-03 23:47:16
Mdaaa
0
TaDi
2012-05-05 11:38:10
tumar janatyn kurbusu owondo kandai podrujkasyby
0
Murok
2012-05-05 16:45:40
Улан не келди эми, экоо суйушуп калат эми уялбаса..
0
barmalei
2012-05-05 22:34:49
Жаннат олбой калат оорусунан сакайып, ал эми Тумар менен Улан бири бирин суйушуп калышса керек. Ушинтип аманат жакшылык менен аткарылбай калат окшойт э Урматтуу Окурмандар...
+1
nazgul8076
2012-05-06 16:03:08
Улан менен суйушуп калып, аманат аткарылбай калат окшойт.
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан