2012-жылдын июнь айында Лос-Анжелесте “Лиз жана Дик” аттуу тасма тартыла баштайт. Тасма көзү өтүп кеткен атактуу актриса Элизабет Тейлордун эки жолку жолдошу Ричард Бёртон менен болгон мамилеси тууралуу болмокчу. Ричард менен Тейлор жөн гана жубайлар болбостон, көп ирет тасмаларга чогуу тартылышкан. “Лиз жана Дик” тасмасында Элизабеттин ролун актриса Линдсей Лохан жаратат. “Мен Элизабетке дайыма суктанып, аны сыйлачумун. Ал жөн гана мыкты актриса эмес, мыкты аял дагы болчу. Бул ролду ойноо мен үчүн чоң сыймык”,- дейт Лохан.