Латын Америкасында өлгөн адамдарга арналган майрам бар. Латын америкалыктар 1-2-ноябрда өлгөн адамдардын жаны туугандарына келип кетет деп эсептешет. Дал ушул майрамга арнап режиссёр Ли Анкрич мультфильм тартууну көздөөдө. Азырынча мультфильмдин аталышы белгилүү эмес. Бирок 2015-жылы сатыкка чыгары анык. Режиссёр Ли Анкрич мындан мурда “Оюнчуктардын окуясы: Качуу” фильмине режиссёрлук кылып, “Оюнчуктардын окуясы-2”, “Немону издөө” аттуу фильмдердин үстүндө да иштеген.