МЫРЗАЛАРДАГЫ СЕКСУАЛДУУЛУК – АНЫН АКЫЛЫ ЖЕ «КҮЛГҮН КОЁН ТУУРАЛУУ БАЯН»

Жанры – Драма
Режиссёру, сценарийдин автору – Фархат Шарипов
Продюсери – Ермек Аманшаев
Оператору – Александр Плотников
Узактыгы – 1 саат 45 мүнөт
Тарткан өлкө – Казакстан
Тартылган жылы – 2010-жыл
Бюджети – 55 000 доллар

НУАР НУРПЕИСОВ (ЕРЛАН)
Туулган жылы – 1986-жыл, 11-март
Хоббиси – Китеп окуу, музыка угуу
Билими – Казак-Британ техникалык университетинин энергетика жана нефте-газ өндүрүшү факультетин аяктаган
Кыялы – Чоң атасы тууралуу тасма тартып, анда башкы ролду жаратуу
Учурда – Актёр, продюсер, коомдук ишмер

МАКСИМ АКБАРОВ (ЛОКО)
Туулган жылы – 1985-жыл, 5-сентябрь
Жактырган жаныбары – Жылкы. Аларды адамдарга караганда боорукер деп эсептейт
Актёрлукка чейин – Брейк бийин үйрөтүүчү, ар кандай социалдык мааракелердин алпаруучусу, казак телеканалдарында ви-продюсер болуп эмгектенген
Учурда – Режиссура менен алектенип, жарнамалык роликтерди, клиптерди, телепрограммаларды тартат


КАРЛЫГАШ МУХАМЕДЖАНОВА (ЖЕЙРАНА)
Тулган жылы
– 1983-жыл, 22-июль
Ата-энеси – Казакстандын Эл артисти, опера ырчысы Нуржамал Усенбаева менен атактуу композитор Тулеген Мухамеджановдун кызы
Билими – 2005-жылы Казак мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүрүп, АКШда магистратураны аяктаган
Максаты – “Оскар” сыйлыгын алуу. Ал үчүн семирүүгө, түрү суук адамдын образын жаратууга даяр


ФАРХАТ АБДРАИМОВ (ЖЕЙБАРХАН)
Туулган жылы – 1966-жыл, 21-январь
Учурда – Актёр, жеке ишкер, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы
Салмагы – 162 килограмм
Кыялы – Кулагы укпаган, тасманын аягына чейин бир жерде уктап жата берген адамдын ролун жаратуу
Адамдагы жаман көргөн сапаты – Майдачылдык
Кичинесинде – Шишкебек жасап иштөөнү каалачу

“АЛМАТЫДА ЧЫНЫГЫ ЖАШОО ТАСМАДАГЫДАЙ”
Айылдан келген Ерлан Алматыдагы ЖОЖдордун биринде окуйт. Промоутер болуп жумушка орношкон ал күлгүн коёндун костюмун кийип алып көчөдө элге баракчаларды таратчу. Күндөрдүн биринде ал бейбаш балдардын бири Локо менен достошуп алат. Локо Ерланга чогуу акча табууну сунуштайт. Сунуш мындай.
Кадыр-баркы күчтүү бир адамдын уулу машинасы менен көчөдөн бирөөнү сүзүп өлтүргөн. Аны түрмөдөн сактап калуу үчүн башка адам анын күнөөсүн моюнуна алышы керек. Ерландын тапшырмасы – бул кылмышты өз моюнуна алып, түрмөгө отурганга макул адамды таап берүү.
Ошентип, курмандыкты издөө үчүн көчөдө ар кимдин жумушун кылып акча тапкандарга жортуулга чыгат. Акыры Кайрат аттуу адамды көндүрөт. Бул иштин соңунда белгиленген сумманы Локо экөө бөлүп алышат. Локо жанына баткан карызынан кутулам деп кубанат.
Ал жарым жыл мурда жакын досу Жандын машинасын талкалап алган. Карызын берүү үчүн акчаны көтөрүп алып досунун үйүнө барган кезде анык көйгөй башталат. Анткени ошол убакта мас, баңгизатка башы айланган Жан өзүн өзү атып өлүп калат. Бул учурда бөлмөдө Локо менен Ерлан гана болгондуктан, күнөөнүн баары экөөнө жабылмак.
Локо байдын баласы. Атасынын креслосу бийик тааныштары бар. Атасы күнөөнүн баарын Ерланга оодарып салууну көздөйт. Бирок Ерландын багы бар экен, Жандын үйүнө кирип баратканда жаратылышты телефонунун видеокамерасына тартып келе жатып, аны өчүрбөй столго коюп койгон эле. Ошентип болгон окуя камерага тартылып калып, фильм “хеппи эдн” менен аяктайт.
“Алматыдагы чыныгы жашоо ушундай экени талашсыз” дешет, көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү, тасмага калтырган комментарийлеринде.

СҮЙҮҮ АКЧАГА САТЫЛБАЙТ!
Сүйүү кадрлары тасмага өзгөчө боёк кошуп турат. Ерлан окуу жайдагы эң сулуу кыз Жейранды сүйүп калат. Жейрана бардар адамдардын акылдуу кызы. Өзүнүн чөйрөсүндөгү атасынын акчасына көпкөн жигиттерди жактырбайт. Андыктан Ерландын жөнөкөйлүгүн өзгөчө жактырат. Бирок Локонун таасири менен кийин Ерлан да өзгөрүлө баштайт. Ал да акчага азгырылган башка балдардын бирине айланып бараткан. Жека жөнөкөй, адамгерчиликтүү жигиттеги бул өзгөрүүнү байкабай коё алмак эмес. «Сен да көптүн бирине айландың» деп Ерландан баш тартат.

ЭРОТИКАЛЫК КАДРЛАР БАР БОЛЧУ
Кээ бир көрүүчүлөр “жаш режиссёр элита адамдарынын жашоосунун майда-чүйдөсүн кайдан билет?” деп таң калышат. Фархат Шарипов болсо, өзү көп убакыт ошол чөйрөдө жашаганын айтат. Анан да анын “Алматы – понттордун шаары. Мен бул шаардан көргөнүмдү гана экранга алып чыктым. Көрүүчүлөрдө “эмне үчүн биздин коомдо бирөө экинчисинин бүтүндөй жашоосун башкарышы керек?” деген суроо жаралса, анда биз максатыбызга жеттик” деген сөзү бар.
Актёрлордун да мындай жашоо менен тааныштыгы бар.Мисалы, Ануар Нурпеисов (Ерлан) министр, бизнесмендердин балдары менен дос. Максим Акбаров (Локо) да бир кезде ошол чөйрөнүн каарманы болгон. “Режиссёр “алтын жаштардын” жашоосун ар тараптуу чагылдырып бергиси келгендиктен, эротикалык сценаларды да тарткан. Кийин ал кадрларды кесип салууга туура келди, цензура да. Болбосо тасма мындан да ысык чыкмак”,- дейт Максим.
Бейбаш баланын ролун аткарган Жан чыныгы жашоодо такыр башкача. Ал өз сөзүндө: “Мен үчүн бул ролду жаратуу өтө кыйынга турду. Анткени мүнөзүм, жашоо образым тасмадагыдан бир топ айырмаланат. Мисалы, түнкү клубдарга барганды жаман көрөм. Сөгүнүүсүз сүйлөбөгөн, дайыма кокаиндин таасиринде жүргөн адамдын образына кирүү көп эмгекти талап кылды. Айтор, жан дүйнөмдө согуш болуп жатты”,- дейт.

МААНИЛҮҮ ЦИТАТАЛАР

  • Жека: “Эркектер, кыздарды акчадан башка жол менен багындырып алууга акылыңар же фантазияңар жетпейт. Кыздар үчүн эң негизгиси – потенциал. Менин оюмча, мырзалардагы сексуалдуулук – анын акылы. Калган нерселер баары бир жайына келет”.
  • Кайрат: “Бардык кыздарга эркектердин эки сапаты өзгөчө жагат: ишенимдүүлүк, туруктуулук. Ал эми эркектерге бул сапатты бийлик жана акча берет”.
  • Локо: “Ар бир шаар өз ритминде дем алат. Жашаган шаарың менен бирдей дем алууну билсең, бардык нерсе өз жолу менен кетет”.

ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • “Локо” – итальян тилинен которгондо “жинди” дегенди билдирет.
  • Тасмадагы Порше үлгүсүндөгү машинаны Макс «сүйүп калып», мындай Порше анын кыялына айланган.
  • Күлгүн коёндун тасмага кошулуп калышынын себебин режиссёр: “Досторум менен сүйлөшүп калганда тамашалап “күлгүн коён тууралуу тасма тартам” деп койчумун. Кийин калпычы болуп калбайын деп эле коёндун образы жаралды”,- деп түшүндүрөт.

 Кыстарылган видео 
"Күлгүн коён жөнүндө баян"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jantao
2012-04-30 23:18:34
кино суперррррр. коруп койгула .
0
maha_0711
2012-05-05 20:06:16
ооба,аябай сонун кино!!!!!!
0
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан