ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (30-апрелден 6-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада техникалык жабдууларды жана айыл чарба шаймандарын сатып алууда жолдуусуз. Ишиңизде жоопкерчилик жана тактык талап кылынат. Абройлуу бийлик адамы менен чырдашып калбоо үчүн сүйлөөр сөзгө этият болуу керек. Апта аягында убактыңызды өзүңүзгө же кайрымдуулук иштерге жумшаганыңыз жакшы.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Букачарлар үчүн жуманын башталышы жагымдуу жагдайлар менен коштолот. Достуктун аягы сүйүүгө айлануусу мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр балдарын циркке же сейил багына алып барып, алардын эсинде каларлык күн тартуулоосу ыктымал. Апта ортосунда укук коргоочулар менен маселе жаралат. Бул аптадагы саякаттоо жакшы маанай алып келбей тургандыгын эске алыңыз. Жума аягында алыстан жагымдуу кабар угуп, жакшы эс аласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ызы-чуудан алыс, өзүнчө болуп, өткөн күндөргө саресеп салуу менен келечекке план куруңуз. Мончого же бассейнге барууну пландаган болсоңуз, аны ишке ашырыңыз. Бул жакшы энергия берип, чыйралтат. Шейшемби күнү жол кырсыгынан сак болуңуз. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү жаракатка кабылуу коркунучу чоң болгондуктан, спорттук мелдештерге катышпаганыңыз оң.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул апта активдүү күндөргө бай. Чөйрөңүз жаңы адамдар менен толукталат. Саякатка же кечелерге чакыруулар болушу мүмкүн. Ойлонбой макул боло бериңиз, аягы жаман болбойт. Жума ортосунда жубайлар же кесиптештер ортосунда келишпестиктер болуп кетүүсү мүмкүн. Жума аягында сүйүктүүңүз менен келечекти пландоо (мисалы, кезектеги эс алууну кайда өткөзүүнү) сизге ырахат алып келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жылдыздар сизге бул жума энергияңызды көп коротпоого кеңеш беришет. Болбосо карьераңыздагы жана башка иштердеги максатыңызды орундатууга күч калбай калат. Жакын туугандар менен араздашып кеткендер үчүн мамилени калыптандырууга ыңгайлуу учур.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Саякаттоого, диний маалыматтар жана улуттардын салттары менен таанышууга эң сонун учур. Жуманын ортосунда эс алуучу жайларга баш багып, бир топ акча коротууңуз мүмкүн. Пландалган романтикалуу кечелер бул жумада ойдогудай боло бербейт. Чоң иш кылууда жакындарыңыз менен кеңешүүнү унутпаңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көптөн бери чечилбей келген маселелер чечилет. Аптанын башында жагымдуу кабар угасыз. Кандайдыр бир темада үй-бүлөлүк талкууга баруу туура келет. Тездик менен чечим чыгаруудан сак болуп, бир аз убакыт күткөнүңүз абзел. Жума же жекшемби күнү кымбат баалуу эмерек же тиричиликке керек болгон буюм алууңуз ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Кесиптештериңиз менен мамилени жумушта гана эмес, жеке мамилелер жаатында да бекемдей аласыз. Апта ортосунда эмоцияга алдырчу окуялар чыгат. Буга айланадагы кошуналарыңыздын таасири чоң болот. Неси болсо да өзүңүздү колго алганыңыз оң. Апта аягында баары өз нугуна түшөрүн жылдыздар эскертишет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жуманын башталыш күндөрү ден соолугуңузга кам көрүңүз. Көнүгүүлөрдү жасап, массаж жасатууга да болот. Белек же башка буюм сатып алуу үчүн сүйүктүүңүз менен акча жаатында талашпаганыңыз оң. Үй жумуштарына көңүл буруп, оңдоп-түзөөгө убакыт бөлүңүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чыгармачылыкка көңүл буруп, балдардын акыл-эс кампасын кеңейтүүгө ыңгайлуу учур. Жуманын ортосунда сизге тиешеси болбогон ишке баш оорутпаганыңыз оң. Айрыкча бул туугандар ортосундагы мамилеге байланыштуу. Жакындарыңызды сюрприздер менен кубантам десеңиз, баары ойдогудай болоруна ишенип, ишке өтүңүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада үй-бүлөнүн камын ойлоо биринчи орунга чыгат. Бул үчүн сизден энергия жана чыдамкайлык талап кылынат. Дачада же бакчада иштөө сизге жакшы маанай тартуулайт. Каржылык тартыштыкты чечүү үчүн досторго кайрылууңуз мүмкүн. Апта акырында достордон бирге эс алууга чакырык түшөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта башында сизди жолугушуулар күтөт. Туугандар жана достор ортосунда бир топ маселелерди оңой жана тез чечүүгө жетишесиз. Жуманын ортосунда жакындарыңыз ортосундагы каржы маселелерин чечип алууңуз керек. Бул учурда эмоцияга алдырбоону жылдыздар сунушташат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 495, 27-апрель- 3-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан