21-22-апрель күндөрү КВНдин Орто Азия Лигасынын Астана шаарында өткөн чейрек финалынан «тамашоучулар» кубанычтуу кабар менен келишти. Биринчи күнү оюн көрсөткөн курама команда мыктылыгын далилдеп жарым финалга өтүптүр, болгондо да биринчи орун менен.
Жалпысынан ар өлкөдөн келген 13 команда катышып, алардын 11и алдыга озуп чыкты. КВНдин алпаруучусу Александр Масляков (кичүүсү) КВНдин редактору Михаил Гуликовго «сен «тамашоучулардын» мыкты даярдыгын билип эле атайын акыркы кылып койгонсуң» деп тамашалаптыр. Анткени КВНде мыктыларды дайыма оюнду жыйынтыктоочу кылып акырында чыгарышат эмеспи.
Андан сырткары «Тамашоунун» 2-курама командасы Алматыда өткөн Казак-Түрк Жогорку Лигасынан, 3-курама команда Премьер Лигадан биринчиликти илип келишти. «Тамашоу» долбоорунун жаш таланттарынын тамыр жайып, чет жактарга чыгып, кыргыздын атын чыгарып жаткандыктары кубандырбай койбойт. Андыктан оюнчуларыбызга кандай күчтүү атаандаш туш келбесин, чемпион болушуна үмүтүбүз чоң.
«Астанага барганга демөөрчү болуп берген агаларыбызга ыраазычылык билдиребиз» дешет «тамашоучулар».