1-май күнү Спорт Ордосунда казак ырчысы КАЙРАТ НУРТАСТЫН концерти өтмөкчү.
ДАНИЯР ЭРМАТОВ 6-майда Куршаб айылында бекер концерт бергенге камынууда.
“АК ШООЛА” балдар хору өткөн жумада борборубузда “жаштарыбыз эмнеге өз мекенибизде жашагылары келишпейт?” деген маселени көтөрүп, “Алтын уя” опереттасын койду. Аны көргөнү балдар, ата-энелер менен кошо бир топ саясатчылар келишти.
Ырчы КАЙЫРГҮЛ апасы Байтик баатыр-Донецк көчөлөрүнүн кесилишинен 1 бөлмөлүү батир белек кылганын айтып, так секире кубанып жүрөт.
АБИР КАСЕНОВ көптөн бери кыялданып келген ырын жаздырыптыр. “Мен сени сүйөм” аттуу бул ырды жакында www.super.kg сайтынан угуп баа бере аласыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
gulnara5
2012-04-30 11:54:31
КАЙРАТ НУРТАС Ош жакка келбейт бекен?
0
jhanibek
2012-05-04 16:49:17
gulnara5, барат болуш керек аш басып даярдана бергиле
0
jazyl
2012-05-02 19:13:10
daniyar ermatovtun koncertin beker devei ele koibopturda,maktanganyby emi
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.