МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
Каракол шаары бир учурда “жаштардын шаары” же болбосо “жашыл шаар” аталганы көптөрдүн эле эсинде бардыр. Андагы жашыл шаар эми көчөлөрү чаңга толуп, бопбоз шаарга айланып алганы зээнди кейитет. Бул келекалып жамандагандык деп түшүнбөңүз, окурман. Кеңсебиз жолдун боюнда жайгашкан. Ал эми кадимки чоң трассанын жолдору эми жаман аялдын жамаачы көйнө гүндөй эле (болгондо да борбордук жол). Уңкур-чуңкур болуп, топурагы өйдө көтөрүлгөн жолдор айдоочулардын эле эмес, жүргүнчүлөрдүн да зээнин кейитет. “Канча жылдан бери эле жолдорду жамаачыламыш этишет, эми таптакыр тамтыгы чыгып, чаңы көккө көтөрүлүп калды” дегенай - доочулар "чыйт" түкүрө кейип калышат. Иштер менен чуркап жүрүп Караколдун Пушкин" сейил багына туш келип калдым. Эмдиги көрүнүшү таптакыр мурунку даңкына туура келбей калган экен. Дегеним, бир кезде ата – энебизди кыйнап Караколдун сейил багына баруу бактысын айлап күтчү элек. Азыр келбетинен кеткен сейил бакта бир дагы аттракцион иштебейт экен. Бала деген бала да, баары бир ойногусу келет окшобойбу. Кароос уз калган сейил бакта алардын бир тобу селкинчектерге күүлөнүп, иштебей калганын колдору менен түртүп ойноп жүрүшөт. Алардын биринен сабак учурунда сумкасын көтөрүп эмне кылып жүргөнүн сурасам, башын жерге сала “дене тарбия сабагы болчу, агайыбыз кете бергиле деген. А бул жакка дайым ойногону келебиз. Майрамдарда бул жерлер сонун болуп калат. Азыр анча эмес” деди. Азыр анча эмес, абалы мышык ыйлагыдай экени көрүнүп турат. Скамейкалардын кай биринин сыры кеткен, кай бири сынган. Айрымдар эс алуу үчүн келип , жөн гана көк чөптүн үстүнө отуруп алып сүйлөшүп жатканын көзүм чалды. Аталган сейил бактын директору Шабдукадыров Шухрат менен жолугуп, бул маселе тууралуу бир аз маектештим.
– Сейил бактын жетекчиси катары бул абалына кандай баа бересиз?
– Эми көрүнүп турбайбы абалы. Менин иштеп жатканыма 2 жыл болду. Мага ушундай абалда эле колума тийген. Азыр өз жанымдан чыгарып бир аз акчага оңдоо иштерин жүргүзүп жатам. Мына азыр ширетүүчүнү чакырып ширетип баштадым (чын эле оңдоп жатыптыр).
– Жетекчи катары демилге көтөрүп, шаар тургундарын жардамга чакырсаңыз болбойт беле?
– Чакыргам. “Таза шаар үчүн” деген акция уюштурдум эле. Бирок эч кандай деле жардам болбоду. Колум-180 көчөт быйыл отургуздум.
– Шаардын көркү эле, бир убакта ушул сейил багы. Бул абалдан кантип чыгууга болот?
– Обладминистрация көңүл буруп, бир-эки эле аттракцион кошуп же иштебей тургандарды ремонттоп берсе, бул парк өзүн-өзү актап, бутуна туруп кетмек. Бирок ошол ишти кылганга эч ким чыгынбай жатат. Кызматкерлер жок. Баары кыскарып кеткендиктен, 8 гектар жерге 1 гана көчө тазалоочу бар. Ал эмнеге жетишип, кантип баарын тазалайт? Отургучтар, таштанды салуучу челектер жетишпейт. Азырынча абалдан кантип чыгууну айта албайм. Бул менин да шаарым, бирок...
Айтмакчы, шаар тургундарынын көйгөйү бир гана көчөлөр эмес, таза суунун жоктугу да экен. Бул маселеге кийинки сандарыбызда кайрылабыз.
Нуржамал Жийдебаева