«ММКны колдоо борбору» фондунун жетекчиси Алмазбек Курманкалиев: «СУПЕР-ИНФО» – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ГЕЗИТТЕРДИН ФЕНОМЕНИ»

"Супер-Инфо" гезитинин туруктуу өнөктөштөрүнүн бири – "ММКны колдоо борбору" фонду. Эске салсак, буга чейин ак-кара түстө чыгып келген гезитибиз 2004-жылдын февраль айынан тарта ушул фонддун басмаканасынан түстүү гезитке айланган эле. "Супер-Инфонун" ийгилигине ортоктош болуп келе жаткан басмакананын жетекчиси менен маек.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

1972-жылы 8-августта Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн.
Кыргыз политехникалык институтунун өндүрүштү автоматтык башкаруу бөлүмүн аяктаган.
2009-жылдан бери «ММКны колдоо борбору» фондун жетектеп келет.
Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун сүйүктүү атасы.

– Алмазбек Өмүрбекович, «ММКны колдоо борбору» фонду качан негизделген? Тарыхына кыскача токтоло кетсеңиз.
– Кыргызстандагы «ММКны колдоо борбору» фонду ЮСАИД агенттигинин колдоосу менен ачылган. 2002-жылдын 17-июлунда АКШнын Мамлекеттик департаменти биздин өлкөдө көз карандысыз гезиттик басмакана ачуу долбоорун иштеп чыгып, «Фридом Хаус» коому менен келишим түзгөн. Ошентип, 2003-жылы 14-ноябрда өлкөбүздүн жана АКШнын коомдук ишмерлеринин катышуусунда басмакананын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өткөн. Бул фондду ачуу менен, эң биринчиден, көз карандысыз маалымат каражаттарына эркиндик алып келдик. Эсиңерде болсо керек, Акаев бийлиги учурунда көз карандысыз маалымат булактарына кысым жасалып, алардын басылып чыгышына бөгөт болчу.
Экинчиден, калкыбызга түстүү гезиттерди тартууладык. Ар бир окурманды, өзгөчө жарнама берүүчүлөрдү түстүү беттер кызыктырары белгилүү. Үчүнчүдөн, заманбап техникаларды алып келип, иштин жүрүшүн, гезиттердин сапатын жакшырта алдык. Билинбей эле биздин басмакананын ачылганына 9 жылга аяк басыптыр.

– Бул долбоорду өнүктүрүп кетүү деле оңойго турбаса керек?
– 2002-жылы мага бул долбоорду сунушташканда дароо макул болуп, алгач техникалык адис катары жумушка орношкон элем.
Эсиңерде болсо керек, ошол жылдары электр жарыгы тынымсыз өчүп турчу. Бул жумушубузга далай жолу кедергисин тийгизип, дизелдик генератор алууга мажбур болгонбуз. Ошол генератор бүгүнкү күнгө чейин керегибизге жарап келе жатат. Алгач жамаатыбызда 10го жакын гана кызматкер иштечү. Жумушчу күчүнүн жетишпегенинен улам үй бетин көрбөй, күнү-түнү иштеген учурларыбыз болгон. Азыр Кудайга шүгүр, өз ишин билген, тажрыйбалуу 50гө жакын кызматкер иштеп, айына 100дөн ашуун гезиттин түрүн басып чыгарышууда.
Биздин фонд гезит чыгаруу менен чектелип калбастан, басылмалар арасында ар кандай сынактарды уюштуруп, жыл сайын алдыңкы гезиттерге сыйлык тапшырып келет. Мисалы, сиздердин гезит 3 жыл катарынан Улуттук гезит сыйлыгынын "Жылдын нускасы" наамына татыса, жетекчиңиздер Кылычбек Султанов 2008-жылдын "Жылдын медиаменеджери" деп табылган. Бирок быйыл биздин фонддун Байкоочу кеңеши бул салтыбызды токтотууну чечишти. Анткени "Супер-Инфого" атаандаш гезит жок болгондуктан, сынагыбыздын элге кызыгы болбой калды.

– Басмакана жетекчиси катары учурдагы гезиттерге кандай баа бересиз?
– Жетекчи катары бизден басылып чыккан ар бир гезитти окуп чыгам. Мейли ал балдар гезити болсун, мейли ал шоу-бизнес тууралуу болсун. Учурда эң өтүмдүү, элдин суроо-талабына ээ болгон гезит «Супер-Инфо» болуп жатканы баарыбызга эле белгилүү. Аны Кыргызстандагы гезиттердин феномени деп атоого арзыйт. Анткени ал ар тараптуулугу, маалыматтарга бай экендиги, дизайны, жаңы технологияларды, мисалы, инфографиканы колдонуп жаткандыгы менен айырмаланып турат. Анан да «Супер-Инфо» Кыргызстандын бардык аймагына тараган бирден бир гезит. Гезитиңердин дагы да өнүгүүгө потенциалы зор. Андыктан сиздердин жамаатыңыздарга ийгилик каалайм.

– Келиңиз эми, чыт курсак бала кезиңизге кайрылалы. Кайсы жердин кулуну болосуз?
– Түбүм Ак-Суу районунун Энчилеш айылынан болот. Бирок Бишкекте төрөлүп, бул жакта окуп, өсүп калдым. Шаарда чоңоюп ак кол болуп калдым дегенден алысмын. Жайкы каникулда ата-энем сөзсүз айылга жиберчү. Ал жактан картошка отоп, түптөп, балдар менен ойноп балалыгым кызыктуу өткөн. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз политехникалык институтунун өндүрүштү автоматтык башкаруу бөлүмүнө тапшырып, аны кызыл диплом менен аяктадым. Көп окуп, көп изденүүмдүн натыйжасында бүгүнкү даражага жетип отурам.

– Сиздин мындай даражага жетишиңизге жеңебиздин да салымы зор болсо керек?
– Албетте, үй-бүлөм мени бардык жагынан колдоп, дем-күч берип келет. Жубайым Чынара экөөбүздүн бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 17 жыл болду. Учурда 2 кыз, 1 уулду тарбиялоодобуз. Жакында улуу кызыбыз француз тили боюнча республикалык олимпиадада 1-орунга жетишип, бизди кубантып отурат. Бош убактым боло калса эле балдарымдын кашында болгонго аракет кылам. Алар менен тоого чыгып, сейил бакка барып эс алууну жактырам.

 Кыстарылган видео 
"Супер-Инфо" - Кыргызстандагы гезиттердин феномени"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан