«Супер-Инфонун» 10 жылдык мааракесине карата оюн-утуштун Кемин району боюнча жеңүүчүсү Айнагүл Кобогонова: «ТАМГА ТААНЫГАНДАРДЫН СҮЙҮКТҮҮ ГЕЗИТИ БОЛСУ

– Эже, байгеңиз кут болсун.Белек утам деп ойлодуңуз беле?
– Утарыма 100 пайыз ишенгем. Анткени мен гезитти алгачкы санынан баштап калтырбай окуп, чогултуп келем. Ал тургай сиздердин редакциядан чыккан «Супер сканворддор», «Акыл-эс майданы» деген гезиттердин да ар бир саны сакталуу. «Супер-Инфонун» оюндарына катышып, далай жолу акчалай сыйлыктарга ээ болуп келгем. Эсимде, алгачкы жолу 100 сомдук утушума кызыма шым сатып алып кийгизген элем. Кечээ кызыма сүйүнчүлөсөм, ошол күндү эстеп жатпайбы.

– Гезитибиздеги кайсы рубрикалар сизди тартат?
– Мен үчүн гезиттеги ар бир макала кызыктуу. Гезит колума тиери менен алгачкы бетинен баштап, акыркы жарнама бетине чейин окуп чыгам. Эч убакта анан окуйм деп коё салбайм. Колума алдымбы, окуп бүтмөйүнчө турбайм.

– Үйдө электр мешиңиз бар беле?
– Кеминдеги заводдон чыккан мешим бар. Ага нан эле жасачумун. Буга ар кандай даамдарды да жасоого болот экен. Аябай сүйүнүп турам. Сиздерге чоң рахмат! Бүт тамга тааныгандардын сүйүктүү гезити болуп, нускасы күн санап өсө берсин!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан