«Супер-Инфонун» 10 жылдык мааракесине карата оюн-утуштун Ысык-Көл району боюнча жеңүүчүсү Кульжекан Курманова: «КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВго ИШЕНИЧИБИЗ ЗОР»

– Эже, байгелүү болушуңуз менен куттуктайбыз! Уулуңуз белегиңизди алып кетти эле, дарегиңизге жетсе керек...
– Ооба, алары менен салып жибериптир. Силерге чоң рахмат! Ушинтип окурмандарыңарга байгелүү оюн уюштурганыңарга. Мындан ары да өркүндөп-өсө бергиле.

– Биздин гезит менен качантан бери байланыштасыз?
– 10 жылдан бери, “Супер-Инфо” тамтуң баскандан бери эле үзбөй окуп келе жатам. Ар тармактуу, кызыктуу гезит. Өзгөчө “Алтын балалык”, “Сандан-санга” рубрикаларыңар жагат. Неберелерим да билишет, “жомок окуп бериңизчи” деп дароо гезитти көтөрүп келишет. Жайында Москва шаарында 2 ай жүрүп келдим. Ал жакка да жетет экен. Баары кызыгып окуп жатышканын көрүп, ичимден жетекчиңерге ыраазы болдум. Азамат жигит экен! Кечээ жаңылыктардан Кылычбектин КТРКнын Байкоочу кеңешине төрага болгонун да угуп, аябай сүйүндүк. Биздин ага болгон ишеничибиз зор.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Asus84
2012-05-07 10:22:14
Кылычбек Султановду биз да куттуктайбыз!!!
0
Abrorbek
2012-05-11 16:54:42
салам!куттуктаймын!ийгилик!супер инфо менен баардыгыбыз супер
+1
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан