Абактагылардан «акция»! «СИЗ АВТОУНАА УТТУҢУЗ»

“Урматтуу абонент! Сиз жүз миң сом утуп алдыңыз! Акчаңызды алыш үчүн алгач төмөнкү номерге бирдик жүктөшүңүз керек...” Балким, мындай чалуулар же СМС-билдирүүлөр сизге да келгендир. Бүгүн сөз учугу так ушул чөнтөк телефондун “оратор” алдамчылары тууралуу уланат.

“ИНИҢИЗДИН СӨӨГҮН АЛЫП КЕЛДИК”
Акыркы жылдары уюлдук телефон колдонгон адамдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу алдоонун жаңы түрү келип чыкты. Тагыраак айтканда, чөнтөк телефон аркылуу карапайым калкты алдоо көп кездешүүдө. Мындай жосунсуз жорукту кимдер, кандай жол менен жасап жатканын иликтеп көрөлү дедик.

Зуура Каримова, мугалим:
– Былтыр октябрь айында кечинде уктаганга даярданып жатсам, бирөө телефон чалып калды. Ал “Зуура эже, биз Орусиянын Сургут шаарынан келдик, ал жакта иштеген иниңиз аманат берип жиберди эле” деп коюп койду. Аз өтпөй кайра байланышып “эже, бизге акча жетпей жатат, 3000 сом кайрылышып туруңуз” деди. “Менде акча жок эле” десем, “кошуналарыңыздан сурап болсо да таап берип туруңузчу” деп жабышып алды. Анан кайра чалып “эже, эми мындай, иниңизди машина уруп, кайтыш болду. Анын сөөгүн алып келдик, биз азыр аэропортто турабыз, акча жетпей жатат” деп өчүрүп салды. Мен ошол жерден өзүмдү жоготуп, өкүрүп-бакырып ыйлап кирдим. Коңшу бөлмөдөн балам, сиңдилерим чыгышып, мени көрүп коркуп кетишти. “Эмне болду?” деп сурашканда “Жолойду (Зуура эженин Сургут шаарында иштеген иниси) машина уруп кетип, сөөгүн алып келишиптир” десем, баары ыйлашты. Мен ыйлап жатсам, тиги бала кайра-кайра “бизге акча таап берсеңиз” деп чалып жатты. Ошол учурда сиңдим “жеңеме чалып көрөлүчү” дегенинен Орусиядагы келиниме чалсак, иним өзү алып калды. Мен ыйлап жатам, ага сүйлөп жатам... “Өзүңсүңбү?” десем, “ооба, эже, менмин” дейт. Мен болсо “сени ушинтип жатышпайбы” деп ишенбейм. Өзүмө дагы деле келе албай титиреп да, ыйлап да жатам. Тиги кайра чалганынан коркуп эшикке чыга албай, кошунамдын жолдошун терезеден чакырдым. Ал ала койсо эле тиги эч нерсе сүйлөбөй коюп салды. Анан милицияга чалдык, алар “ишенбегиле, алар – телефондогу алдамчылар” деп коюп салышты. “Билайн” компаниясынын операторуна чалып, “ушул номер кайсы тараптан чалып жатат?” деп сурасак, алар “биз аны тактап бере албайбыз” дешти.
Алгач ал Оштогу агама чалыптыр, ал стресс болуп улуу агамдын телефонун бериптир. Тиги бала аларды да алдап “Бишкекте жашаган тууганыңар жокпу, акча керек болуп жатат” десе, “шаарда жалгыз эле эжеси бар” деп номеримди жеңем айтып бериптир. Ошентип, ал бир эле бизди эмес, бардык туугандарымдын жүрөгүн түшүрдү. Ошондогу абалымды айтпа, ошол бөлмөмө бир ай коркуп кире албай койдум. Тиги бала тынбай чала бергенинен телефонумду алмаштырып салдым. Таң атканча уктай албай титиреп, азыркыга чейин ошол кездеги телефондун коңгуроосундагы музыканы көчөдөн угуп калсам, жүрөгүм “шуу” дей түшөт.

"МЕНИ ДА АЛДООГО АРАКЕТ КЫЛЫШКАН"
Алданган адамдар үчүн уюлдук компаниялар кандай шарттарды түзүшкөн? Алар абоненттеринин кызыкчылыгын кантип коргошот? Ушул тууралуу билгибиз келип, өлкөдөгү эң ири оператор "Мегакомдун" кызматкери менен ой бөлүштүк.

Улан Барпиев, “Мегаком” компаниясынын пиар бөлүмүнүн кызматкери:
– Элди алдап жаткандар, мындайча айтканда, “аябай акылдуу” адамдар. Бул ишке катуу даярданышып, жакшы дикция менен сүйлөгөн адамды табышат да, ошол адам элге чалып “биз уюлдук компаниясынан чалып жатабыз. Сиз муздаткыч же сыналгы уттуңуз. Аны алыш үчүн мынча бирдик жүктөп коюңуз” деген сөздөрдү айтат. Албетте, эл ишенет. Биринчиден, сүйүнгөнүнөн эле чуркап барып баланска акча салат. Чалып жаткан адам кандай номер менен чалды, аны деле карабайт. Эгерде уюлдук компаниялар кандайдыр бир оюн-зоок иш-чараларды уюштура турган болсо, анда эң биринчиден, массалык маалымат каражаттарынын бардыгына белгилүү болот жана ошондой эле ар бир уюлдук компаниянын өзүнүн расмий сайты бар, ошого маалыматтар чыгат. Элге компаниянын кызматкерлери чала турган болсо, расмий номер менен чалып, чакырып, расмий түрдө белектерди тапшырат.
Бир жолу андай алдамчылар мага да чалышкан. Ушунчалык даярданган экен, аябай жакшы сүйлөп баштады “саламатсызбы? Биз уюлдук компаниядан чалып жатабыз” деп. Мен дароо эле күлкүм келди. Эмне дейт экен деп унчукпай бардыгын угуп турдум. Тиги сүйлөп бүткөн соң “ай, байкеси, сиз оператор болуп иштегиңиз келбейби?” дедим. “Кандайча?” деп тиги токтоп калды. “Мен “Мегакомдо” иштейм, бизге келип оператор болуп иштебейсизби?” десем, дароо трубканы коё салды. Биздин абоненттерди биз карабасак, башка ким карамак эле? Ошондуктан элге айтарым, алдамчылардын торуна түшө турган болсо, дароо эле бизге же милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылышса. Азыркы учурда биз да милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз.
Эгер жабыркаган адам кайсы жерден, кайсы терминалдан бирдик салгандыгын айтып, алдангандыгын далилдеп бере алса жана алдаган адам балансты корото элек болсо, анда салынган балансты кайра өзүнө которуп берүүгө жардам беребиз.

“АЛДАМЧЫЛАР – АБАКТАГЫЛАР”
Кезек милиция кызматкерлерине да жетти. Биз аларга "мындай шылуундар кимдер, ушундай иштер тууралуу арыздар көп түшөбү жана кармалган адамды кандай жаза күтөт?" деген суроолор менен кайрылдык.
Азис Бекенов, Чүй облустук ИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары:
– Телефондон алдоолор тууралуу 2008-2009-жылдары көптөгөн арыз-дооматтар келчү. Өткөн жылы жана быйылкы жылы мындай арыздар азайды. Калк деле бул алдамчылык экенин түшүнүп калды окшойт. Анын үстүнө Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери милиция кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып, бул ишке бөгөт коюуга аракет жасашууда. Алдамчылык тууралуу арыз түшкөндө иликтей келсек эле түрмөдө отургандар болуп чыгат. Анан кылмыш ишин иликтөөдө бизге бир топ кыйынчылык туулат. Себеби бизге түрмөдөгү адамдардын үстүнөн иш козгоп, иликтөөгө мыйзам жооп бербейт. Бул алдамчылык беренеси болуп эсептелип, мындай кылмыш жасаган адам 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылат.


ЭСИҢИЗДЕРДЕ БОЛСУН!

Элди түрмөдө отургандар төмөнкү жолдор менен алдашат:
1. “Сиздин номериңиз “Сүйүктүү” үч номердин бири болду. Сиз ноутбук уттуңуз. Биз сизди куттуктайбыз! Белегиңизди алуу үчүн алгач төмөнкү сандарды терип катталышыңыз керек!” деген сыяктуу СМС-билдирүү жөнөтүшөт же чалып айтышат.
2. Эгерде чоң суммадагы “байгелерди” сиздерге айтса (автоунаа, батир), “салыкка төлөйсүз, ал үчүн банкка эсеп ачып, акчаны ошол жакка салышыңыз керек. Ишенимдүү болсун десеңиз, бирдик аркылуу деле төлөп койсоңуз болот” деп эптеп өздөрүнө акча которууга шашылышат.
3. Паспортун же керектүү документтерин жоготуп алган адам жарнамага өзүнүн номерин чыгарып, таап алган адамдарды издейт эмеспи. Ошол номерге чалып “биз сиздин документиңизди таап алдык. Сүйүнчүсүнө бул номерге бирдик жүктөп коёсузбу” деп кылтакка илишет.
4. "Сизге Орусиядагы, Казакстандагы тууганыңыз аманат берип жиберди эле, келе жатсак бизди бажыканадан кармап, өткөрбөй жатышат. Бизге бирдик которуп туруңуз" деп да көп алдашат.


“БИР ҮЙ-БҮЛӨДӨН 46 МИҢ СОМ АЛДАП АЛГАНБЫЗ”

Ушунча болду эми элди кантип торго илишерин уккубуз келип, тааныштарыбыз аркылуу Бишкек шаарындагы СИЗОдо камакта отурган Сергей (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу жигиттин номерин алып, телефон аркылуу байланыштык (мыйзам боюнча СИЗОдо уюлдук телефон колдонууга болбойт. Бирок биз сүйлөшкөн жигит ээн-эркин эле телефондон сүйлөшүп жатты). Сергей бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мурда биз “уюлдук компаниялардын бириненбиз” деп телефон чалып, “сиз байге уттуңуз” деп айтчубуз же СМС жазчубуз. Мындай жол менен бир жолу аябай жолдуу болгонбуз. Бир кишиге машина “белек” кылып 28 миң сом, ал эми аялына батир “уттуруп” 18 миң сом тапканбыз. Аларга “салыкка төлөш керек, машинанын номерин каттоодон өткөрөбүз, эки күндөн кийин Бишкектеги чоң кафелердин биринен салтанаттуу түрдө ачкычты колуңуздарга тапшырабыз” деп алдадык. Алар Алайдан Бишкекке чейин келишти, “прикинь”! Анан бул жакка келген соң гана алданганын түшүнүштү (күлүп). Бирок бул эми эски ыкма. Азыр бул ыкма жакшы иштебей калды. Биз бул жактан атайын жакшы сүйлөгөн адамдарды даярдайбыз. Алар күнүнө болжол менен 60-70 адамды ар түрдүү жолдор менен алдап турушат. Ал эми "курмандыктарыбыздын" туугандарына чалып, алардын таанышы болумуш этип аты-жөнүн, жашаган жерин билип алабыз. Же документтерин жоготуп, издөөгө салганда номерин кошо беришет эмеспи. Анан ал номерге чалып аты-жөнүн айтабыз. Алдамчылыктын жаңы түрлөрүн ойлоп таап, “ачылыш” кылып турабыз. Алдангандардын кээси 200-300 сомго чейин, ал эми кээ бирлери 7-8 миң сомго чейин бизге бирдик которуп беришет. Мисалы, азыр “Мегакомдон” көп деле акча которо албай калдык. Ашып кетсе 80 сом алдайбыз. “Билайндан” чалып, "курмандыгыбыз" болгон адамга “707#1#, анан чалууну бассаңыз” дейбиз. Ал басканда которуу кызматы иштей баштайт. Андан соң 707#2#, алдай турган акчабыздын суммасын айтабыз, мисалы, 400 сом дейли, анан кайра торчону (#) терген соң өзүбүздүн номерди тердирип, чалууну басса, акча дароо бизге которулат. Ал өзүнүн номери менен “мыйзамдуу”, башкача айтканда, өз каалоосу менен которгон соң акчаны артка кайтара албайт. Себеби биз бирдикти дароо башка номерге которуп жиберебиз. Көрдүңбү?! Компания көрсөткөн кызматы үчүн комиссиясына 400 сомдон 20 бирдик кармап калат, калганы бизге “аман-соо” жетет. Анан ал баланстарды бул жактан тамеки же башка товарларга айырбаштап алабыз.

Мындай кылмыштардын көбөйүүсүнө ким күнөөлүү? Телефон чалып элди алдагандарбы, камактагылардын телефон колдонуусун токтото албаган тиешелүү кызматтарбы же сим-карталарды кардарлардан документтерди талап кылбай эле сата берген уюлдук компанияларбы? Балким, өз колубуз менен бирдик жүктөп берип, алданган соң милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылбай, бул ишке кайдигер мамиле жасаган өзүбүз күнөөлүү болуп жүрбөйлү?..

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Абактагылардан "акция"! "Сиз автоунаа уттуңуз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
arzuuular2012
2012-05-08 14:14:07
Биздин милиция кызматкерлери ошондой жол ачып бергени бир жагынан жабыркаган адамдарга жаман башка олколордо катуу тыйуу салынган деп угам, экинчиден абактагыларга тамак киргизбеген жакындары куноолуу алар тамак учун элди алдап жатышат чынбы бул дагы Исламда чоон куноолордон болуп саналат. Ыймандууу болойлу адамдар алдагандан корккула.
0
Kubanychbekkagan
2012-05-08 16:46:27
4-5 ай мурда уктап жатсам тааныш эмес телефон чалып калды. Трубканы алсам," Уктап жаттыныз беле? дейт. Ооба сен кимсин десем, тиги "каап, саат 7:30да КТРКнын туз эфиринен ГазПром тарабынан утуш ойнотулуп сиз 20мин утуп алдыныз, куттуктайбыз дейт. Дароо алдамчы экенин тушунуп не кылаар экен десем, утушту алып кетиш учун 3000 сом салык толошунуз керек. Ал учун Народныйдагы толом кабыл алуучу терминалга барыныз, бир аздан кийин кайра чалам дейт. Жарым сааттан кийин чалды эле мен
0
Beerland
2012-05-08 20:28:17
Kubanychbekkagan,
0
Kubanychbekkagan
2012-05-08 16:49:52
Жарым сааттан кийин чалды эле мен ооба Народныйга келдим деп койдум. Ал тигини басыныз муну басыныз дейт. Мен улам кайсыны деп жинди болуп убакыт откоруп отура бердим. Ошентип 20 минуттай единицасын короттум да. Эээ дос турмодогу эс алуун кандай отуп жатат десем эле унчупай коюп салган.
0
Knt
2012-05-08 20:35:51
Kubanychbekkagan, heheh uwintiw kerek alardy))
0
Саби
2012-05-09 13:12:52
бир жолу Бир тааныш эже баса албай кыйналып атам давления болуп деп жумушка келбей калды.Анан 1 жумадан кийин чыкты ону дагы деле жакшы эмес эмне болду деп сурасак корсо Россияда иштеген кызы бар экен аны дагы жогорудагыдай кылып алдап аварияга кабылдыабалы оор акча жоноткуло дептир андан кийин узулуп кетти деп айтышыптыр ал эже давления болуп доктур чакырышып андан кийин да жакшы боло албай больницага жатып чыккан
0
NUR.DIM
2012-05-09 18:22:17
Менин атам эки жыл мурун 3000(уч мин)сомго алданган. Квартира утуп алдыныз оз телефон номеринизге 3000салын деп салдырып бир заматта оздоруно которуп алып дайынсыз болушкан.
0
kyzia
2012-05-09 19:46:40
жакында менден дагы акча сындырайын деди эле оз калоом м-н бирдик жуктоп бердим
0
ALBIKA
2012-05-10 01:19:29
2008-жылы Россияда мага да смс жазышты.Активдуу абонент катары сиздин номериниз нокиа тел утуп алды деп.чалсам 300 рубльдук карта сатып ал деди,мейли деп сатып алып,кайта аларга чалсам,эми бизге кратанын номерин айтып кой дейт.Алдап жатканын тушунуп калдым да айтпай койдум.Мындан кийин да коп смстер келди бирок эч кимисине ишенбейм...Газетадан бир акцияга катыша койсом,600000р уттун деп смс келди.Мунун аркасынан да канча жолу буттум почтада калды...Мунун баары лохотрон...Ишенип кереги жок...!
0
zhookaev
2012-05-10 11:34:28
Мага да кооп чалган бирок убагында угуп билип калып кайра оздорун эрмектеген кундор болгон
0
Oshanka
2012-05-10 22:31:24
апама да чалышкан экен )))) президенттик аппараттан бир нерсе(эсимден чыгып атат) уттунуз деп))) мектепте сабакта отурганда, кийин чалгыла деп коюп салыптыр, уйго келгенде смс келип атпайбы))) бул номерге чалыныз деп, башында эле билип кулгонбуз ))) себеби 1кун мурун соседибиз алданганда 300 бирдик салып берген эле)))
0
Oshanka
2012-05-10 22:33:57
бир туруп кулкун келет бир туруп жинин келет алардын кылыгына
0
arziev.n
2012-05-10 23:39:09
Анын да айласын тапса болот,просто милиция кызматкерлери конул бурушпайт...
Ал эми операторлор да шарт тузсо болмок бири-бирине атаандаша беришпей...
0
ulan.90
2012-05-11 01:30:57
bizde abaktagylar aldasa. rassiada xakerler jinine tiyet. bir jolu sms keldi maga a4yp okusam. 3 min i4inde 3000 rubl sal dedi bir kyska nomerge. egerde salbasan telefonuna virus koe berebiz dedi olyp ketsin dep saldym 3000rub. sebebi telefonum kymbat telefon ele. salgandan kiyin oto kop raxmat aitkan sms bildiryy keldi akyrynda sizdin telefonunuzga virus tywty. yngaisyzdyk jaratkanybyz y4yn ke4irim suraibyz dep smilelik koiuptur. owodon kop otpoi ele telefonum iwtebei kaldy.
0
aNurkas
2012-05-12 00:50:08
oi maga dele kelgen go,kompyuter utunuz 50 000som utunuz dep.
0
tatakozy
2012-05-12 16:25:03
4 жыл мурда Москвада эжемдин телефонуна чалыптыр радио европаплюс сиз 60000 ноутбук уттунуз деп ишенип алып евросетке кирип карта алайын деп шашып анан продавец айтты лохотрон деп ишенип ишенбей акыры кетип калгам кийин квартирада дагы бироосуно машина уттун деп келиптир кулуп калганбыз)))))
0
Makentay
2012-05-14 00:33:13
мага кечээ чалды, аэропорттон посылка келди деп ))), менде роуминг иштейт, озум москвадамын, Бишкекке менин балам посылка бериптир ( мен бойдок болсом, кайдагы баланы айтышат)
0
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан