– Биз күйөөм экөөбүз тең катуу дүүлүгүп, жыныстык катнашта да узакка болобуз. Ушундан улам бойго бүтүрбөө үчүн салдырган спиралым жатынымдан сыртка чыгып кетпейби деп тынчсыздана берем. Ушундай болушу мүмкүнбү? Диля, Каракол.
– Тынчсызданбай эле коюңуз. Спираль сыртка чыгып кетпейт. Болгону спираль салдырган ар бир аял убак-убагы менен гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп туруусу керектигин эске алыңыз.
ЧЫГЫШ БИЙИ АДАМДЫ СЕКСУАЛДУУ КЫЛАБЫ?
– Угушума караганда, акыркы жылдары популярдуу болуп кеткен чыгыш бийинин аялдар үчүн да, эркектер үчүн да пайдалуу жагы бар экен. Себеби, бийлегендер сексуалдуу болуп чыга келишет имиш. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Бактыгүл, Каракол.
– Чыгыш бийинин денсоолукка пайдасы зор экендиги эчак эле аныкталган. Бул бий түрү жана твист менен эркектер да, аялдар да, өзгөчө төшөктө муздак айымдар көбүрөөк алагдылануулары керек. Анткени, аталган бийлерди бийлөөдө булчуң менен кошо жыныстык органдарда кан жакшы айланат. Кандын жакшы айлануусу болсо сексуалдык каалоону жаратат. Ал эми бир орунда узакка отуруп иштөөдө жамбаштагы топтолуп калган кандын жакшы тарабай калышы сезгенүүгө, башкача айтканда, ооруга алып келет. Бирок, чыгыш бийинин арты менен дароо эле сексуалдуу болуп чыга келүү мүмкүн эмес, буга дайыма машыгуунун аркасында жетүүгө болот.