Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Владимир Роговой
Сценарийин жазгандар – Борис Васильев, Кирилл Рапопорт
Оператору – Михаил Кириллов
Композитору – Рафаил Хозак
Башкы ролдордо – Алина Покровская, Георгий Юматов, Василий Лановой жана башкалар
Тарткан өлкө – СССР
Тасманын узактыгы – 1 саат 36 мүнөт
Бет ачары – 1971-жыл, 26-июль
БИР КЕСИП БАР, АТА МЕКЕНДИ КОРГОО ДЕГЕН
«Офицерлер» деп аталган советтик кинотасманы көргөн чыгарсыз. Көрсөңүз, анда жогорудагы фразанын фильмге түздөн-түз байланышы бар экенин айттырбай түшүндүңүз дей берели.
Владимир Роговой кадимки офицердин жашоосунун эң урунттуу учурларын бир жарым сааттык эмгекке батыра алган режиссёр катары башка кесиптештерине үлгү боло алды. Согуш тууралуу көп эле тарыхый окуялар экрандаштырылганына карабастан, биз сөз кылчу тасма бул жанрдагы эң ийгиликтүү советтик фильмдерден болгон. Тасманын маңызында көрүүчүлөргө таасир берүүчү чоң бир тарбиялык маани жатат. Мындай нерсени голливуддук блокбастерлер түшүндө да көрүшпөсө керек. Кызыгы, «ошол учурда элдин аң-сезиминин ойгонушуна зор салымын кошуп, адамдарды жакшы жашоого, патриоттуулукка үндөгөн фильмдер эмне үчүн «Оскар» же сыйлуу сыйлыктарга көрсөтүлбөгөн?» деген суроо туулат.
СОГУШ, ТУРМУШ ЖАНА СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ
Тасмадагы окуя 1920-1960-жылдар аралыгын камтыйт. Негизги каармандар – өмүр бою аскердик кызматта иштеген Алексей Трофимов, анын жубайы Люба жана жандай көргөн досу Иван Варавва. Офицер Алексей Трофимов менен Иван Варавва бүт өмүрүн аскердик кызматка арнаган кан достордон. Алардын достугу Түркстандагы басмачыларга каршы согуштан башталып, Улуу Ата Мекендик согуштан соң генералдык чинди алганга дейре уланып келет. Алексей жубайы Люба менен кызматына байланыштуу ар кайсы аскердик бөлүктө көчүп-конуп жашап, жетекчиликтин буйругун баш көтөрбөй аткарган аскер адамы. Уулу Егорду командири Егор Петровичтин атынан атаган. Ал эми досу Иван мекен деп жүрүп өзүн унутуп койгон сейрек кездешүүчү туруктуу аскерлерден. Мекенди коргойм деп ал үй-бүлө курганга да жетишкен эмес. Бирок Варавва досунун жубайы Любаны тымызын сүйөр эле. Карылыкка моюн сунуп бараткан генерал-полковник Иван Вараввадан Люба «эмнеге ушул күнгө чейин үйлөнө элексиң?» деп сураганда анын «сендей айымды таппай койдум» деп айтканы бар. Бирок Трофимов менен Варавваны бир айымга болгон сүйүүдөн да күчтүү кыйышпас достук байланыштырарын алардын бири-бирине жасаган кылдат сый мамилеси далилдейт. Алексей менен Люба уулу Егор Ата Мекендик согушта каза болгондон кийин небереси Иванды тарбиялап, аны да Суворов аскердик окуу бөлүмүнөн окутушат.
ЧЫНЫГЫ ЖАШООДО ТРОФИМОВ МЕНЕН ВАРАВВА – АТААНДАШТАР
Аталган тасма режиссёр Владимир Роговойдун дебюттук эмгеги. Трофимовдун ролундагы актёр Георгий Юматовдун ролуна режиссёр башка эле актёр алмак, анткени Юматов ичкиликке жакын адам катары белгилүү эле. Режиссёр съёмканы Юматов үзгүлтүккө учуратып салат деп корккон. Мындан тасманын репутациясына доо кетиши мүмкүн болчу. Мындан сырткары Юматов менен Варавванын ролундагы актёр Василий Лановойдун чыныгы жашоодо мамилелери салкын эле. Экөөнүн ортосунда күчтүү атаандаштык бар болчу десек да жарашат. Анткени Юматов Павел Корчагиндин ролун жаратууну бала кезинен кыялданып келген экен. Бирок кино жаратуучулар Юматовду эмес, ролго Лановойду тандап алышкан. Бул окуя таланттуу эки актёрдун мамилесин ого бетер начарлаткан. Ал эми «Офицерлер» тасмасы эки актёрдун бузулган мамилесин оңдоп, жараштырганга шарт түзүптүр.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
Лунара Бекиева
star@super.kg