БИР БҮРКҮМ СПОРТ КАБАРЛАРЫ...

"РЕАЛ" – ЧЕМПИОН!

  • Европада футболдук сезон аяктаарына аз калганда Германияда “Боруссия” (Дортмунд), Орусияда “Зенит”, Испанияда “Реал”, Голландияда “Аякс” жана Португалияда “Порту” өлкөлөрүнүн Биринчилигинде чемпиондуктарын мөөнөтүнөн мурда камсыздашты.
  • 22-апрелде өткөн Формула-1 боюнча Бахрейндин Гран-Присин (сезондогу 4-жарыш) Себастьян Феттель утуп алды (Red Bull). Экинчиликти Льюис Хэмилтон (McLaren), үчүнчүлүктү Марк Уэббер (Red Bul) камсыздады.
  • Бокс тарыхындагы эң карт чемпион, америкалык Бернард Хопкинс 28-апрелде чемпиондук наамын мекендеши Чед Доусонго тарттырып жиберди.
  • 12-майда стол тенниси боюнча ММК өкүлдөрүнүн арасында КТРК менен “Казына.kg” сайтынын кубогу үчүн республикалык мелдеш өтөт. Сурап-билүү телефондору: 0559 97-91-27, 0555 00-18-93.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан