«Супер-Инфонун» ардагер жетекчилеринин бири Канымжан Усупбекова: «ЖЕТЕКЧИҢ МЫКТЫ БОЛСО БАЙЫЙСЫҢ»

Канымжан эже 2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейин редакцияда жетекчилик кызматты аркалап келет. Биз, кабарчылар, ич ара аны "кеңешчи апаке" деп атап алганбыз. Анткени ага мейли жумушубузда, мейли жеке турмушубузда жаралган маселелер боюнча кайрылсаң, дайыма кеп-кеңешин айтып, туура багыт берүүгө аракет кылат. Каарманыбызды "Супер-Инфонун" 10 жылдык мааракесине арналган маек төрүбүзгө чакырганымда өткөн күндөрдү сыймыктануу менен эскерип отурду.

Каарманыбыздын жердиги – Талас.
Билими боюнча журналист.
Учурда «Супер-Инфонун» шеф-редактору.
Бир уулдун сүйүктүү энеси.

– Мен "Супер-Инфого" келгенге чейин башка редакцияда иштечүмүн. Биздин редакция "Супер-Инфонун" кеңсеси жайгашкан имаратта эле. Бир күнү тепкичтен "Супер-Инфонун" ошол кездеги жетекчилеринин бири Атыркүл Сыдыкова менен жолугуп калдым. Аны мен сыртынан таанычу элем. Атыркүл "эже, сизде даяр сериал барбы?" деп кайрылганынан, "азырынча жок" десем, "анда биздин гезитке макала жазып көрбөйсүзбү" деп сунуштады. "Макул, жазып келейин, карап көрөсүңөр да" деп ошол жумада, эсимде, дүйнө жылдызы Пенелопа Крус жөнүндө макала жазып келгем. Ал чыккандан кийин келерки аптага дагы бир материал жазып бардым. Ал да жарык көрүп калды. Атыркүл "бизде жооптуу редактордун орду бош, келип иштебейсизби" дебеспи. Ошентип, Кылыч Камчыевич жана Атыркүл болуп чогуу сүйлөшүп, алгачкы күндөн тарта эле "Супер-Инфодо" жооптуу редактор болуп иштеп калгам.

Канымжан Усупбекованын бул редакцияда иштеп келе жатканына быйыл туптуура 9 жылдын жүзү болуптур. Ал "Супер-Инфонун" тамтуң басканынан бүгүнкү күндөгү ийгилигине чейин күбө болуп келе жаткандардын бири.
– 9 жыл айтканга оңой болгону менен, иш жүзүнө келгенде көп эле кыйынчылыктар болгон. Кыргызда "башчың жакшы болсо баскан жолуңдан адашпайсың" деген жакшы кеп бар. Жетекчибиз Кылычбек Камчыевичтин келечекти көрө билген кеменгерлигинин, жамааттын бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымагынын аркасында гезит бүгүнкү деңгээлге жетип отурат. Жетекчибиз баш болуп, күнү-түнү изденүүнүн үстүндө жүрөр элек.
Ошол кездеги кызматкерлер макала жазып гана тим болбостон, гезитти жарнамалоо ишин да өз колубузга алганбыз. Ар бирибиз аймактарды бөлүп алар элек. Мисалы, Азиза менен Гүлмира "Ош базары" тарапка, мен филармониянын жер өткөөлүнө, анан "Дордойдун" бут кийим сатчу катарына барып сатчумун. Эсимде, менин төбөм көрүнгөндө эле кардарларым "Супер" келе жатат, акчабызды камдайлы" деп даярданып калышчу. Биз гезитти сатып гана тим болбостон, ар бир окурман менен баарлашып, ой-пикирлери менен кошо кандай темалар кызыктырары тууралуу да билип кайтчубуз.
Өткөн кезди эстеген сайын Чүй- Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги байланыш түйүнү көз алдыма тартылат. Ал кезде чөнтөк телефонум жок эле. Бирөөнүн жаңылыгын билүү же кыскача маек алуу үчүнбү, ошол байланыш түйүнүнө келип телефон чалчумун. Кээде сүйлөшсөм, кээде күтүп отуруп да сүйлөшө албай кетчү элем. Ошондо бул имаратты "көкөйгө тийген көк имарат" деп атап алгам. Бул түйшүктөн Кылычбек Камчыевич Жаңы жылда уюлдук телефон белек бергенде гана кутулдум. Ошондо тааныштарыма мактанып, "эми көкөйгө тийген көк имаратка барбайм" деп сүйүнгөнүм али күнчө эсимде.
Ал кезде азыркыдай кеңсе, шарт жок. Компьютерлердин жетишсиздигинен улам түн бир оокумга чейин калып иштеген күндөр болду. Мындай учурларда жетекчибиз кечки тамак уюштуруп, үйүбүзгө чейин жеткирип, күндүзү шефтин милдетин аткарса, кечкисин айдоочулук кызматты аркалачу.

Жаңы келген кабарчылардын арасынан "менин макаламды ошол эже текшереби? Аябай катаал экен" деп тайсалдагандарын көрүүгө болот.
– Жаңы келген кабарчылардын көпчүлүгү "Супер-Инфодо" тартип катуу деп кабыл алуулары мүмкүн. Бирок бизде бардыгы өз орду, чеги менен. Эгер тартип болбосо, анда чоң ийгилик жаралбайт. Тартип жана талапты, чоң максатты мен "Супер-Инфого" келгенде көрдүм.
Негизинен, көпчүлүктөн "катаалсыз" дегенди угам. Мен башынан айтып келем, "таанышыңа айыпсыз калп айтып, алдашың мүмкүн, бирок жалпы окурманды алдай албайсың. Анткени бир гезитти бир үйдөн эле 4-5 адам окуйт. Андыктан ага чындыкты жазышың керек. Болбосо баары бир эл билип, уяткарып коёт" деп. "Жазган макалаңды жөнөкөй тил менен жаз, толук маалыматты бере бил" деген талап коём. Мезгилдин өтүшү менен баягы мени "жаман көргөн" кабарчылардын макалалары сыйлыкка татып, рахматын айтпаганын көрүп ал.
Жаңы келгенде журналисттердин көпчүлүгү айтар оюн так бере алышпайт эмеспи. Мисалы, кайсы бир кабарчы жаңы келгенинде бийчилер тууралуу жакшы жазып келе жатып эле, анан "бийчилер милициянын дубинкасындай ийилет, тим эле чиркин..." деп сүрөттөп салыптыр. Окуп алып бир топко чейин күлгөн элек.

Канымжан эже "Супер-Инфонун" ардагери катары "дарак бир жерден көгөрөт. Жакшы иштегиле. Биздин жамаатта силердин ар бир кылган ишиңер сөзсүз бааланат, сыйлыкка татыйт" деп ар бир кабарчыга дем-күч берип келет. Өзү да бул сыйлыктардан куру эмес.
– Кылычбек Камчыевичтин мыкты сапаттарынын бири бул – адамдын эмгегин баалай билгендиги. Жетекчибиздин колунан канчалаган баалуу белектерди алдым. Уюлдук телефон, телевизор, баалуу капчык, картиналар... Эң чоң белеги бул – 2010-жылы мага тартуулаган темир тулпар. Мен муну "Супер-Инфодон" алган экинчи унаам деп билем. 2003-жылы, ал кезде редакция деле бай эмес эле, ошого карабай Кылычбек Камчыевич "мен сизге айлыгыңызга кошумча акча кошуп берип турайын. Ошону чогултуп, жыл аягында машина алыңыз" деген эле. Тилекке каршы, айлык аз, катыштар да бар дегендей, бөлүнгөн акчаны чогулта албай калгам. "Башчың жакшы болсо байыйсың" дегендей, башында иш 1 кабинеттен башталса, азыр 5 кабаттуу кеңсеге да батпай келет. Мындан сырткары кызматкерлерге жыл сайын сыйлыкка унаа, чет өлкөлөргө жолдомолор берилип келе жатат. Бул байыгандык эмей эмне? "Супер-Инфодо" иштеп, агарып-көгөрүп келе жатканыма сыймыктанам.

Кылычбек Султанов Канымжан эже жөнүндө
– Канымжан эже бизде иштеп калгандан кийин бир гезит кожоюну менден "Канымжан Усупбекованын мындай кыйын журналист экенин билгенде өзүбүздө эле алып калмак экенмин. “Супер-Инфо” кыйынбы же Канымжанбы?" деп сураганы эсимде. Негизи, “Супер-Инфонун” мектебинен далай мыкты журналисттер тарбияланып келе жатканы талашсыз. Балким, мындай таланттуу, дилгир журналистке мурдагы иштеген жеринин шарттары туура келбеген чыгар деп ойлойм.
Канымжан эже мен сыяктуу тактыкты аябай жактырат. Кээде аша чаап кабарчылардан тактыкты талап кылганында “өтө майда нерселерге көңүл бура бербеңиз” деген учурларым болгон.
Кабарчыларды тарбиялоо жагынан да бүгүнкү күнгө чейин мага чоң көмөк көрсөтүп келет. “Супер-Инфодо” мындай кадрдын иштеши сыймык.


Дамира Арстанова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Супер-Инфонун" ардагер жетекчилеринин бири Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 497, 11-май-17-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан