Кыргыз шоу-бизнесинде талкуу жаратуу жана артынан ушак ээрчитүү жагынан «рекорд» койгон сулуу Бактыгүл Бадыева кеңсебизге келип, окурмандарыбыз менен түз байланышта болду. Кечигип келген ырчыга кирери менен суроолор жабылды. Көпчүлүгү ага каалоо-тилек айткандар жана жеке суроо менен кайрылгандар болду.
Айдана, Бишкек:
– Сиздин кызыңыз бар, азыр ал чет мамлекетте жашайт деп угабыз. Ошол чынбы?
-Жок, туура эмес маалымат алыптырсыз. Эгер кызым болсо, азыр жанымда мени менен жашамак да.
– Эмнеге сиз жөнүндө көп ушак тарайт?
-Эгер азыркы күндөгүдөй Бактыгүл болбосом, анда эч ким мен жөнүндө айтмак эмес. Мен ийгиликтүү, эл көзүнө көрүнгөн адам экенмин, ошондуктан мен жөнүндө кеп козгоп жатышат.
Асема, Бишкек:
– Кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз? Акчасы, машинасы жок өзүңүздү элестете аласызбы?
-Баарыбыз эле асмандан түшүп машина, үйлүү болуп калган эмеспиз да. Атам бар учурда өтө эле жакшы турганбыз, андан кийин деле кийимибиз бүтүн, курсагыбыз ток болуп чоңойдук. Мен үчүн, негизги байлык, аманчылык, ден соолук. Машина, үйүм жок болсо деле өлбөйм, жашап кете алам.
– Неля эже менен мамилеңиз барбы? Азыр Урмат байке менен сүйлөшүп турасызбы?
-Алар сахналаштарым болгондуктан, көрүшкөн жерден учурашып турабыз, мамилебиз жакшы, саламыбыз түз.
Назгүл, Балыкчы:
– Качан турмушка чыгайын деп жатасың? Жогорку жакта иштегендер менен да жүрөт деп угам, ошол чынбы?
-Кудай билет, качан турмушка чыгарымды. Көп жылдан бери жүрөгүм бош эмес. Жогорку жактагылар менен сүйлөшөт десе жакшы, эң негизгиси, ылдыйкы адамдар менен сүйлөштү деп жабыштырышпаса эле болду.
Бермет, Бишкек:
– Кайрымдуулук иштерине кандай карайсыз?
-Чыгармачыл жолго кадам таштагандан баштап, кайрымдуулук иштери менен алек болуп жүрөм. 2009-жылы жеке концерт бергенимде да карылар жана балдар үйүндөгүлөрдү өзүм автобус менен алып келип, белектерди өз колум менен бергем.
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА WWW.SUPER.KG САЙТЫБЫЗДЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫ КАЛТЫРГАН СУРООЛОРГО ДА ЖООП БЕРДИ.
Emaela:
– Турмушка чыкты, төрөдү деп да угабыз. Бул кептин канчалык чындыгы бар?
-Турмушка чыга элекмин. Учурда сүйгөнүм бар, аны менен келечектеги жакшылык күндөрдү бирге пландап жатабыз. Буюрган күнү той да болот. Жашоодо, менин оюмча, негизгиси, паспортко басылган мөөр эмес. Эң негизгиси, сүйүү, бири-бирин түшүнүү. Паспортуна штамп бастырып алып, эки жыл жашап-жашабай ажырашып деле кетип жатышпайбы. Жигитимди мен мага берилген белек катары кабыл алам. Ошого ыраазымын.
zhyldyzbek88:
– Болочок жолдошуң сахнадан кет десе кетет белең?
-Жолдошум кет десе кетип деле калам, анткени мен үчүн үй-бүлө кымбат. Бирок жигитим антпейт. Ал чыгармачылыкты түшүнгөн, мени колдоп турган адам.
nurbaKG:
– "Токмокто мектепте окуп жүргөн кезинде базарда соода кылчу" дешет сени, ушул чынбы?
-Кичинекей кезден тартып эле эмгектенип жүргөм. Таңкы саат 4тө Бишкекке келип жемиштерди жүктөп, 8ге чейин Токмоктун базарына өткөрүп, 8де сабакка барчумун. Сабактан келип тамак жасап, апамды тосуп алчумун. 4-класста тамак жасап, 13 жашта лагман чоюп, манты түйүп калгам.
Биз төрт бир тууганбыз, апам төртөөбүздү тең жалгыз бакты. Улуу эжелерим окууга тапшырып, апама жалгыз кыйын болгон. Ошондуктан мен каралашчумун. Башымдан ошондой нерселерди өткөрбөсөм, азыркы деңгээлге жетет белем?
Adikalon:
– Бизнес чөйрөсүндө иштеген оорбу же ырчылык кесиптеби? Таразалап көрдүңүзбү?
-Экөө тең өтө кыйын. Оңой жумуш жок, оңоюнан акча табылбайт. Бирок жүрөгүңө жакын нерсе болсо, бирдей алып кеткенге аракет кыласың.
beka123:
– Мен инимди бала бакчага алып барган жерге сиз да бир баланы алып барасыз, сизди көп көрөм. Ал ким, балаңызбы же иниңизби?
-Үйдүн кенжеси болгондуктан, ушул күнгө чейин бир да жолу бала бакчага бара элекмин. Адашып башка бирөөнү көрүп алсаңыз керек.
Aleesia:
– Сүйгөнүңүз башкага үйлөнүп алса бакыт каалайсызбы же бактысыздыктыбы?
-Мен душманыма да бир гана жакшылыкты каалайм. Ушул күнгө чейин эч кимге жамандык кыла элекмин. Эгер бир нерсе болбой калса, ага капа болбош керек. Бир эшик жабылса, экинчи эшик чоң ачылар, балким.
borsok2:
– Сизди кримчөйрөдөгү Камчы Көлбаев менен жакын байланышта деп уккам. Жигитим бар деп жүрөсүз, ал Көлбаевби?
-Мамилем жок аны менен. Жигитим башка адам.
кaitpas:
– Сени саясатчылардан кимдир бирөө колдойт деп уккам, эгер сыр болбосо, ал ким?
-Саясатчылардан ушул кезге чейин мени эч ким колдогон эмес, колдобойт, келечекте да колдобойт деп ишенем.
tatakozy:
– Сүйгөн жигитиң "досуң жакпайт, достошпо" десе кантесиң?
-Эгер илгери досчулукту танда десе, мен досту тандамакмын. Кандай достор бар экенин көрүп деле калбадымбы, начар досторду көрдүм. Азыр сүйүүнү тандайм.
jazim:
– Адахан Мадумаров менен мамилеңиздер кандай?
-Чынын айтайын, биз тааныш эмеспиз. "Мен Бактыгүл" деп кол кармашып тааныша элекпиз. Бири-бирибизге бет келген да эмеспиз.
jakusya:
– Ушактардан тажаган жоксузбу?
-"Ит үрө берет, кербен жүрө берет" дегендей, эл сүйлөй берет, мен алдыга карай жүрө берем. Өзүңөр деле айтсаңар, неге менден башка ырчыларды сөз кылбайт. Анткени алар менчелик популярдуу эмес. Исламда айтылат го, "канчалык сени сөз кылышса, күнөөң кечирилет" деп. Мени сөз кыла беришсин, мен тазалана берем.
Барби:
– Сенин бой көтөргөнүң жакпайт мага!..
-Адамды билмейинче, сыртынан бой көтөргөндөй сезилиши мүмкүн. Мени менен сүйлөшүп көргөндөн кийин гана билет, кандай адам экенимди. Бой көтөргөнгө бой көтөрөм, жөнөкөйлөргө жөнөкөй мамиле кылам. Мендей жөнөкөй ырчылар аз эле болсо керек шоу-бизнесте :).
– Жиниңди кантип таратасың? Мүмкүн, тамеки тартып, клубга барып...
-Клубга барып тамеки тарткандан жиниң тарабайт. Ким жиниме тийсе, жинимди ошол адамдан чыгарам.
Lovely:
– Кайсы гезит бетин ачпайын, сиз жөнүндө эмне жаңылык окубайын, ар убак "менин жигитим, менин сүйүктүүм" эле деп жүргөнүңүздү байкайм. Ар дайым эле жигитиңизди кыпчый бериштин зарылчылыгы чоңбу?
-Мен жөн эле отуруп алып жигитим мындай, тигиндей дебей элемин да. Жигитим тууралуу элге кызык болуп сурап жатышат, мен жооп берип жатам.
hukker777:
– Күткөндү жакшы көрөсүзбү же күттүргөндүбү?
-Чынын айтсам, экөөнү тең жаман көрөм. Бирок кээде шарт ошондой болуп, бүгүнкүдөй күттүрүп калган учурлар болуп калат.
Асылжан:
– Плагиат дегенге кандай көз караштасыз? Кийим кийүү, ырдоо стилинде бирөөлөрдүкүн туурап көрдүңүз беле?
-Эгер ыр жагып калса, ырдагандын эмнеси жаман? Азыр бир кытайча ыр жагып жатат, ошону кыргызчаласамбы деп жүрөм. Биз эле эмес, бүт баары, казак, өзбек, орус болобу, плагиат кылып которуп эле жүрүшөт. А бирок ушул кезге чейин бирөөнү туурап ырдап, кийине элекмин.
"СУПЕР-ИНФОДОН" СУРООЛОР
– Жашоодон алынган ырларың барбы?
-«Кайгырбаймын», «Жашоо жалган», «Жүрөк тагы», «Прости», «Кетчи эми» – мунун баары турмуштан алынган ырлар. «Жалгызым» деген ырымдын кайырмасын өзүм жазгам, азыркы жигитиме арнап.
– Чыгармачылык сен үчүн...
-Чыгармачылык оору дагы, дары дагы десем болот. Кайгырганда да, кубанганда да ырдагың келет. 8 жыл сахнада болдум, ал убакыт 8 күн эмес, 8 жума эмес. Ошонун арасында көп нерсени көрдүм. Ырчылык стабилдүү эмес, той, кече болбосо бизде акча жок. Эл катары ток жүргүң келет да. Ошондуктан бизнес керек, жеке жашоону алып кетиш керек. Баарын чыгармачылык үчүн курмандыкка чала албайм.
– Популярдуу болуш кыйынбы?
-Популярдуулуктун жакшы жана жаман жагы да бар. Жаман жагы, эркиндик азыраак болуп, кенен баса албай каласың. Бирок ошол эле учурда пайдалуу жагы өтө эле көп.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg