Гезитибиздин 10 жылдык мааракеси кан кызыткан футболдук таймаштар менен коштолорун билсеңиз керек. 26-27-май күндөрүнө белгиленген таймаштарга катышуу тилегин билдирген 14 команданын курамдары менен тааныштырууну баштайбыз.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
“Супер-Инфонун” кубогу калыс жана татыктуу өтүү үчүн төмөнкүдөй эрежелер иштелип чыккан!
1) Командалар мелдешке гезитте жарыяланган курамда гана катыша алышат. Өзгөртүү киргизүүгө уруксат жок. Эгер кандайдыр бир себептерден улам тизмедеги оюнчулар келбей калышса, команда аларсыз ойноого мажбур болот.
2) Талаадагы 11 оюнчунун кеминде экөөсү айым футболчу болуусу керек. Эгер кыз болбосо, 3:0 эсебиндеги жеңилүү жазылат.
3) Тизмедеги оюнчулар сөзсүз ошол компаниянын кызматкери болушу шарт, жок дегенде акыркы 1 ай ичинде.
Оюнчунун ал компанияда иштебей тургандыгы аныкталса, оюндан четтетилип, орду башка менен толукталбайт.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg