ТОКТОГУЛДУН ТОРГОЙЛОРУ ТИРЕШТЕ

Кыргыз эстрадасынын лөктөрү, "супертяжеловестери", ырчылар Бек Борбиев менен Сыймык Бейшекеевди беттешүүгө чакырдык. Таймаш десе эле рингге чыгуу же бет тырмагандык деп түшүнүп калбаңыз. Болгону, эки инсаныбыздын чыгармачылыктагы жана жеке жашоосундагы жетишкендиктерин салыштырып көрдүк.

СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ
Салмагы – 95 кг
Бою – 178 см

БЕК БОРБИЕВ
Салмагы – 95 кг
Бою – 180 см

Адистер эмне дешет?

Керим Турапов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
– Бек менен Сыймык – чыгармачылык даремети табиятынан күчтүү берилген, бирдей деңгээлдеги таланттар. Эгерде мен алардын мугалими болсом, кемчиликтерин айтмакмын. Угарман катары экөө тең чыгармаларында улуттук колоритти дагы көбүрөөк чагылдырышса демекмин.

Улукмырза Полотов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор:
– Экөө тең жеткен ийгиликтерине маашырканып токтоп калбай вокалдан сабак алып, улам изденип турушса дейм.

Рафаэль Сарлыков, Улуттук консерваториянын эстрада кафедрасынын жетекчиси:
– Бектин да, Сыймыктын да табигаттан тартууланган жагымдуу үндөрү бар. Ошол себептен экөө тең табигый талантына таянышып, вокал жагын четке кагып коюшту. Кыскача айтканда, вокал жагынан кемчиликтери бар.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Токтогулдун торгойлору Бек менен Сыймык тиреште
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Knt
2012-05-15 12:07:36
Bek baike Torkentten emes bele?
P.S:Bek baikenin 4ygarma4ygylygyn koldoim!
0
nazgul8076
2012-05-15 14:26:05
Эки байке тен таланттуу. Ырлары укулуктуу. Чыгармачылык ийгилик каалап кетмекмин.
0
meliss
2012-05-15 14:54:56
экоо тен токтоо ырларын мааниси бар негизи азыркы ырчылар ушулардан сабак алса болот
0
casio-ctk
2012-05-15 18:07:05
бек круче!
0
Zamira
2012-05-16 00:49:04
Бирөө акем,бирөө үкөм. Экөөнө тең чыгармачылык ийгилик каалайм! Экөө тең эл кадырлап-сүйгөн таланттуу инсандар. Бар болгула,Токтогулдук торгойлор!
0
Elit
2012-05-16 06:51:05
Берадорду СУЙОООООООООООМ!
0
sambo
2012-05-16 08:48:04
Көк ирим суудан куралган көлүм/Көйкөлөп жаткан көк жайык төрүн/Атагын узап алыска кеткен акындар,ырчылар чыккан ТОКТОГУЛ ЖЕРИМ/Экөө тен Токтогулдун мыкты торгойлору азаматсынар Байкелер!!!!!
0
uran
2012-05-17 09:26:43
Биринчиден "Супер-Инфо" жамаатына ыраазычылык, экинчиден сураныч теманы тандап жатканда туура тандасаңыздар! Себеби тирешпеген тоолорду тирештирпегиле. Токтогулдун уулдары эч убакта тирешпейт! Ал эми Бек жана Сыймык акелерибиз тууралуу пикирим: Азаматсыңар!!! Ар дайым Токтогул атабыздын арбагы колдоп жүрсүн силерди! Токтогул атабыздын атын чөктүрбөй ар дайым көкөлөтүп эл арасында ар дайым жүрө бергиле!!! Ар дайым АМАН
0
miki98
2012-05-18 01:29:14
Бек ака мен сизди суйом сиздин консертеринизден калбай барам куйомда билет сизди суйорумду.сизден умутоном белек кылсаныз мага 21-май тулган кунум болот.30-жашка толом.атым Малика.1 жылы ушул числодо кансерт бергенсиз быйыл не кылас мен у-н.сиздин белегиниз мен у-н омур бою унутулгус белек болмоко егер алып калсам.
0
miki98
2012-05-18 01:37:09
Сыймык ака мен сиздида сыйлайм урматтайм мен сиздин Мейил деген эжениз м-н чогу иштешебиз сиздинда консертеринизден калбай барам дайыма эженизднен пригласительный алып турам бирок ал эже бербейт оной м-н аягына биягына отуп жатып аран аламда.мен сизденда чон умуттоном как жакшы коргон куйорманыныз катары мени 21-майда туулган кунум болот ошолго сизден подарка алгым келет.30ж толот екем.сиздин 30 жаш деген ырынызды аябай жакшы кором.атым Малика подарка бербесенизда Мейил эжеден мени сурап койунуз
0
miki98
2012-05-18 01:43:34
Сыймык аке мен Мейил эженинзди аябай урматтайм акылдуу аялзат.2 этаж уйуно баргам.менин номерим бар эжеде сиз телф болсода кутуктасаныз оооо аябай суйуномго бирок подарок алган барибир башкачаго а.озунуз билеста эми .
0
nuraida.k
2012-05-18 16:09:12
Экоо тен кыргыз элинин атактуу инсандары.Сиздерге чыгармачылык ийгилик,ден соолук,бакыт каалайм!Обондорунуздар кылымдарды карыта жаныра берсин!
0
tolik
2012-05-18 18:21:54
Экоо тен мыкты бирок менин жеке пикиримде Сыймык аке бир аз ойдоорок.
1.Анткени ал "Алтын Булбулду" женип алган.
2.Улуттук калориттерги ырларга кобуроок конул бурат.
3.Кыргыздын чыгаан уулу Ч.Айтматовдун чыгармаларын ырдап анын батасын алган ырчы
4.Ал бир кездерде элдик талантарды издеп аларга коптогон сыйлыктарды уюштурган.
5.Анын ырларынын маани манызы Б.Борбиевдикине караганда ойдороок.
6.Экоонун кыял жоруктарына караганда Бек аке бир аз ороюраак.(Аялына ба
0
merim
2012-05-19 15:56:25
tolik мен сага кошулам!
0
jumamidin
2012-06-23 23:40:59
maga Bek Borbiev jagat. Antkeni anyn yrlaryn gitara menen yrdaganga jenil:)))
0
№ 497, 11-май-17-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан