ЖАҢЫЛУУНУН АЗАБЫ

БЕЙПИЛ ЖАШОО
Эртең менен кимдир бирөө жүзү­нөн эркелете сылап жатканынан улам ойгонуп кетти. Көзүн ачса апасы экен.
– Турагой, уулум, Арсланчик, окууңа бар.
– Ай, апа, окууңа эмес, ишиңе десең. Уулуң бой жеткенин дагы эле билбейсиң, ээ?!
Куду кичине баладай эркелеп алды. Негизи, Арслан эки уулдун ичинен апасынын сүймөнчүгү эле.
– Тур эми.
Ордунан шарт турган Арслан апасы менен чай ичкен соң, апасынын маңдайынан бир искеп алып, машинасын көздөй жөнөдү.
– Кечинде эмне болоорун билесиң да, ээ, уулум?
– Апа, ал көрсөткөн кызыңар мага жакпай калса, кыйнабагыла.
– Болуптур, бирок, атаңдын айтканын да угушуң керек, балам. Качанкыга чейин эле өзүм билем болуп жүрө бересиң?
Арслан башын ийкеп коюп кете берди. Жаштыгы денесине батпай турган улан жаңы эле медицина институтун бүтүрүп, ишке орношкон. Алдында улуу тилектер, кыялдар бар эле. Ошол кечте өмүрүн­дөгү эң каргашалуу кеч болоорун билбеген эле. Иш күнү бүтүп, кетип бара жаткан.
– Ии, бул деги карагысы жок,- деп артынан келип кучактап калган бирөөнун карылуу колунан чочуп кетип артына кылчайса, досу Бакыт экен. Кубанганынан кыйкырып жиберди:
– Эй, сен, шайтан десе...
Достор сүйүнүп ал-жайды сурашып калышты.
– Бүгүн Аземанын туулган күнү. Атайын сен үчүн келдим. Жүрү, барып келели.
Арслан апасы менен атасы бүгүн күтөөрүн эстеди да, чекесин бырыштырып алды.
– Чекеңди барыштырбай эле кой. Тез эле келебиз.
Арслан ой-боюна койбой сүйрө­гөн досунун жетегинде кете берди.

СУЛУУ, БИРОК, МУЗДАК КӨЗДӨР
Заңгыраган үйдүн ичи ызы-чууга толуп, бири бийлесе, бири ырдап, кече ортолоп калган экен.
Арсландын көзү ушул учурда элден обочо турган бир бийкечке урунду. Терезени карап ойго чөмү­лүп турган кыз эрксизден аны өзүнө тартты.
– Бул ким?- деди досуна ээк шилтей.
– Аа, ал деген... ким эле...
Бакыт жооп бергиси келбегендей Арсландан жүзүн буруп кетти. Ошол кечте эчен кызыктуу нерселер болсо да Арсландын көңүлүн ошол кыз ээлеп туруп алды. Акыры кайрат күчүн жыйган Арслан кызга жакындай берди.
– Сизге мүмкүнбү?
Кыз жалт карады. Анын укмуштуудай сулуулугунан Арсландын башы айлана түштү. Бул чындыгында эле чырайлуу кыз болчу. Апакай жүзүндөгү кайдыгерлик, муздактык болбосо айдан түшүп келген периштеге эле окшоп турду.
– Таанышып алсак...
Кыз дагы деле үнсүз. Жактырбай турганы же теңсинбей турганы билинбейт. Сустайган жүзүн­дө эч кандай өзгө­рүү билинген жок. Ушул учурда арт жактан бир кыз келди да:
– Нази, жүрү бул жакка,- деп ээрчитип кете берди.
Шалдайып артынан карап турган Арсланды досу:
– Кереги жок, Арслан, ал деген...
Жини келе түшкөн Арслан бурулуп аны жеп жиберчүдөй карады.
– Эмнеге? Балким, өзүңдүн көзүң түшүп жүргөндүр?!
– Арслан, ал деген...ал...
Мукактанган досунун сөзүн укпаган Арслан ызалуу бурулуп кете бер­ди.

ЖАҢЫЛЫШТЫК
Кабинетинде жалгыз отурган Дилбара эшиктен кирип келген Арсланды көрүп чочуй түштү. Мурунку көзүнөн шаң төгүлгөн жигит эмес, өңү качып, бар нерседен ушунчалык беймаза болгон түрү бар.
– Кандайсың?
– Жакшы.
– Сенин жардамың керек,- деди ал жасалма жылмая. – Психолог катары, курсташ катары да... Өх, эшикке чыгып сүйлөшөлүчү.
Чакан бакчанын ичинде сүйлө­шүп отурушту. Дилбар артынан ээрчий басты. Ой баскандан ар нерсеге чалына кетип жанында бара жаткан жанындагы жигитти алдыртадан карап коёт. Арсланды эч кимге билгизбей тымызын жакшы көрөөр эле. Кийин бир байдын кызына үйлөндү деп уккан. Андан бери көргөнү ушул. Минтип издеп келет деген оюнда да жок эле.
– Уф, кыйналып бүттүм, Дилбар. Сырымды сенден башка кимге айтаарымды билбейм.
– Айта бер.
– Билесиң го, үйлөнгөнүмө аз эле болду. Назини биринчи көр­гөндө эле жактырып калдым. Чындыгында андай жанды кездештирген эмесмин. Ал чиновниктин жалгыз кызы экенине да, апамдын «ойлон» дегенине да карабай үйлөнүп алдым.
– Ооба, шашкансың.
– Таанышкандан кийин бир эле жолу көрдүм. Аз сүйлөдү. Бирок, мен аны уяңдыгына, жаштыгына жоруп койгом.Тез эле атамдарды алдына жибердим. Баарынан таң калыштуусу, теңине албай коёбу деген анын чиновник атасы жан дили ме­нен макул болуп, алтургай, тоюбузду өткөрүп берди. Келесоо башым ошондо деле ойлонгон жокмун. Башыма жеткен эмес.
Арслан кубарып кетти.
– Анан эмне болду?- деди чыдамсыздана кеткен Дилбараны кайгылуу карап алды.
– Азыр баарын түшүнөсүң. Көрсө, мен оорулуу аялга үйлөнүп алыпмын.
– Эмне?
– Үйлөнгөндөн кийин биринчи күндөрү эле байкадым. Бирок, кеч болуп калган экен. Мелтиреп эле отура берчү. Алтургай, бир нерсени айтсам мага түшүнбөгөн көз караш менен карап калаар эле. Бир ай өткөндөн кийин гана анын тубаса кем акыл экенин түшүндүм. Андан кийин деле үмүтүм үзүлгөн эмес. Бул боюнча өзүм изилдеп чыктым. Көрсө, чын эле тубаса оору экен. Медицинада «шизофрения» деп коюшат.
Шалдайып отуруп калышты экөө тең. Чындыгында эле эмне деп сооротоорун, жубатаарын билбей калды Дилбар.
– Арслан, эмне деп айтаарымды билбей турам.
Дилбаранын жумшак үнүнөн мээрим издегендей көпкө отурду.

КОРКУНУЧ
Арслан кучагында эч капарсыз уктап жаткан келинчегинин сулуу жүзүнө кайра-кайра карай берди. «Эмнеге сулуулугуна азгырылдым? Эмнеге байкаган жокмун? Өмүр бою кантип жашайм?»
Кайрадан жүрөгүн мыжыгып эзген ойлор. Кийинки кездери өзүнөн өзү чүнчүп бара жатат. Үшкүрүп жиберди да, акырын ордунан турду. Көз алдына кайнатасынын кебетеси тартылып, анын сөздөрүн азыр угуп жаткандай ичиркене түштү.
«Эмне үчүн? Баарын билип туруп менин тагдырым менен эсептешкен жоксуз?» деп титиреген күйөө баласынын жүзүнө карабай туруп минтип жооп берген эле: «Арсланчик, билем сага кандай оор. Бирок, мен дагы кызымдын кийинкисине карадым. Бул оору Назинин энесинен өткөн. Мен аялымдын мындай оорусу бар экенин билгенден кийин кызымды алып калып, аны төркүнүнө жеткирип берген элем. Тагдырдын жазасыбы, кызым апасын тартып калды. Эми эмне кылайын, кечирип кой. Бирок, ажырашам деп ойлобо».
Өзүнө таңкала тиктеген жигитти далыдан таптап опуза кыла сөзүн улаган эле: «Эгер ажырашсаң, балакай, анда бул жерде жашабай каласың. Атаңды, агаңды, өзүңдү кызматтан айдаттырам. Азыркы мен алып берген машина, кызымдын себи болгон заңгыраган үй, бардыгы бекер дейсиңби?»
Бүткөн бою дүркүрөп кеткен Арсланды карап да койбой акырын басып чыгып кеткен эле...
Ойлордон тажап, терезеден бурула берип, ордуна жатайын деген Арсландын көзүнө суналган келинчегинин ичи бөрсөйүп калгандай көрүнүп кетти. Жүрөгү шуу дей түш­тү. Ошол замат аны жулкуп ойготуп жиберди.
– Нази, эмне, боюңда барбы?
– ...
Чочуп да койбой, «Эмнеге ойготтуң?» да дебей маңыроо караган аялын көрүп, денеси «дүр» дей түш­тү.
– Нази, Кудай жалгагыр, боюңда барбы?
– Ооба.
Башын мыкчып отуруп калды. «Мындан тапкан балам энесин тартып оорукчан болуп калабы? Эмнеге? Кай күнөөмө?» деп кыйкырып жибере жаздады. Эч нерсе болбогондой уктап кеткен аялын тиктеп отуруп, көкүрөгүнө коркунуч күч алып бара жатты.

НАРИСТЕНИН ҮНҮ
Бала төрөлөөргө жакын калганда Арслан Назини өзү иштеген төрөтканага жаткырды. Нази аман- эсен уул төрөдү. Ошол түнү кабинетинде жалгыз отурган Арслан ордунан туруп, балдар жаткан бөлмө­гө бет алды. Жаңы эле жарыкчылыкка келген наристесин карап туруп ойго батты. «Жок, мен дагы өмүр бою бул бала үчүн кыйналгым келбейт. Ал дагы бир адамды бактысын байлаганын көргү­чө... Кереги жок мага мындай баланын. Медицинада далилденген боюнча бул оору тукум кууйт. Андан көрө...»
Наристенин колундагы Назинин аты-жөнү, баланын салмагы, бою жазылган кагазды ала салып чет жакта жаткан керебетти көздөй кадам шилтеди. Мурунтан ойлоп жүргөнбү, бардыгы көз ирмемдик убакытта бүттү. Четте жаткан баланын колундагы кагазды алып, өз баласына тагып жатып андагы «Темирова Салия» деген жазууга көзү түштү. Бул баланын алсыз төрөлүп, аз эле сааттык өмүрү калганынан кабардар эле. Ошентип, Арслан өз баласын башка балага алмаштырып койду. Акыркы жолу өз баласын карап алмакчы болду. Бирок, таптакыр карай албай койду. Баласынын ыңаалаган үнүн эшитти да, көзүндөгү каканактаган жашты бир сүртүп алып, терс бурулду.
Жүрөгү кабынан суурулуп чыкчудай болуп согуп, ал жерден атып чыкты. Бул окуяны бир өзү, бир караңгы түндөн башка эч ким билбеген бойдон калды. Эртеси эртең менен Назинин “уулу” чарчап калганын угузушту.

КАЙРАДАН ЖОЛУГУШУУ
Арадан беш жыл өттү. Ошол окуядан кийин кесибин алмаштырган Арслан балдар дарыгери болуп калган эле. Ал күнү адаттагыдай эле жумушуна келген.
– Байкеси оорутпай дарылайт. Сен эч корпо, ээ, уулум?!
Иш столунда отурган Арслан бир нерселерди кобурап беш жашар баланы ээрчитип кирип келе жаткан келинди көрдү.
– Саламатсызбы? Менин балам...
Арслан саламга башын ийкей баланы карап алып селдейе түштү. Баланын жоодураган көз­дө­рү негедир тааныш сезилип, көкүрөгү туйлап кетти. Канча көзүн тартып кетейин десе деле болбой баланын жүзүн тиктей берди.
– Доктор?!
– Аа, азыр, мен ойлонуп кетипмин. Температурасы дедиңиз, ээ? Кана, аты ким бул баатырдын?
– Темиров Адил.
Бир кезде алмаштырылган баланын колундагы кагазга Темирова Салия деп жазылганы эсине түштү. Кантип эле ошол бала болсун? Көзү ымыр-чымыр болуп кетти.
– Туулган жылы?
– 1990-жыл, 22-июнь.
Арсландын колунан калеми тү­шүп кетти. Дал ошол күн! Баланы жаштуу көздөрү менен кадалып карады. Эми чындап тааныды. Өзү эмес, анын балага зар болгон жүрөгү тааныды. Анткени, Нази экөөнүн ортосунда нике болгону менен бала да, бакыт да жок болчу. Ооба, азыр өзүнө Назинин көз­дөрү карап турган эле. Бирок, аныкындай муздак, сезимсиз эмес, жоодураган тири карак көздөр... Думугуп бара жатканын сезип тура качты.
– Азыр.. мен азыр...
– Балаңыз кимге окшош?- деди бурулбай туруп.
– Билбейм, айрымдар атасына, айрымдар мага окшош дешет.
– Мен атама окшошмун,- деп жи­берди бала жоодурай тиктеп. Чөгөлөй отура калган Арслан баланы бооруна кыскысы келип колу өзүнөн өзү сунула берди. Мындайды күтпөгөн бала чоочуркай боюн жыйрып апасына качты.
– Келчи мен... мен сенин.
Көмөкөйү буулган Арслан башка эч нерсе деп айта алган жок. Мына, өз канынан чыккан уулу! Кол сунса жетчүдөй жерде... Бирок, аныкы эмес... Ушул бакыттан өзү баш тарт­кан учурунда. Жүрө­гү күйүп бара жаткандай сезди. Башын кучактап отуруп калды.
Эч нерсени түшүнбөгөн аял Арсланды чоочуркай карап, баласын колунан жетелеп чыгып кетти.
Артынан чуркайын десе буту тушалып калгандай көмө­көйү буулуп тура берди. Барган сайын алардын карааны алыстай берди...

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Hanzada
2015-07-04 00:18:52
Ошондо баласы оорукчан эмес экен да ээ Жакшы ангеме экен
+2
№ 197, 11-17-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан