«АЛИГИ» ЖӨНҮНДӨ СУРАСАҢЫЗ...

Эч кимге ооз батып айта албаган, олуттуу жоопту талап кылган ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.

Сиздердин сурооңуздарга жеке гинеколог Аида Беренбаева жооп берет.

"ТЫГЫН (ТАМПОН) ЖЫНЫС КЫНЫНДА КАЛЫП КАЛСА ЭМНЕ БОЛОТ?"
– Менин "алды жагым" сезгенип ооругандыктан, курбумдун кеңеши менен өз алдымча дарыланайын дегем. Бирок өзүм жасаган тампон тереңге кетип калса эмне болот деп коркуп жатам. Ичте калып калган тампондун кандай зыяны бар?
Нази, 27 жашта, Ош.
– Тампон кокус тереңге кирип чыкпай калса, анда кан келүү башталат. Кан тыгындыга топтолуп, анан ал жер ириңдей баштайт. Эгер ириң канга өтүп кетсе, анда сепсис башталат. Бул өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан өз алдынча дарыланбай, гинекологдун кеңеши менен дарылануу зарыл.

"АЯЛДЫ ЖЫРГАТАБЫ ЖЕ КУУРАТАБЫ?"
– Азыр Кытайдан, Таиланддан алынып келинген жыныс кынын кичирейтүүчү каражаттарды дарыканада эмес, өз алдынча саткандар көбөйдү. Саткандардын айтуусу боюнча, мындай каражаттар жатындагы жана жыныс кынындагы сезгенүүлөрдү, ооруларды кетирип, айыктырат экен. Бул эле эмес, жыныс кынын кичирейтип, мунун арты менен кошулууда аялга да, эркекке да жыргал тартуулайт имиш. Аларга ишенип сатып алсак болобу? Же жыргайбыз деп куурайбызбы?
Чынара, 34 жашта, Бишкек.
– Чынара, ооба, азыр колдо түрдүү каражаттарды сатышат. Бирок аларды алууда артын ойлоо кажет. Мисалы, сиз айтып жатканга окшош каражаттар контрабанда жолу менен алынып келинип жатат. Түрлөрү да көп. Мисалы, жыныс кынын кичирейтүүчү таякчалар, дары чөптөрдөн жасалган шарикчелер жана башка. Алардын курамындагы дарылар жыныс кынынын ички былжыр челин күйгүзүп салат. Былжыр кабыкча күйгөн соң бүрүшүп, жыныс кынынын ичи кичирейет. Кийин төрөттө ошол бырышкан былжыр чел кабыктар жарылып, айрылып, төрөп жаткан аял 2 эсе азап тартат. Төрөттөн соң чел кабыкчаларды калыпка келтирүү да кыйын.
Айтып кетчү нерсе, чыныгы дары каражаттардын өз өлкөсүндө чыгарылгандыгы тууралуу лицензиясы болуп (Кыргызстанга алып келүүгө да лицензиясы болушу кажет), алар ар кимдин колунда эмес, дарыканаларда сатылат. Андыктан сатып алардан мурда лицензиясын суроо кажет. Андай документи жок болсо, алуудан баш тартуу зарыл.

"КЛИМАКС ЖИНДИ КЫЛАБЫ?"
– Турмушка чыкпаган кыздар кийин климакс учурунда жинди болуп кетишеби?
Нурпери, 28 жашта, Кант шаары.
– Жок, жинди болбойт. Бирок кары кыздарда климакс белгилери өтө татаал жана оор түрүндө өтөт. Ошондуктан мындай кыздар этек кири токтогон (климакста) убагында ар кандай дене машыгууларын жасап, сууга сүзүп же суу менен чайканып эс алуулары абзел. Гинеколог-дарыгерлердин көзөмөлү, кеңеши менен гормондордон жасалган дарыларды ичүү же ошол гормондордон денеге ийне сайдыруу керек. Ошондо климакс жеңил өтөт.

"ЭТЕК КИРИМ КЕЛГЕНДЕ КАБЫРГАЛАРЫМ ДА ООРУЙТ"
– Менин ден соолугум чың, эч жерим оорубайт. Бирок этек кирим келгенде эле эмчектерим менен кошо кабыргаларымдын алды (колтуктарымдын тушу) да шишимик тартып калат. 5-6 күндөн кийин анча сезилбеген оорутуу менен шишимик да жоголот. Бул эмнеликтен?
Элнура, 23 жашта, Ош.
– Сыягы, сизде кошумча эмчектер (кабыргалар алдында) бар окшойт. Бул медицинада полимастия (көп эмчектүүлүк) деп аталат. Кээ бирлерде кошумчалары сырттагы эмчектердин катарында же далысында өсүп калса, кээлердин кабыргаларынын алдында жайгашып калат. Полимастия түйүлдүк кезде эле жаралып, кыздардын кичине кезинде эле аныкталат. Сиз врачтарга кайрылып, текшерүүдөн өтүңүз. Эгер көп эмчектүүлүк аныкталса, операция жолу менен алдырып салууңуз кажет.

Сиздердин сурооңуздарга уролог-андролог, сексопатолог Асан Мырзабеков жооп берет.

"АЯЛДАР ҮЧҮН ПРЕЗЕРВАТИВ КАНДАЙ БОЛОТ?"
– Аялдар үчүн да презерватив чыгарылат экен дегенди уктум. Андыктан ушул тууралуу билели дедик эле. Пайдаланууга оңойбу? Ыңгайлуу болсо, аялым колдонуп көргүсү келет.
Саку, 29 жашта, Сокулук.
– Аялдардын презервативи бар. Ал жыныс кынга салынат. Көрүнүшү трубканы элестетет. Эки башында катуураак шакекчелери бар. Трубканын туюк жагы жыныс кынынын ичине киргизилип, ачык жагы сыртта болот. Сыртта калуучу шакекче презервативди жылбышып жыныс кынынын ичине түшүп кетишинен сактайт. Бул каражат эркектерди презерватив түйшүгүнөн куткарат.

"ООРУ КОЛ АРКЫЛУУ ДА ЖУГАБЫ?"
– Мастурбация жасаганда оорулар кол аркылуу да жугуп калышы мүмкүнбү?
Эдил, 21 жашта, Кара-Балта.
– Мүмкүн. Мастурбация жасоодо микробдор жыныстык мүчөнүн башындагы былжыр кабыгы жана заара чыгаруучу түтүгүнүн оозу аркылуу кирип, түрдүү инфекциялык ооруларды козгошу ыктымал.

"ХИЖАМА МЕНЕН БЕЛ КУБАТТЫ КӨТӨРӨТ ДЕШЕТ..."
– Азыр ушундай ыкма менен жыныстык бел кубатты көтөрүп жатат дешүүдө. Ал эмне болгон ыкма жана жыныстык башка кандай ооруларды да айыктырууга болот? Зыяны жокпу?
Зарип, 43 жашта, Бишкек.
– "Хижама" – араб сөзү. Бизче "кан чыгаруу" же "кан алуу" дегенди билдирет. Бул элдик ыкма көптөгөн элдерде илгертен эле бир нече ооруларды дарылоодо колдонулат. Кыргызстандагы Эл аралык салттуу жана эксперименттик медицина академиясында ушул ыкма терең изилденип, колдонулууда.Урология жана сексопатологияда жыныстык жактан бел кубатты көтөрүүдө, тукумсуздукта (жаракаттан улам келип чыкса), жыныстык жактан шалдыкта, бел суусунун бат түшүүсүндө да колдонсо жардамы чоң.
Ар бир органдын өзүнө караштуу аймакчалары бар. Ошол аймакчалардагы тери катмарын хирургиялык скальпель менен бир аз кан чыккыдай терең эмес (үстүртөн) чегет. Анан ошол жерге вакуумдуу банка кийгизилет. Вакуумдуу банка капиллярларда уюп калган канды жана желди соруп чыгарат (болжол менен 1-2 аш кашык кан). Дарылануу курсу 3-11 жолуга чейин (5 күндө бир).
Пайдасы: жаман кан, жел чыгып, ордуна жаңы, таза кан пайда болуу процесси жүрөт.
Органда жана жалпы организмде кан айлануу жакшырат, кандагы микробдор кошо чыгып кетет. Бара-бара бел кубат калыптанып, бел суу эрте түшпөй калат. Адам жыныстык жактан шалдыктан айыгат.
Кимдерге болбойт? ВИЧ/СПИД менен ооругандарга, айрым оорулардын курч кармаган түрүндө (бруцеллёз, гепатит жана башка).

"АЛИГИНИ" ТИЙГИЗИП РАХАТКА БАТУУНУН ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?"
– Сүйүктүүм экөөбүз кошулбасак да, кээде бири-бирибизге "алигибизди" тийгизип рахаттанып алабыз. Угушумча, үйлөнө элек жаштар мындай мамилеге барышса, кийин бири-биринен көңүлү калып калат имиш. Ушул чынбы? Биздин мындай кылыктарыбыздын ден соолугубуз үчүн зыяны жокпу?
Бек, 22 жашта, Бишкек.
– Жыныстык жактан кошулбай эле, жыныс органдарын козгоп дене кумарына батуунун психикага да, ден соолукка да зыяны жок. Муну илимде петтинг деп коёт.

"ПИРСИНГ САЛДЫРУУНУ КААЛАЙМ..."
– Жыныс мүчөнүн башына пирсинг салдырса, аялдарды укмуш жыргатат деп айтышат. Ушундан улам салдырсамбы деп ойлойм. Бирок зыяны бар же жок экенин билбей жатам.
Алик, 24 жашта, Бишкек.
– Жыныстык мүчөдөгү пирсинг төшөктөгү өнөктөшкө канча бир деңгээлде рахат берери анык. Бирок пирсинг маселелерди жаратары да чын. Мисалы, презервативди айрып кетиши мүмкүн. Мындай болгондо жыныстык оорулардын жугуу коркунучу бар. Экинчиден, ал жыныс мүчөнүн сезимдүүлүгүн кандайдыр бир деңгээлде төмөндөтөт. Үчүнчүдөн, пирсинг салуу үчүн көзөлгөн жердеги жара узакка барып араң бүтөт. Кээлериники 3-4 айлап жүрөт. Андыктан ойлонуп, анан чечиңиз.

Венера Камалова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (90)
step-ap
2012-10-30 17:00:56
munun emne uiaty bar ele,jawoodo bolup jatkan chyndyk,balaluu bolbogondor kudaidan surangyla jakshylap bizden emes bizdin koldon e4 nerse kelbeit
+1
myrza_kyrgyz
2012-11-20 00:27:37
akasman14 sen kelinchegindi eritip anan kiin bawtawyn kerel iwindi
0
www.boy.kg
2012-11-28 14:40:01
ким ишенет дуйнодо адам жана маймыл эле удовольствие алыш учун тошок кумаына батат дейт, калганы болсо тукум ирээтинде
-1
shirin27
2012-12-14 23:18:42
Itter baari ele toshok kumAri eshek
J b
0
karmelita
2013-01-05 20:41:49
Оо, Жараткан! Ушул акмактарга озун акыл бере кор! Кыямат жакын акылы жок даьюстар озунорго келгиле!
0
jasmin81
2013-05-08 18:57:22
Менда врачтардан кенеш алайын дедим элее кантип жазса болот.урготкулочу.
0
admin_media
2013-05-09 09:32:27
jasmin81,
Саламатсызбы! Төмөндөгү дарекке жиберип койсоңуз болот
densooluk@super.kg
0
Erkinbay_buiga
2013-06-08 12:15:44
akasman14,аял адамды биринчи даядап,даяр болгондо анан,башташ керек.
0
admin_superstan
2013-06-17 11:25:51
ramos, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 10 күн БАН!
0
uluk2014
2014-01-13 18:07:17
билбегенди билип алдым
0
V.I.P.
2014-01-13 21:11:49
Жакшы экен билбеген нерселерди билип алат экенсин.
0
Adilet2014
2014-01-25 18:28:44
мен кошулганда тез эле тушуп калат.. анан ал адам уруктугун аябай эле аз экен дей берет бул эмнеден кабар берет
0
zripa
2014-02-06 18:00:33
ммм
0
Kati
2014-02-06 20:29:20
Дааа жакшы кенештер зкен...
0
lazy_boy.kg
2014-05-14 23:45:14
окуп жатып алигим козголуп кетти
0
Aseyin
2016-04-03 22:29:20
Менин сабизимдин баш жанында кал барда болгондой да чоон кал
0
№ 497, 11-май-17-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан