БИЛЕТ БОЮНЧА САТЫКТЫН РЕКОРДЧУСУ – РЕЙН

РЕЙН ЖӨНҮНДӨ

Толук аты-жөнү Чон Жи Хун.
Туулган жылы 25-июнь, 1982-жыл.
Туулган жери – Сеул, Түштүк Корея.
Кесиби – Ырчы, актёр, бийчи, модель, дизайнер.
Ырларынын жанры – Арэнби, хип-хоп.
Тартылган тасмалары – "Саң Ду! Жүрү мектепке", "Куттуу үй", "Мен киборгмун, бирок бул кадыресе", "Ылдам жарышуучу", "Нинзя-киши өлтүргүч", "Качкын: Б планы".
Популярдуу ырлары – "Bad Guy", "Rainism".
Сыйлыктары – "KBS New Actor Award" (2003) – "Мыкты жаңы актёр", "KBS Best Couple Award" (2004) – "Мыкты түгөйлөр" ("Куттуу үй"), "MTV Movie Awards" (2010) – "Biggest Baddass Star", "Мен киборгмун, бирок бул кадыресе" ("I’m a Cyborg, But That’s OK") – 57-Эл аралык Берлин кинофестивалында "Альфред Брауэр" сыйлыгы ж.б.
Үй-бүлөсү – Атасы, карындашы бар.
Хоббиси – Кийим жана бут кийимдерди коллекциялоо.
Жактырган спорт түрү – Баскетбол, сноуборд.
Кумир туткан артисттери – Майкл жана Жанет Жексондор, Ашер.
Жактырган актёрлору – Чарли Чаплин, Хан Сонху.
"Рейн" – кыргызча – "жамгыр" дегенди түшүндүрөт. Аны Кореяда – Би, Японияда болсо – Пи деп таанышат.

БИЙДЕН СТАРТ АЛГАН
Биз тааныган Рейн карьерасын бий менен баштаган. 6-классынан тарта бийдин арэнби жана хип-хоп багытына болгон кызыгуусу артып, балдардын "Fan club" бий тобуна кошулат. Бирок бул топ бат эле таркап кетет. Кийин Рейн келечегине бүтүндөй өзгөртүү киргизген кореялык "JYP Entertainment" продюсердик агенттигине туш болуп, алгачкы кадамдарын бий топторунда бийлөө менен баштайт.
2002-жылы Рейн "Жаман жигит" деген аталыштагы ырлар жыйнагын чыгарып, өзүн коомчулукка Рейн деген лакап ат менен тааныштырган. Ырчылык менен катар кино дүйнөсүнө да баш багып, алгач "Саң Ду! Жүрү мектепке" сериалына тартылган. Талант толкуну ташып турган чакта ал "Күндөн кантип качуу керек?" деген экинчи ырлар жыйнагын чыгарууга жетишет. 2004-жылы Рейн тартылган "Куттуу үй" сериалы экранга чыгат. Кореянын KBS телеканалы Рейнге бул сериалдагы ролу үчүн "Мыкты актёр" наамын ыйгарган.

КӨЗ АЧЫП-ЖУМГУЧА САТЫЛГАН БИЛЕТТЕР
Атактуулукту багынта баштаган Рейндин үчүнчү ырлар жыйнагы "Жамгыр жаап жатат" ("Its RAINing") деген аталышта болуп, Азияга миллиондогон нускада тараган. Укмуштай элдин сүймөнчүгүнө ээ болгонун мындан байкаңыз, Японияда өткөн биринчи жеке концертинин билеттери 30 секунддун ичинде сатылып бүткөн. Рейн рекорд коюу чабуулун андан ары улантып, Кытайды багынтуу максатында Пекинде да концерт берүүгө жетишет.

АКШны БАГЫНТУУ. КЕЗЕКТЕ ГОЛЛИВУД
Чыгыш дүйнөсүн багынткан соң Рейн эми АКШда ийгилик жаратууга аттанат. Анын 2006-жылкы Нью-Йоркто өткөн 2 күндүк концертинин билеттери бат эле сатылып, ал тургай белгилүү америкалык аткаруучулар: Жо-Жо, Омарион, Паф Дэддилер концерттин коногу болушкан. Ушул эле жылы анын ысымы "Time" журналынын "Планетанын эң таасирдүү 100 адамы" тизмесинде жаңырат.
Кезинде Рейн продюсердик агенттиктерге баш багып жүргөндө, алардан "жакшы ырдайт экенсиң, бирок кебетең бизге ылайык эмес" деген жоопторду далай уккан болчу. Бирок ал 2007-жылы "People" журналынын "Планетанын эң сулуу адамдары" тизмесинен орун алат.
2007-жылдын ноябрь айында Рейн өзүн жылдыз кылган "JYP Entertainment" агенттигинен биротоло кетип, өзүнүн "J.Tune Entertainment" агенттигин ачканын жарыялаган. Көп өтпөй Рейндин аталган агенттигинин карлыгачтары – "MBLAQ" тобу сахнага чыгат.
2008-жылы Рейндин кинокарьерасында биринчи голливуддук тасмасы – "Ылдам жарышуучу" чыккан. Ага удаа 2009-жылы "Нинзя-киши өлтүргүч" тасмасында башкы ролду жаратат.

МОДЕЛЬЕР БОЛУУНУ КЫЯЛДАНГАН
Талыкпаган ырчы, бийчи, актёр Рейн бала чагында модельер болсом деп кыялданчу экен. Бул кыялын каарманыбыз 2008-жылдын декабрь айында өзүнүн "Бештен алтыга" деген аталыштагы кийимдер коллекциясын күйөрмандарына тартуулап, иш жүзүнө ашырган. 2011-жылы экинчи жолу "Time" журналынын "Планетанын эң таасирдүү 100 адамы" тизмегиндеги Барак Обама, Хилари Клинтон, Опра Уинфри сыяктуу белгилүү адамдардын арасынан Рейндин ысымы жаңырган. Шоу дүйнөнүн атагы ашкан өкүлдөрү жеке жашоосун ачыкка чыгара беришпейт эмеспи, Рейнге да бул тууралуу суроолор көп жаайт. Ал "чынын айтсам, менин деле үйлөнгүм келет, бирок азыркы учурда эч ким менен жолугушпай элемин" деп жооп берет.
Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон күйөрмандарды чогулта алган, Азиядан чыккан жаркын жылдыз ушундай аброю менен учурда аскерде жарандык-жигиттик милдетин өтөөдө. 2011-жылда башталган кызмат мөөнөтү болжол менен 2013-жылга чейин уланат. Фанаттары Рейндин аскерден келишин чыдамсыздык менен күтүп отурушкан кези.
"Куттуу үй" сериалынан кийин "актриса Сон Хе Кё менен жүрөт" деген имиштер тарап кеткен.

Назгүл Исакова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nona
2012-05-16 00:35:07
He is the best actor!!! I love his movies!!! :-)
0
aidai2012
2012-05-16 13:20:30
Эн сонун актер,Кыргыздардан да чыкса гана.
0
prettyayko
2012-05-16 16:45:30
жанымдын жарымы жашоомдун жарымы жаным
0
AFRODITA-89
2012-05-19 13:17:51
Аябай кучтуу бала! Мага ушундай мушташкан балдар жагат. Кинолору да аябай кызыктуу берилип кором. "Олумго жеткирген махабат" аттуу кино сериал аябай жакшы тартылган! Озунун жараткан ролу да озуно туура келген мыкты актер!!!
0
nejenka
2012-05-19 22:06:12
Чындыгында аябай таланттуу жигит экен.Бардык жактан таланттуу...Туштук Корея аябай сыймыктанса керек...
0
№ 497, 11-май-17-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан