ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (14-майдан 20-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада башка бирөөнүн жасаган жаман ишине сизди күнөөлөгөндөр болот. Ак экендигиңизди далилдөөгө кылган аракетиңиз текке кетет. Кийин убакыт баарын ачыкка чыгарат. Шаршембиде кандай маселе болбосун эмоцияга алдырбай, түшүнүү менен чечкен оң. Апта соңунда көңүл ачууга шарт түзүлөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жеке жашооңузду жакшы жагына өзгөрткөн күтүлбөгөн окуяга кезигесиз. Бирок мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, аракет кылууңуз керек. Шейшембиде отко, электр приборлоруна күйүп калуудан сак болуңуз. Шаршембиде көптөн күткөн маанилүү маалымат угасыз. Чечим кабыл алууда олуттуу ойлонуу керек. Дем алыш күндөрү үй жумуштары менен алектенип чарчайсыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Максатыңызга жетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн адамдар менен алака түзө билүү зарыл. Жакшылап аракет кылсаңыз, кызмат ордуңуз жогорулашы мүмкүн. Апта ортосунда көп суммадагы каражат коротууга туура келет. Апта аягында көңүл чөгөргөн окуяга туш болосуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада жүрөгүңүзгө жакын адамыңызды сагынуу күч алат. Шейшембиде максат кылган негизги иштерди бүтүрүүгө аракет кылсаңыз, ийгилик сиз тарапта болмокчу. Калган майда иштерге убакыт бөлүүнүн кажети жок. Бейшембиде капчыгыңызга киреше кириши мүмкүн. Аптанын соңку күндөрүндө жакын адамыңыздын маселесин чечүү менен алек болосуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө ашыкча сөз айтып бирөөлөрдү иренжитип алуудан этият болуңуз. Шейшембиде жолдо жүрүү сиз үчүн кооптуу дешет жылдыздар. Жол эрежелерин сактоо керек. Апта ортосунда капчыгыңызды жукартууга туура келет. Жекшембиде сизди таң калтыра турган окуяга туш келесиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада чырдуу маселелер жана каржы тартыштыгы күтүлөт. Шейшембиде үй-бүлө мүчөлөрү менен кайым айтышуу болуп кетиши мүмкүн. Шаршембиде бейтааныш адамдан кандайдыр бир сунуш түшсө, жеке коопсуздугуңуз үчүн баш тартканыңыз оң. Аптанын акыркы күндөрүндө коноктордун аягы үзүлбөй чарчайсыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө жумуш боюнча сунуш түшсө андан баш тартыңыз, себеби пайдасы аз жана убактыңызды текке кетиресиз дешет жылдыздар. Шаршембиде каржылык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Апта ортосунда алдамчылардын тузагына илинбейин десеңиз, документ иштерин бүтүрүүгө жардам берем деген бейтааныштардан алыс болуу керек. Жекшембиде досторуңуз менен табигат койнунда эс алууга чыгасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө кесиптештериңиз менен урушуп, бөлүнүүгө жол бербеңиз. Шаршембиде өз алдыңызча жаңы иш баштап калышыңыз мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр убактылуу романга азгырылып кетпеши керек. Дем алыш күндөрү алыстагы тууганыңыздан же досуңуздан жакшы кабар келмекчи.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбүдө алдыга койгон пландарыңызды тааныштарга айтпай туруңуз. Идеяңызды тарттырып жиберишиңиз мүмкүн. Шаршембиде жакын адамыңыздын жардамына таянып иш кылсаңыз, күткөн жыйынтыкка ээ болосуз. Апта ортосу бойдокторго жактырган адамынын колун сураганга ыңгайлуу. Апта соңунда конокко барууңуз күтүлүүдө.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада чечкиндүү кадамдарга баруу менен гана ишиңизде ийгиликке жетүүңүз мүмкүн. Шаршемби – сиздин ден соолугуңузга кооптуу. Андыктан ар бир кыймылыңыздан этияттык талап кылынат. Бейшембиге пландалган сапарды жылдыздар кийинкиге жылдырууну сунушташат. Апта соңун базар аралап жаңы буюм сатып алууга жумшайсыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кийинки аптада оорчулук жаралбасын десеңиз, бул аптада белгиленген иштерди толук бүтүрүңүз. Ишиңизде юридикалык маселелерди чечүү зарылчылыгы күтүүдө. Апта ортосунда күтүүсүз жерден жагымдуу окуяга туш болосуз. Жума күнү эс алууга убакыт бөлөм деп маанилүү ишти өткөрүп жиберип өкүнүп калбаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада башкалар менен кеңешип иш кылсаңыз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз. Шейшембиде каржылык абалыңызды жакшыртууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктү колдонуп калыңыз. Жума күнү жеке жашооңузда романтикалуу кеч орун алмакчы. Апта соңунда эс алуунун ордуна чарбачылык иштери менен алектенүүгө туура келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 497, 11-май-17-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан