АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сериал)

(Башы өткөн сандарыбызда)

Эртең менен курбусу чалып, кечкиге Жаныбек аны бир жакка чакырарын айткан. Тумар макул дегени менен, ичи уйгу-туйгу боло түштү. Жаныбек мындан мурун кечки тамакка чакырганда күн мурун даярданып, өзүнчө эле толкунданып албады беле. Негедир бул ирет анын жүрөгү таптакыр каалаган жок. Ал тургай ичинен “Жаныбектин бир жумушу чыгып калса экен, барбай эле койсок экен” деп тиленди. Андай болгон жок. Кечке жуук Жаныбек Тумарга телефон чалды.
– Балдардын түйшүгүнөн чарчаган­дыр­сың. Кечкисин көчөгө чыгып бир аз серүүндөп келели. Убактың кандай?
– Ммм... Бүгүн болбойт го. Эжем менен жолугушмакмын. Баары жайында, мен үчүн анчалык санаа тартып кереги жок. Тамактанууга жакында эле барып келбедикпи. Анын үстүнө сенин убактың чектелүү. Чынын айтсам, балдар менен жүргөн адам зеригүү эмне экендигин деле унутуп калат экен...
Күтүүсүздөн калп айтып, өзүнөн алыстаткан сөздөрдү жаадырып жиберди.
– Аа, андай болсо мейли. Көрүш­көнчө.
Тумардын телефондон Жаныбек менен сүйлөшкөнүн байкаган Улан негедир ачуулана түштү. Телефонун колуна кармаган бойдон өзүнүн бөлмөсүнө жөнөгөн Тумарга корс этип:
– Жаныбекпи?
– Ооба.
– Эмне дейт?
– “Кечке бир жакка барып тамактанып келели” дейт.
– Хм. Ошондой де.
– Ошондой. Эмне экен?
– Эч нерсе, барып көңүл ачып келгиле!
Барса барабыз эле.
Уландын кызганычы жүзүнө чыгып кызарып кетти. Аны билдирбестин амалын кылып, жылмайымыш болуп үстүңкү кабатка бет алды. Тумар анын бул кылыгына мыйыгынан күлүп тим болду.
Бул күнү Жаныбектен калп айтып кутулганы менен, эртеси анын чакыруусунан баш тартуу мүмкүн болгон жок. Жакын досунун туулган күнүнө бирге барып, алардын чөйрөсүндөгү адамдар менен таанышып кайтмакчы болду. Экөөнүн конокко чогуу барарын билгенде Улан “Тумарды эч жакка жибербейм” деп күбүрөнө жинденип алды.
Кечкисин Саматты сабактан, Айжамалды бала бакчадан шашыла үйгө алып келген Тумар конокко даярдана баштады. Уландын бары-жогуна деле маани берген эмес. Даярданып сыртка чыгып баратканда гана Уландын күндө илинип турчу сырт кийиминин жоктугун байкап чочуду. Жүгүрүп экинчи кабатка көтөрүлсө, бөлмөдө балдар жалгыз экен. Балким, жакын эле жерде жүргөндүр же дүкөнгө кеткендир деген ой менен сыртка чыкты. Эки жагын каранып Уланды күтүп көпкө турду, жок. Аңгыча Жаныбек телефон чалып:
– Тумар, качан келесиң? Же барайынбы?
– Жо-жок. Менимче, эми кеч болуп калды. Конокко жалгыз барат көрүнөсүң. Үйдө Улан жок. Балдарды жалгыз таштай албайм да.
– Ал кайда?
– Билбейм, мен келсем үй ачык, бирок эч ким жок.
– Үй ачык болсо алыс деле кетпестир. Дагы күтө туралы. Балким, келип калар. Келбесе айла жок.
Улам биринен сала экинчиси Уланга телефон чалып жатышты. Трубканы көтөрбөйт. Анын телефону бөлмөсүндө калганын Тумар үйгө киргенде билди. Ошентип, конок да калды. Тумар Саматтын үй тапшырмаларын текшерип, Айжамалдын бакчадан жаттап келген ыр саптарын угуп, алар менен көпкө отурду. Балдардын бөлмөсүнөн алар таттуу уйкуга кеткенде гана чыкты. Сыртка чыгып, дагы бир ирет дарбазадан башын чыгарып эки жагын карап койду. Негедир ойлору бүдөмүк. “Эмнеси болсо да Улан аман-эсен келсе болду. Кудай, ай, тынччылык болсо экен. Минтип себепсиз үйдү ачык таштап, телефонун албай кетпеши керек эле. Эмне болду экен?” Сарсанаа болуп, уйкусу келбей түн бир оокумга чейин күтүп отура бергенин өзү да сезген жок. Саатты карап, түн жарымынан ооп калганын көрүп чочуп кетти. Аңгыча дарбаза кыйчылдай ачылды. Бөлмөсүнөн баш баккан бойдон Тумар туруп калды.
– Сама-атик, Жама-ал. Ой, Тумар!
Балдарын шаңдуу чакырып, аларды эркелетүүгө даярданып келаткан Жаныбек түздөнүп турууга аракет кылып, бирок боюн кармай албай темтеңдеп кетип жатты.
– Жаныбек, сага эмне болгон?
– Мени кечирип кой. Бүгүн досторум менен бир аз ичип койдум.
– Эч нерсе эмес, бөлмөңө барып жатып эс ал анда.
– Жок. Жатпайм мен. Балдарым кана?
– Чүш, акырын, балдарды ойгото­суң. Уктап жатышат. Саат 4 болгону калды. Балдар менен эртең сүйлөшөсүң.
– Жоок, мен балдарымды өпмөйүн жатпайм. Алар менин жашоом экенин эч ким билбейт да. Мен, Жаннат, Самат, Айжамал төртөөбүз – бир бүтүнбүз. Азырынча убактылуу төртөөбүз тең аз-маз кыйналып турабыз, бирок мунун баары өтөт, көрөсүң го, Тумар,- деген бойдон үстүңкү кабатка бет алды. Бирок көздөгөнүнө жетчүдөй эмес. Тумар анын колун мойнуна асып алып, диванга араң сүйрөп жетти. Жаныбек Тумарды коё бербей, тилинин булдуруктаганына карабастан бир топко чейин сүйлөнүп жатты.
– Тумар, мени кечирип кой. Бирок сени баарын жакшы түшүнөт деп ойлойм. Жаннат айткандай эле, аябай жакшы адам экенсиң. Мен эми чындап ишендим буга. Отурчу жаныма, бүгүн досторума айткан арманды сага да айтып алайын.
Сенин го курбуң бар... Мен үчүн андай адам жок бул дүйнөдө. Жаннатсыз мен жашай албайм. Ооруканадан тажадым, чынында. Жаннатка барган сайын жүрөк жанчылат. Балдарымды, Жаннатты көргөндө сыртымдан билгизбегеним менен, ичимден сыздап турам. Чынында, кыйналып бүттүм. Көрөсүң го, мен Жаннатты айыктырып алам. Өзүнө айтсам ишенбей жатат. Бирок мен айыктырам дедимби, айтканымды аткарам. Мен анын өлүп калышына жол бербейм. Ал жок биз кантмек элек?! Артынан мен да өлүп алсам керек. Азыр да ага барсам, мени киргизбей коюшту. Мурдагыдай акча берсем да көнүшкөн жок. Мени "мас экен, эч нерсени билбейт. Барып алып оорулуунун башын оорутат" дешти окшойт. Мен антмек деле эмесмин. Жаннатымды бир кучактап алып эле кетмекмин.
Тумар үнсүз ыйлап жатты. Ичиндеги күйүтүн төгүп жаткан Жаныбек да ыйлады.
Таң атты. Күнүмдүк көр тирилик дагы башталды. Балдарды жуунтуп, кийинтип, бирин сабагына, экинчисин бакчасына алып жөнөгөн Тумардын бүгүн маанайы пас. Күндөгүдөй эле курбусу Жаннатка да барды. Бул ирет аны менен сүйлөшүп отурган деле жок. Кирип эле чыкты. “Үмүтсүз – шайтан” демекчи, кайра-кайра Уланга чалып коёт. Кайда барышы мүмкүн? Бул суроону өзүнө миң узатат. Жообу жок. Үйдү карай келатып гана башына “мен эмне болуп жатам? Улан мага ким эле? Анын кайда жүргөнү менен менин эмне ишим бар? Дегеле ал үчүн эмнеге мынча сарсанаа болушум керек?” деген ой кылт дей түштү. “Мына кызык. Арбалат, ашык болуп калат деген ушубу?” Мындан аркы тынчсыздануусу ушул жаатта болду. Бөлмөсүнө кирген бойдон уктап кетиптир. Канча уктаганы белгисиз, айтор, ойгонгондо Улан керебетинин четине отуруп алып, аны суктануу менен карап отурган экен.
– Сен кайдан? Деги тынччылыкпы?- деп ордунан тура калды.
– Тынччылык. Эмне болду анча?
– Үн жок, сөз жок, эч кимге эч нерсе айтпастан үйдү ачык таштап кете бересиңби? Үйдү койчу, сага бирдеме болгон экен деп бул жакта...
– Мени да ойлоп, сарсанаа болчу адам бар экен, ээ, бул дүйнөдө? Апамдын көзү өткөндөн бери мен үчүн минтип убайым тарткан адамды көрө элек элем.
Кошунанын баласы дайынсыз кетсе деле ойлонот да адам деген,- деп сыр бербеди Тумар.
Мен уктап жатканда бөлмөмө эмнеге киресиң? Сага ким уруксат берди?” деп урушмак турсун, анын аман-соо келгенине сүйүндү. Ал тургай бул мамилеси менен Уланга сезимдерин билдирип алды көрүнөт. Уландын жүзүн карап эле баарына ыраазы. Аны кырсыктан тыш жүрсө экен деп кечээтен бери миң ирет тиленбеди беле. Мындай жылуулукту байкаган Улан да ичинен кымыңдап сүйүнүп турду. Ал тургай өзүн жаш баладай көрүп, “кайда жүрдүң?” деп урушуп жатканда Тумарды кучактап алгысы келди. Бирок анте алган жок, деми, эрки жетпеди. Экөө бөлмөдө көпкө сүйлөшүп отурушту. Тумар кечээтен бери эмнелерди гана ойлогонун айтып жатса, Улан кайда барып, эмнеге үйгө келбегенин түшүндүрүп берди.
– "Сен үчүн сарсанаа болдум, сени ойлоп түнү уктаган жокмун" дечи,- көздөрүн жымыңдата Тумардын колун алып, сылай тиктеп калды.
Колун тартып алган жок. Жигиттин жылуу алаканы жагып турду.

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
kg_777
2012-05-14 10:03:01
иии байкуштар, журокту оорутат го.....
0
IRA_88
2012-05-14 13:00:04
Эми эмне болот? кызыктуу чыгарма экен кобуроок эле жазгылачы сураныч!
0
antivir
2012-05-14 14:21:25
телефону калганын билип деле чала берет да башты оорутуп:-)
0
zirek.kyz
2012-05-14 17:06:18
кобурок жазгылаачыыы
0
pono4ka
2012-05-14 17:46:43
Бул дал орустардын чыгармасы.
0
nazgul8076
2012-05-15 14:12:14
Улан менен Тумар суйушуп калышты, эми Жаннат сакайып кетсе керек.....
0
pono4ka
2012-05-15 15:10:41
ООба Жаннат сакайып кетет! Ошо кыргызча которушуп коюшуптур да
0
solnyshko
2012-05-17 14:55:26
эхххххх эми эмне болот?тезиреек бутсо экен,журок сыгылып бутту
0
erkin_kg.88
2012-05-18 12:37:28
эч нерсе болбойт эртен да ушинтип бутуп калат
0
nurzat84
2012-05-18 18:46:56
Жаннат коз жумат,коз жумаардын алдында Тумарга Жаныбекке турмушка чыгып,балдарын оз баласындай кылып алаарын аманат кылат, ал убакта Тумар Уланды суйуп калган болот, Тумар Жаннаттын аманатын аткара албай калат
0
ikitaidesu
2012-05-19 07:59:04
Ошон учун аткарылбаган аманат экаен да
0
nuris89
2012-05-26 02:32:26
eee bash ooru eken da kiskasi
0
№ 497, 11-май-17-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан