Ысык-Көл
7-майда Каракол шаардык ИИБинин кызматкерлери жашы жете элек кызды зордуктаган деген шек менен 44 жаштагы Каракол шаарынын Б.М. аттуу тургунун кармашкан. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакуновдун билдиришинче, зордукчу – жабырлануучу болгон өспүрүм кыздын өгөй атасы. Ал 2011-жылдын февраль айынан бери 14 жаштагы өгөй кызын коркутуп, күч колдонуп жыныстык катнашка барып жүргөн. Өгөй атасынын зордуктап жүргөнүн "апамды өлтүрүп койбосун" деп коркуп апасына айтпай жүрүп, кош бойлуу болуп калганда гана билинип отурат. Жүргүзүлгөн экспертиза секелек кыздын 24 жумалык боюнда бар экендигин аныктаган. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (жашы жете элек кызды зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө жүрүп жатат.