Ысык-Көл
Көлдүн Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондорунда бодо малдын шарп оорусу (оор түрү) катталды. Оору Нарын жана Чүй облустарына дейре жайылбашы үчүн аталган райондордо карантин жарыяланды. Жер-жерлерде ооруну жок кылуу иш-чарасы жүргүзүлүүдө. Бардыгы болуп 3 райондо 462 бодо малдын ооруга чалдыкканы такталды.