Чүй
Жогорку Кеңештин депутаттары Асия Сасыкбаева менен Туратбек Мадылбеков Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, арыз-армандарын угушту. Панфилов районунун Эркин-Сай айылынын тургундары менен кездешүү учурунда айтылган бир катар көйгөйлөрдү чечип берүүгө убада беришти эл өкүлдөрү. Аталган айылдын Кубат Жуматаев атындагы мектебине барган депутат А.Сасыкбаева мектепте таза суунун жоктугуна күбө болду. Ушундан улам дааратканалар иштебей, ичүүгө суусу жок, айтор, таза суунун көйгөйүн жакшы эле тартып жатканын айтышты мектеп жамааты.
Эл өкүлдөрү бул айылдагы өрт өчүрүү кызматынын кызматкери маркум Кайрат Өмүрбековдун жаркын элесине арналган футболдук мелдешке да катышышты.