Жалал-Абад
7-май күнү облустук администрациянын алдына 200дөй аял чогулуп, митинг өткөрүштү. Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана шаардын өзүнөн топтолгон аялдар банк, кредиттик компаниялардан алган карыздарын төлөй албай жатканын айтып арызданышты. Алардын талабы – алган насыяларынын мөөнөтүн узартып берүү жана пайыздык төлөмүн 10 пайыздан ашырбоо. Өткөн апталардагы табият кырсыктары бир топ чыгымга алып келгендигин айткан митингчилер карызды төлөө оор болуп жатканын айтышат. Облус жетекчилиги нааразы тарапты “сыртта митинг жолу менен эмес, ийри отуруп, түз кеңешели, жүргүлө ичкериге” десе, макул болушпай койгондугу белгилүү болду.
Коюлган талаптар аткарылбай турган болсо, 30дай аял өздөрүн өрттөй тургандыгы тууралуу маалымат тарады. Бул чын эле аргасыздыкпы же митингдердин жаңы пайда болгон ыкмасыбы?