Талас
Талас шаарындагы эски оорукананын жанында жайгашкан “Рустам” аялдамасынан 4-май күнү күүгүм ченде желим баштыкка салынган төрт айлык бойдон түшкөн түйүлдүктүн денеси табылды. Ким, качан, кантип таштап кеткени азырынча белгисиз.
– Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Талас облусундагы ооруканаларда каттоодо турган кош бойлуулардын санын алып, тактап жатабыз,- деп билдирди Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш изилдөө бөлүм башчысы Азат Жусупбеков.