Ош шаарынын 13 жаштагы тургуну Сезим искусствого 7 жашынан кызыгып келет. Шурулардан жасалуучу гүлдөрдүн дизайнын 2010-жылы апасы менен Москвага барганда Искусство галереясынан көргөн. Шурудан токулган кооз картиналар, гүл композициялары, сувенирлер жана башкаларды көрүп, ал да ушул өнөрдү үйрөнүүнү көздөгөн.
“Москвадагы Искусство галереясында коюлган ар бир буюм өзүнчө чоң мааниге ээ экен. Ал жерде буюмдун аталышы, жасалуусу туурасында айтып берүүчү гид кыздардын иштээрин да билдим. Ошондо көп нерселерди түшүнүп, үйгө келгенде мен да гүлдөрдү жасай баштадым”,- дейт Сезим.
Апасынын түшүндүрүүсүндө, биздин каармандын таенеси мыкты ууз болгон экен. Өнөрчүлүк ошол кишиден өтсө керек.