Ош
Ырчылар элге, эл ырчыларга нааразылыгын айтып бүтпөс заман болду. Бул ирет Эмил Балтагуловдон биздин электрондук дарекке нааразылык каты келди.
– Өзгөндүн Шоро-Башат айылында концертибиз болмок. 4 күн мурун документтерибизди алып, Маданият үйүнө барсак эч ким жок, жетекчиси болсо талаада өз жумуштары менен экен. Мурунку келгенде "завклуб эмес, айыл өкмөтүнөн уруксат алган жоксуңар, концертти койдурбайбыз" деп ичип алган 2 киши кыйын болду эле, ошол "кыйындардан" сурайлы деп өкмөткө бардык. Айыл өкмөт башчысы Бишкекте дегенинен анын жардамчысынан уруксат алып, афишаларды илдирип кеткенбиз. Концерт коёрдо келсек, "койдурбайм" деп айыл башчы кыйын. “Менден уруксат албадыңар, терезелер сынат” деп клуб жетекчиси чыкты бир жактан. Уруксат берген айыл өкмөттүн жардамчысына кайрылсак, “мен клубга гумжардам түшүртүп койдум, концерт бербейсиңер” дейт. Жергиликтүү чоңдор Маданият үйүн кампага айлантып салышса, анда неге уруксат беришет?!
Эртеси эле Өзгөндө бир эже “ай, жалганчы ырчылар, кечээ күтсөк, афиша илип коюп келбей койгонуңар эмне?!” деп кекетти. Мына, ким жалганчы, кайра эле ырчылар. Чоңдордун ушундай иштеринен улам, биз, ырчылар, жаман атты болуп жатабыз. Күнөөлүү болбосок да, эл алдында концертибиз болбой калганы үчүн кечирим сурайбыз.