Жашоо канчалык ийип, сындыргысы келген сайын ошончолук күчтөнсөң, бактылуу болууга мүмкүнчүлүк алат экенсиң...
«ЖЫЛУУ ИЗ»
-Айгерим мурунку жашоом жөнүндө, балким, билеттир, бирок мен өзүм айтып бере элекмин. Биринчи сүйүүмдөн, тун уулумдан ажал ажыратты. 24-ноябрь өмүрүмө түбөлүккө кара так калтырды. Алдыбыздан чыккан мас айдоочу бактымды саналуу мүнөттөрдүн ичинде уратып салды. Ыйладым, жер тепкилеп тагдырыма каргыш айттым. Айла жок, бул да болсо Жараткандын буйругу экен. Азыркыга чейин эсиме кылт эте түшсө, жаман болуп кетем. Жубайым менен уулумдун ордун эч нерсе толуктай албады. "Андан көрө Кудайым мени алса болмок экен" деген күндөрүм көп болду.
Периштемдин, уулумдун муздак денелерин кучактай боздоп ыйлап жатканым дале көз алдымдан кетпейт.
Арадан 6 жыл өттү, эч кимди сүйө албадым, жараатым толугу менен айыкпаса да, карттанып, бүгүн жеңилирээктей сезилет. Канча убакыт өтсө да, периштемди таба албасымды түшүнсөм да, жинди сымал көчөдө эл арасынан издей берем. Кай жерден, кайсы бурчтан менин жылмайган периштем чыга калат деп үмүт кылып күтө берем. Өзүм менен өзүм болуп, оор күндөрдө мени урушкан, таарынган учурларын эстеп, ошол күндөргө да кусалыгым артат. Жашоомдо ушундай периште болгонуна, мени менен аз болсо да саз өмүр сүргөнүнө, аны мага буюрган Кудайыма ыраазымын. Кыйналдым, канчалаган уйкусуз таңдарды тостум. Кээ бир күндөрү баарын кечип кеткенге да даяр болдум, бирок бул сыноо да өттү.
«ТАГДЫРДЫН БУЙРУГУ»
-Алты жыл өттү. Кайрадан үй-бүлө куруудан коркуп жүрдүм. Балким, өзүм психологиялык жактан даяр эмес белем?..
Бир күнү кечинде жумуштан келе жатсам, аялдамада бир кыз ыйлап отуруптур. Кайрылбай өтүп кете албадым. «Чоң кыз, тынччылыкпы, неге ыйлап жатасыз?» деп сурадым. Кыз көпкө чейин ыйлап, үн катпады. Көрсө, байкуш автобустан болгон акчасын чөнтөкчүлөргө уурдатып жибериптир. Аны укканда жылмайып «ыйлабачы, бул жашоодо жакындардан айрылгыча акчаңдан айрылганың оң эмеспи» деп сооротуп койдум. Ал кызды үйүнө узатып бардым. Бир жума өткөндө дүкөндөрдүн биринен жолугуп калдык, андан кийин бир тойдон. Көрсө, ал кыз менин тааныштарымдын карындашы экен. Бул жолугушууларды эч бир оюма алган жокмун.
Көп өтпөй катуу ооруп, ооруканага жатып калдым. Түшкү уйкудан көзүмдү ачсам, жанымда жылмайып ошол кыз отурат. Периштемди жоготкондон бери биринчи жолу жүрөгүм дүкүлдөй, түшүнүксүз, бирок жагымдуу сезимдер пайда болду.
Арадан эки ай өтүп, Айгерим экөөбүз баш кошууну чечтик. Учурда биринчи перзентибизди күтүп жаткан кезибиз. Таң эрте ойгонуп алып жубайымды тиктөөнү жакшы көрөм. Курсагындагы кичинекейибиздин тепкилегени мага кызык. Апасы таттуу уйкуда, улам курсагын сылай балабызды тынчтандырып коёт. Курсактагы тентек апасынын колу тийгенде тынчый түшөт да, кайрадан тепкилене баштайт. Мунун баарын байкап жаткан менин кубанычым ашып-ташып жатат, мен бактылуумун!
Мирбек
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg