СҮТ БАГЫТЫНДАГЫ ЭЧКИЛЕР

Эчки мал чарбачылыгында эт, сүт, тери жана жүн берип, жем-чөптү көп талап кылбагандыгы, ошондой эле ылдам көбөйгөндүгү менен айырмаланып, бааланып келет. Негизинен, эчкилер эт, сүт, тыбыт жана жүн багытында багылат. Бүгүн сүт багытындагы эчки жөнүндө маалымат бермекчибиз.

БИЗДЕГИ ПОРОДАЛАРЫ
Сүт багытында дүйнө жүзүндө жалпысынан 50дөн ашык порода бар. Сүттүүлүгү боюнча алдыңкы орундарды ээлөөчүлөр болуп: заанен, тоггенбург, горький, мегрель породасындагы эчкилер саналат. Кыргызстандын аймагында эл көбүнчө жүн, тыбыт багытындагы эчкилерди баккандыктан, сүттүү эчкилердин саны абдан аз. Бизде жогорудагы аты аталган породалардын ичинен заанен эчкиси гана бар. Акыркы жылдары сүт багытындагы майда жандыктардын санын көбөйтүү үчүн Кыргыз илим изилдөө институтунун мал чарбачылык жана жайыттар боюнча тармагынын адис-окумуштуулары аракеттерин жумшап келишүүдө. Биздин окумуштуулардын эмгегинин арты менен 2005-жылы сүт багытындагы кыргыз эчкисинин жаңы тиби чыгарылган. Бирок порода катары бекитиле элек.

СҮТ БАГЫТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЧКИСИ
Жергиликтүү эчкилер менен заанен эчкисин аргындаштыруу менен алынган.
Өңү: ак, боз.
Салмагы: текеси 50-60 килограмм, ал эми ургаачысы 40-42 килограммды түзөт.
Төлү: 100 баш эчки 160-180 улак бере алат.
Сүтү: 8 айга чейин сүт берет, бул убакыт аралыгында майлуулугу 4-5 пайызды түзгөн 380-480 литр сүт менен камсыздайт.

ЗААНЕН ПОРОДАСЫНДАГЫ ЭЧКИ
Сүттүүлүгү жагынан алдына сүт породасындагылардын эч бирин чыгарбайт. Щвейцариянын Зааненталь өрөөнүндө чыгарылганына байланыштуу өрөөндүн атын алып жүрөт.
Өңү: ак.
Салмагы: текеси 70-80 килограммга чейин, ал эми ургаачысы 50-60 килограмм.
Төлү: 100 баш эчки 160-180 улак бере алат. Бир эчки 3-5 улак тууган учурлары да көп кездешет.
Сүтү: 10-11 айга чейин сүт берип, бул аралыкта майлуулугу 3,8-4,5 пайызды түзгөн 580-750 литр сүт менен камсыздайт. 3000 литрге чейин сүт бергендери да кездешет.

СҮТҮ

  • Эчкинин сүтү кремний, кальций, калий, магний, фосфор, темир, марганец, селен, жез, аскорбин кислотасы, А, B, C тобундагы витаминдер, минералдык туздарга жана башка организмге керектүү заттарга бай.
  • Эчки ылаңдарга көп чалдыкпагандыктан, сүтү башка жандыктарга караганда таза болот.
  • Дарылык касиетке да ээ. Жүрөк-кан тамыр, боор, өт, тери, муун, ашказан-ичеги ооруларына, жөтөлгө миңдин бири дешет дарыгерлер.
  • Стресстен жана кара күч эмгегинен чарчап-чаалыккан адамдын организмин калыбына келтирүү үчүн колдонушат.
  • Сиңимдүү болгондуктан, көбүнчө жаш балдарга жана кары-картаңдарга эң жакшы азык. Ашказан-ичеги оорусунан жабыркагандар үчүн да мыкты азык. Бирок бир жашка чейинки балдарга берүүгө болбойт. Себеби эчкинин сүтү казеин тобуна кирет. Бул топтогу сүт ашказанга киргенде коюуланып, башкача айтканда, уюп калат да, аны жаш баланын ашказаны иштетүүдө кыйналат.
  • Кургак учуктан дарыланууда сунушталат.
  • Курамында фтор көп болгондуктан, тишти кариестен сактайт.
  • 1 литр сүттө 630 калорий бар. Бул адамга керектүү 1 күндүк норманы толук камсыздай алат.
  • Салмак кошом дегендер үчүн да эң мыкты азык.

ЭЧКИЛЕРГЕ МҮНӨЗДӨМӨ

  • 9-10 жыл өмүр сүрөт. Эң узак дегенде 17 жыл жашайт.
  • Жарым кургак аймактар эчки үчүн эң ыңгайлуу болуп саналат. Ысык-суукка чыдамдуу. Бирок саздак, нымдуу климатка ылайыкташкан эмес. Мындай жерлерде жашап кеткени менен, эт, сүтүнүн сапаты төмөн болот.
  • Жем-чөптү көп талап кылбайт. Себеби башка жандыктар жетпеген жайлардан (аскалар, бак-дарактардын бутактары) оттоп, өз жанын багып кетет.
  • Көп оорубайт, ылаңдарга чыдамдуу келет.
  • Майдаланган көк чөп, дан эгиндери, кант кызылчасы, сууга бышырылган картошка эчкинин сүттүүлүгүн арттырат.

ЭТИ

  • Койдукуна салыштырмалуу агыш келет жана майы ак түстө болот.
  • Даамы, кубаттуулугу жагынан койдукунан калышпайт, ал эми аш болумдуулугу боюнча уйдукунан жогору турат.
  • Холестерин аз. Этинде суу көп, май аз болгондуктан, эти ширелүү.

ТЕРИСИ
Эчкинин терисинен тон, чолок тон, кайыш плащтарды тигишет. Ал эми өзүбүздүн эл эчкинин терисинен сабаа жана чанач жасашып, кымыз ачытууда да колдонуп келет.

ТЫБЫТЫ
Сүт багытындагы эчкилердин тыбыты азыраак. Бирок тыбыты башка эчкилердикиндей жеңил өнөр жайында эң баалуу сырьё болуп эсептелинет.

КӨБӨЙҮҮСҮ
Эчки 6-8 айлык кезинде жетилип, төл бергенге жарап калат. Бирок бул көрсөткүч анын өсүүсүнө терс таасирин тийгизгендиктен, куутка 1 жашка толгондо кошуу сунушталат.
Тез көбөйөт. Кууттан чыккандан кийин орто эсеп менен 150 күн дегенде төлдөйт.
Тукум алуу үчүн 30-50 ургаачы эчкиден турган бир топко бир теке жетиштүү.

БААСЫ
Кыргызстандын аймактарында 1 эчкинин баасы 4000-5000 сомду түзөт.
1 литр сүтү 30-80 сомго чейин.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сүт багытындагы эчкилер
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aidinaernur
2012-05-15 01:50:30
кенешинер соонун экен буйруса созсуз балдарым учун эчки багам Кыргыз га барганда...
0
nazi25
2012-05-16 18:00:05
Эсин кетсе эчки бак.Эчки тууйт уч улак.
0
erali
2012-05-16 23:31:04
Дал ушул темада маалымат керек деп суранган болчумун,андыктан абдан баалуу материалынар учун чон рахмат.Менин жонокой эле породада торт эчким бар баары биригип бир чыны сут бербейт.Заанен прородасындагы эчкиден сатып алсам дейм бирок кайдан,кимден билбей.Ушул суроого жооп бергиле сураныч,сут проблеманы чнчууго жардам бергиле.07730829372
0
admin_superstan
2015-03-02 13:16:51
begish_13.03, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Ал эми видеону төмөнкү шилтеме менен өтүп, "Көчүрүү" баскычын басып көчүрүп алыңыз:
http://www.super.kg/media/stv/65979/
0
№ 497, 11-май-17-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан