ЖКдагы буга чейинки депутаттарды элестетип көрөлү. Анда жаш депутаттар деп кырктын кырына барып калган эл өкүлдөрү эсептелчү. Бүгүнкү парламентибиз бир кыйла жашарган. Парламентте үч фракциянын алты өкүлү гана 80-жылкылардан турат, ал эми "Ата Журт" менен "Республика" 32 жашка чейинки курактагылардан куржалак.
ГҮЛНИЗА БЕЙШЕНБАЕВА
Жарык дүйнөгө 1982-жылы 26-сентябрда келген.
Сары-Өзөн Чүйдүн кызы.
Студенттик жылдары КУУнун философия жана мамлекеттик кызмат факультетинде өткөн.
Мүнөзү – токтоо.
Эки дипломдун ээси жана учурда 3 университетте студент.
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок.
20 жылдан бери күндөлүк жазат.
Хоббиси – фотоаппарат менен сүрөт тартуу жана сууда сүзүү.
Учурда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты.
– Парламентке жакында эле келдиңиз. Жогорку Кеңеш кандай кабыл алды, "дагы бир жаш депутат келди" деп мурдун чүйрүгөндөр чыккан жокпу?
– Парламент бул – жаш курагыңа карабай жоопкерчиликти талап кылган орган. Кесиптештерим ойдогудай эле кабыл алышты. Фракциядагы улуу, тажрыйбалуу депутат агай-эжелериме билбеген, түшүнбөгөн маселелер болсо кайрылып турарымды келген күнү эле айткам. Алар мага жакшы эле колдоо көрсөтүп келатышат. Парламент – чынында, биздин мамлекетке жаңы кадрларды даярдап бере турган чоң мектеп. Келгениме жарым жыл толо элек болсо да, бир топ тажрыйба топтодум.
– Бирөөнү сүйүп жашаган жакшыбы же сүйүктүү болгон жакшыбы? Сүйүүнүн өзү бар нерсеби?
– Сүйүү бар. Ушул сезим дүйнөнү бир калыпта кармап турса керек. Жоопсуз сезимден алыс бололу. Сүйүктүү болуп же сүйүп эмес, бири-бириңди бирдей сүйүп, түтүн булатканга не жетсин?!
БАКТЫБЕК КАЛМАМАТОВ
Туулган жылы – 1984-жыл, 20-январь.
Туулган жери – Кара-Кулжа району, Совет айылы.
Билими – ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультети.
Үй-бүлөлүк абалы – 1 уулдун атасы.
Балык уулап эс алганды жактырат.
“Ачуум бат келет, бирок токтотуп калууга эрким жетет” дейт.
Парламентте “Ата Мекен” фракциясынын депутаты.
– "Депутаттардан кызматтык унааны алып салыш керек" деп күпүлдөп жүрдүңүз эле, өзүңүз кесиптештериңизге үлгү көрсөтөм деп автобус-маршрутка менен жүрө аласызбы?
– Коомдук унаалардын кызматын, анын ичинде такси кызматын көп эле пайдаланам. Ким эле өмүр бою чоң кызматтарда отуруп, мамлекеттин бекер унаасында жүрө бермек эле? Маршруткада жүрүү мен үчүн өөн учурабайт. Анткени 1-2 жыл мурун эле алардын кызматын пайдаланып жүргөм. Мен 4-5 кабат хан сарайда жашап, эшигинин алдына чет элдик 5-6 унаа тизип койгон адамдардан эмесмин.
– “Өлгөнүм ушул турбайбы” деген коркунучтуу учурду баштан өткөрдүңүз беле?
– Андай кырдаал оппозицияда жүргөн учурда көп эле болду. Саясатта өлүп калуу деген бир заматта эле да. Үйдөн жумушка чыгып баратканда “мен бүгүн үйгө келбей калышым мүмкүн” деген ойлор келчү. Айрыкча 2010-жылдын март айларында куугунтук катуу башталган. Сактык үчүн атамдын эски мылтыгын октоп туруп, башыма жазданып жатып калган учурлар болгон. Мындайда үй-бүлөң дүрбөлөң түшүп... Айтор, ал күндөр артта калды, кайрылып келбей эле койсун.
ДАСТАН БЕКЕШЕВ
1983-жылы 22-ноябрда төрөлгөн.
Киндик кан тамган жери – Фрунзе шаары.
Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетин бүтүргөн.
Шахмат боюнча спорт чеберчилигине талапкер.
Саясий жана тарыхый китептерди көп окуйт.
Учурда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты.
– Сунуштаган мыйзамдарыңыз өтпөй калганда кандай абалда болосуз?
– Парламентке келгенден бери 30дан ашык мыйзам долбоорун жаздым. Анын ичинен колдоо таап өткөнү да, тилекке каршы, өтпөй калганы да болду. Мен эч качан пессимисттик маанайда иш жүргүзбөйм, алдыга гана умтулам. Өтпөй калган мыйзамдар мен үчүн сабак болот.
– Ата-энеңиз эмне иш менен алек?
– Ата-энем жөнөкөй, карапайым эле кишилер. Алар эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. Азыр алар небере карап үйдө.
ЖООМАРТ САПАРБАЕВ
Туулган жылы – 1984-жыл, 12-декабрь.
Туулган жери – Фрунзе шаары.
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультети.
Ырчылардан – Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганованын ырларын угат.
Менчик унаасы жок.
Салыктан тышкары 18-20 миң сомдун тегерегинде айлык алат.
"Саясатчы болбогондо дизайнер болушум мүмкүн эле" дейт.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты.
– Экс-төрага Ахматбек Келдибековду кызматтан алуудагы негизги күчтүн бири болдуңуз эле. Учурда ал киши менен мамилеңиз кандай?
– Ал иштердин баары жеке Келдибековго эмес, анын төрагалык ишмердүүлүгүнө каршы туруу болгон. Азыр мамилебиз түз, ал экөөбүздүн жакын катышыбыз деле жок болчу да. Ага-ини катары учурашып турабыз. Ал кишинин деле мага мамилеси өзгөргөнүн байкаган жокмун, мурдагыдай эле.
– Аялыңызга калп айтам деп кармалып калган учур болду беле?
– Кээде аял кишиге баарын айткандан көрө унчукпай эле койгон жакшы. Болот, мисалы, жумушка байланыштуу кыйынчылыктар болсо, аял киши сурайт да “эмне маанайың жок?” деп. Анан “жөн эле, эч нерсе болгон жок” деп жооп берип коём. Кийин билинип калат, таарынат “мага эмне айткан жоксуң, аялыңмын го, акыры?” деп. Орой калп айтып кармалып калган учурлар болгон эмес.
ДАНИЯР ТЕРБИШАЛИЕВ
Туулган жылы – 1981-жыл, 20-май
Төрөлгөн жери – Фрунзе шаары.
Билим көрөңгөсү – БГУнун саясат таануу факультети.
Журналисттик да тажрыйбасы бар.
Футболго таптакыр кызыкпайт.
Кызганыч чеги менен болушу керек деп эсептейт.
Учурда КСДП фракциясынын депутаты.
– "Кыргызстанда МАИ кызматын жоюш керек" деген сунуш айттыңыз эле, ишке ашабы?
– Укук коргоо органдарын реформалоо жөнүндө концепция иштеп чыкканбыз. Анын ичинде МАИни жоюу тууралуу да пункт бар. Муну менен биз эл аралык стандарттарга өтөлү деп жатабыз. Полиция кызматын түзүү боюнча да маселе көтөрүлүп жатат. Полиция кызматы ишке кирсе, жол кыймылын да көзөмөлдөйт, уурулук сыяктуу өтө оор эмес кылмыштарды, адамдардын укуктарын коргоп, райондорду да көзөмөлдөйт. Биздин концепцияга ылайык, ИИМ полиция департаментине айланышы керек.
– Акыркы учурда мурдагыдай курч, дымактуу сүйлөгөнүңүз байкалбай калды, жыйынтык чыкпаган сунуш айтуудан чарчадыңызбы?
– Жок, андай деле эмес. Курч, элдин көйгөйлүү маселелерин көтөрүп чыгып жатам. Балким, айрым учурларда теледен көрсөтпөй калып жаткандыр. Мисалы, бир апта мурун Чаткал районунун акимине байланыштуу маселе көтөрүп чыктым. Ага эки жолу иш козголуп, ишинен алынбай дагы эле иштеп жаткан экен. Өкмөткө кайрылуу жасап, кабинети бекитилип, унаасы алынып, өзү убактылуу ишинен четтетилди.
ЫРГАЛ КАДЫРАЛИЕВА
Жаш депутаттын сунуштаган мыйзамдарынын бири – “Кыргызстанда кыздарды 22 жашка толо электе чет өлкөгө чыгарбоо” мыйзамы. Ыргал айым агасы Санжар Кадыралиевдин жолун улантуучу десек болот. Өзү да агасына аябай жакын болгонун айтат. Учурда иш бөлмөсүндө агасы жакшы көрүп өстүргөн гүлдөр "жашайт".Туулган жылы – 1981-жыл, 2-август.
Өзгөндүн Куршаб айылынан.
Билими – ОшМУнун юридика факультети.
Эки баланын энеси.
Өзгөндүн кызы, палоону мыкты даярдайт.
Учурда КСДП фракциясынын депутаты.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg