Акыркы жылдары коомчулук чоң бир көйгөйгө туш болду. Тактап айтканда, өспүрүмдөр арасындагы өзүн өзү өлтүрүү жаңы муундун модасына айлангандай. Өз өмүрүн кыюу менен жаш муун коомчулукка эмнени айтканга аракет кылат? Дегеле өспүрүмдөр арасында суициддин көбөйүшүнө эмне себеп болууда?..
КӨЙГӨЙДӨН КУТУЛУУНУН ЖОЛУ
Суицид сөзү латын тилинен алынып, "sui caedere" – "өзүн өзү өлтүрүү" дегенди билдирет. Бул кадамга психикалык жактан жабыркагандар, катуу стресске же депрессияга кабылгандар барышат. Башына кыйынчылык түшкөндө абалдан чыга албачудай сезилет. Келечекке үмүтсүз карап, алдыга максат коё алышпайт. Ошондой маалда cуицидге барууну бардык кыйынчылыктан кутулуунун жолу катары кабыл алышат.
Жаштарда кезиккен көйгөйлөрдү чечүүдө ата-эненин гана эмес, мектептеги мугалимдердин да жардамы керек. Себеби айрым учурларда бала ата-энесине караганда мектептеги мугалимин көбүрөөк көрөт. Эгер өспүрүм чүнчүп, мүнөзү, кыялы өзгөрүлүп кетсе, аны психологго алып баруу керек. Демек, анын ичинде жашыруун ызасы бар, балким, ошол эле ата-энесине, же мугалимине, же досторуна. Ата-эне баласына көңүл буруп, аны менен көбүрөөк убакыт өткөрүүсү зарыл. Баланын мээримге муктаж экендигин унутпоо керек.
Суицидге баргандардын жакындары “мен мындай кыларын билсем кана” дешет. Бирок убагында баласындагы шектүү өзгөрүүлөрдү байкабай калышат. Мындай кадамга барып жаткан адам буга бир нече убакыт даярданат. Адам айланасынан жардам издейт, жан дүйнөсүн ачып, ызасын чыгаргысы келет.
Рабия эже: "ТАТЫКТУУ ЭНЕ БОЛО АЛБАДЫМ..."
– Бир жарым жыл мурун 14 жашар кызым асынып алган. Кызымдын акыркы учурда өзгөрүлүп кеткенин байкагам, бирок олуттуу көңүл бурган эмесмин. Өмүрү көзүмө тике карабаган кызымдын кыял-мүнөзү өзгөрүлүп кеткен.
Бир күнү жумуштан келсем, колу-бутун лезвие менен кыйма-чийме кылып тилип салыптыр. Эмне үчүн мындай кылганын билүү үчүн сырдашып көрсөм, бир жигитти жактырып жүргөнүн айтты. “Ал бала башка кыз менен сүйлөшөт” деп капаланган. Ага чейин менин жумушум көптүгүнөн улам аны менен сырдашканга убактым жок эле. Атайын кызыма убактымды бөлө баштагандан кийин мамилебиз жакшы боло баштады. Кызым “менин атам жок” деп көп айтчу. Себеби күйөөм башка аялга кетип калган.
Ошол каргашалуу күнү эртең менен жумушка кетип жатсам, келип кучактап бетимден өөп: “Эртерээк келиңиз, мен сизди сагынам”,- деди. Ичимден сүйүнүп, жумушка далбастап кеттим. 4 сааттан кийин коңшум “үйгө тез кел” деп чалды. Барсам, кызымдын өлүгүн жибинен бошотуп жатышыптыр. Өлөр алдында “апа, мени кечир, мен кыйналып кеттим. Айбек мени сүйбөйт экен, атама да керегим жок. Бизди багам деп сиз аябай кыйналып кеттиңиз, андан көрө эки инимди жакшылап багыңыз. Мен сизди жакшы көрөм, дайыма сиздин жаныңызда жүрөм...” деп кат жазыптыр. Айла жок экен, азыр эки уулумду кайтарып жашайм, алардан “мени ыйлатпагыла” деп суранам. Эл-журтка айтарым, балдарыңарга көңүл бөлгүлө. Мен жалгыз бой болгондуктан, 3 баламды багам деп жан талаша иштеп жүрүп татыктуу эне боло албадым. Менин башыма түшкөн жоготууну эч бир жанга каалабайм.
ГУЛЯ АКБУТИНА, психолог:
– Өспүрүмдөр дээринен максималист (чымынды төө көрүшөт) болушат. Көп учурда кичинекей нерсени да чоң, чечилгис көйгөй катары кабыл алышат. Алар “мен чечем же ...” деген принцип менен жашашат. Мындай туура эмес кадамга түздөн-түз үй-бүлөдөгү түшүнбөстүк, анын айланасындагы адамдардын таасири, жүрүм-туруму жана социалдык абалы себеп болушу мүмкүн. Айтарым, көп учурда ата-эне балдарын кагып-силкип, орой мамиле жасашат, бир нерсе болсо “курсагың ток, кийимиң бүтүн, дагы эмне керек?!” деп катуу айтышат. Ата-энелер, балага, эң башкысы, мээрим керек экендигин унутуп коёбуз. Өспүрүмдүн психологиясы жүрүм-турумунан, коом жана социалдык кырдаалдар тарабынан калыптанат. Алар биринчи депрессияга туш болуп, өзүн эч ким түшүнбөгөндөй, эч кимге кереги жоктой сезишет. Өзүн өзү өлтүрүүгө көбүнчө намыскөй балдар барышат. Бир нерсени туура эмес кылып алса, “уруш жейм”, “жаман көрүнүп калам” деп намыстанышат. Бул көйгөйгө коомчулук жапа тырмак киришишибиз зарыл. Себеби кошунанын баласы асынып алса, “менин үй-бүлөм аман-эсен болсо экен” деп тим болбой бала-чакасын катуу көзөмөлгө алып, анын көйгөйлөрүн чечкенге милдеттүүбүз. Анткени жаман нерсеге сиздин балаңыз да таасирленип, аны оңой жол катары карашы толук ыктымал.
ДАМИРА КУДАЙБЕРГЕНОВА, Билим берүү министрлигине караштуу мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы:
– Тилекке каршы, акыркы жылдары өзүн өзү өлтүргөн өспүрүмдөрдүн саны кескин көбөйдү. Бул экономикалык-социалдык, үй-бүлөлүк, коомчулуктун таасиринен улам. Бирок көбүнчө өзүн өзү өлтүргөн өспүрүмдөр толук эмес үй-бүлөлөрдөн. Ата-энеси чет жакта акча табуу менен алек, ал эми жеткинчек өз көйгөйлөрү менен жалгыз калып калууда. Эгер бала өз өмүрүнө кол сала турган болсо, акырына чыккыча аракеттенет.
Азыр телерадио, ММКлар дайыма жакшы жашоону, жакшы тамак, кийим-кечени тынбай беришет. Аны көргөн бала "мен мындайга жетпейм" деп дагы басынып калат. Ата-эне баласына мээримин төгүп, “катачылык кылсаң эч нерсе болбойт, аны оңдоого убактың бар” деп сылык, сабырдуу мамиле жасашы керек.
Албетте, мындай жаш курагында балдарыбызды жоготуп жатканыбыз жагымсыз көрүнүш. Бизге бала бакчадан баштап, мектеп, бейтапканаларга да психологдорду көбөйтүш керек. Ар бир бала менен жеке сүйлөшүп, тыгыз иштөө зарыл.
СТАТИСТИКА КЫРГЫЗСТАНДА
Бишкек шаары – 3 (2 эркек, 1 кыз)
Чүй облусу – 5 (4 эркек, 1 кыз)
Ысык-Көл облусу – 3 (2 эркек, 1 кыз)
Нарын облусу – 1 (кыз)
Ош облусу – 4 (эркек)
Жалал-Абад облусу – 3 (2 эркек, 1 кыз)
Талас облусу – 1(кыз)
Баткен облусу – 4 (1 эркек, 3 кыз)
ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН ӨЗҮН ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮГӨ ЖАКЫН ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ТОБУ
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg
«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
ӨСПҮРҮМДӨРДҮ СУИЦИДДЕН КАНТИП САКТАЙБЫЗ?
Алия Карымбаева, сүрөтчү, Каракол:
– Өмүрүн кыйгандардын эң негизги көйгөйү бул – жокчулук. Досторундай кийинип, ичине албай басынуудан ушул кадамга барат. Ата-энелер балдары үчүн эртерээк кам көрүп, аларды бардык жагынан эл катары өстүрүүгө аракет кылуусу зарыл.
Кыял Акматов, окутуучу, Ош:
– Бул көрүнүш мурунтан болуп келген. Мындан арыла алабыз деп айтуу кыйын. Биз суицид тууралуу теледен, гезит беттеринен маалымат берүүнү токтотушубуз керек. Себеби бул эмне экенин билбеген өспүрүмдөргө биз кайра түшүнүк берип жатабыз.
Самарбек Базаркулов, энергетик, Жалал-Абад:
– Бир чара колдонуп, өспүрүмдөрдү мындан сактап кала албайбыз. Кайдан билебиз, бүгүн же эртең кайсы бала суицидге кабыларын? Бул деген психологиялык оору да. Жалпы адамзаттын аң сезими оңолсо, бул көйгөй да чечилет.
Жаңыл Жусабаева, үй кожойкеси, Бишкек:
– Болбогон нерсеге намыстана берчү курак – өспүрүм кез. Мектептердеги салык салууну азайтса, окуучулар арасындагы атаандашуу да азаймак. Анан балдарды куру намыска ардана бербегендей оор басырыктуу болууга тарбиялоо зарыл.
Үсөн Кыязов, студент, Бишкек:
– Бул көптөгөн себептерден болуп жаткан нерсе. Жакында эле тааныш кызымдын курбусу "ата-энемди сагындым" деп кат жазып, ошол себептүү эле асынып алыптыр. Суицидди жоюу үчүн мектептерде дин жана психология сабактары кеңири окутулуусу зарыл.
Нуржамал Атамова, эсепчи, Ош:
– Көпчүлүк ата-энелер баласы бир нерсеге капаланып турса, анын бул абалдан чыгуусуна жардам бербестен, кайра урушуп, анын суицидге баруусуна түрткү болушат. Өспүрүмдөрдү суицидден ата-эненин мээрими куткара алат.
Эрнис Дүйшеев, жол куруучу, Каракол:
– Азыркы жаштардын кабыл алуусу башкача. Аларды суицидге жеткирбеш үчүн ата-эне жана мугалимдер балдарга туура жол көрсөтүүсү керек. Көңүлүнө карай бербей, керек жерден катуу болгон деле жакшы.
Уулбү Каныбекова