«XXI КЫЛЫМДЫН КАДРЛАРЫ» КАЙДА?

Өткөн сандарыбызда Аскар Акаевдин убагында старт алган “XXI кылымдын кадрлары” программасы боюнча билим алган мекендештерибиз тууралуу кеп кылып, “учурда алар кайда жүрүшөт?” деген суроону көтөрүп чыккан элек. Ошол теманы улай Кытайга барып билим алып келген жарандарыбыз жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Кытайга барып окуп келген студенттердин бири – Султан Жумамудинов. Бул программа тууралуу И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп жүргөндө гезит бетинен билген. Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде окуган Султан мектепте да, жогорку окуу жайда да жакшы окуп, өз күчү менен программага өтүп кеткен. Мамлекет окуусун, жатаканасын, тамагын камсыздап, аны аяктап келгенде жумуш берем деген убада менен Кытайга жөнөтөт. Чунцин шаарындагы жашоочулардын тартибине, тазалыгына, тактыгына суктанган Султан Кыргызстанда да ушундай болсо деп тиленип келет. Ал окуп жүргөндө Кытайда катуу жер титирөө болуп, көчөдө чатырда жашаганын, бир күн ичинде 6 экзамен тапшырганын эскерет. Кичинесинен тырышчаак Султан окуусун кызыл сертификат менен аяктап, ар кандай спорттук мелдештерден алдыңкы орундарды алып Кыргызстанга келет. Кийин бул жактагы окуусун улантып, аны да кызыл диплом менен бүтүргөн. Дипломду колго алган соң Тышкы иштер министрлигине документтерин тапшырса, "араб тилин билбейсиң" деп кагаздарын кайтарып берип коёт. Мындан сырткары көптөгөн мамлекеттик органдарга кайрылса да, ар кандай шылтоо менен жолго салышат.
Учурда Султанга өз мекенинде өз күчү менен жумуш табыш кыйын болуп жаткан учур. Англис, кытай тилдеринде эркин сүйлөгөн ал редакцияга келип, азыр мамлекеттик кызматка орношуу үчүн сынак тапшырып, аягы түгөнбөгөн текшерүүлөрдөн өтүп жатканын айтты. “Тилекке каршы, анын жыйынтыгы бир жарым жылдан бери белгисиз”,- дейт жумуштан үмүтүн үзө элек Султан.

Экинчи каарманыбыз – Сейтек Качкынбаев. Азыркы учурда Токио шаарында Васеда окуу жайында салыштырмалуу саясат таануу боюнча докторлугун жактоо үчүн окуп жатат.

– Сейтек мырза, сиз кантип бул долбоорго өтүп кеттиңиз? Дегеним, ал кезде "тааныш-билиши барлар гана өтөт" дешчү эле...
– “XXI кылымдын кадрлары” программасы жакшы тилек менен башталган. Жамандыр, жакшыдыр, алгачкы учурларда салыштырмалуу болсо да анын үзүрүн көргөн жөнөкөй эле атуулдар  болду. Көп өтпөй, жалпы эле Акаев дооруна мүнөздүү болгон коррупция, жердешчилик, тууганчылык бул жерде да ким кожоюн экенин көрсөттү. Мен 3-курсумда Кытайдын Шандуң университетине окууга кеттим. Кытайдан келип, 2001-жылы кайрадан "XXI кылымдын кадрлары" аркылуу аспирантурага өтүп кеттим. Бирок аталган программанын координатору Токтош Айтикеева Кытайга кетериме бир жума калганда телефон чалып Ак үйгө чакырды да, "Сейтек, капа болбо, сени эмдиги жылы ушул жерде иштеп турсам эле жөнөтөм сөзсүз. ММКларга кабар берип чуу чыгарбай эле койчу, ээ?" деп суранды. Көрсө, менин ордума сынакка катышып да койбогон бирөө өтүп кетиптир. Ошентип, мен Кытайга барбай калып, бул тармак дагы кландашып калганын жон терим менен сездим.

– Чет жерден алган билимиңиз менен Кыргызстанга келип иштейин деген оюңуз барбы?
– "XXI кылымдын кадрлары" аркылуу алган аласамды эбак эле кайтардым. Кытайдан келип, 4 жыл БГУда кытай тилинен сабак берип эмгектендим. Бирок жалпы кыргыз элинде ушул күнгө чейин телегейи тегиз заманбап өлкөлөрдүн нормаларына ылайык болгон бир да стандарттык кадр тандоо саясатынын жоктугунан же ишке кирбегендигинен канчалаган даяр кадрлар өз ордун таппай убал болуп жүргөнү чын. Мисалы, япон өкмөтү 5 жылдан бери кыргыз мамкызматкерлерин Япониянын мыкты университеттеринде окутуп даярдайт. Бирок аларды эффективдүү пайдалана турган кыргыз тараптын конкреттүү программасы жок. Мен билгенден ушул күндөрү Японияда ал программанын бүтүрүүчүлөрүнүн айрымдары кыргыз элинде эмес, Токионун кафелеринде, ашканаларында кара жумушчу болуп иштеп жүрүшөт.
Мына, окурман, эки жигиттин маегинен соң мамлекет убада кылган жумуш ордулары кайра эле туугандарга, жердештерге сатылып кетет тура деген ойго келесиң. Жалаң акчанын күчү менен окугандар чоң креслодо отуруп, мындай илимдүү-билимдүү азаматтар мекенине кайтып келип жумуш таба албай жүрүшсө, айрымдары чет жакта кара жумуш менен алек.
Эмне үчүн мамлекет жаштарга күч-аракетин, казынанын каражатын сарптады? Кыргызстан эле эмес, студентти кабыл алган өлкө да зыян тартып жатпайбы. Окутуп-чокутуп, тамак-аш менен жатаканасын камсыздаганга жараша кийин даяр кадрга жумуш бербегени эмнеси? Бийликтегилер программанын жемишин туура пайдалануу жагын да карап чыкса... Антпесе дыйкан түшүмүн талаага чачып жибергенге барабар болуп калат эмеспи.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"XXI кылымдын кадрлары" кайда?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
merim
2012-07-23 02:54:24
СЕЙтек байке биздин айылдан,ушул жигит ЖК отурганга татыктуу деп ойлойм!
0
№ 497, 11-май-17-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан