Казакстандын “КазТрансГаз” АКсы “Кыргызгаз” 31 МИЛЛИОН 200 МИҢ ДОЛЛАР карыз экенин, анын жарымын 25-майга чейин төлөөрүн билдирди.
БИШКЕК-ИСФАНА-БИШКЕК аба каттамы 9-майдан баштап кайрадан ишке кирди...
“Мындан кийин ишке келбеген ДЕПУТАТТАР СОТТО ЖООП БЕРИШСИН”,- деди “Эркиндик үнү” коомдук фондунун өкүлү Жаңыл Сартова.14-майда
Улуттук китепканада жазуучу ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН 100 жылдыгына карата көргөзмө ачылат.
2012-жылы Кытайдын “ЧЖУННЕН” нефти чалгындоочу компаниясы Кыргызстанда нефти кенин табуу үчүн 4-7 бургулоочу орнотот.
40 жылдан бери дүйнөнү кыдырып жүргөн белгилүү будда кечили ДЗЮНСЭЙ ТЭРАСАВА 8-май күнү Бишкекке келди.
2010-жылы Апрель окуясында жабылган “АК-ТИЛЕК-КАРА-СУУ” Кыргыз-Казак чек арасы 15-майдан баштап ачылат.
“Кыргызстандыктар тапкан кирешесинин 86 пайызын иштетпей, үйлөрүнө катышат”,- деп билдирди КРнын Банктар кеңешинин менеджери РУСТАМ САРЫБАЕВ.
Кытайдын СИНЬЦЗЯНЬ телеберүү борбору кыргыз тилинде күнүнө 2 жолу жаңылыктар берүүсүн чыгара баштады.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 10-май күнү бир канча мамлекеттик кызматкерлердин коштоосунда Астанага иш сапары менен кетти.
Вице-премьер министр ЖООМАРТ ОТОРБАЕВ 18-19-майда Лондондо өтө турган Европа банктарын реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча жолугушууга катышат.
Мындан ары кыргызстандыктар Казакстанда беш күндүн ичинде каттоодон өтүп, 90 КҮН ЭРКИН ЖҮРӨ АЛЫШАТ.
Президенттик аппараттын стратегиялык бөлүм башчысы ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВ өз каалоосу менен кызматтан кетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
BARCHA
2012-05-17 18:12:18
“Кыргызстандыктар тапкан кирешесинин 86 пайызын иштетпей, үйлөрүнө катышат”,- деп билдирди КРнын Банктар кеңешинин менеджери РУСТАМ САРЫБАЕВ ишеничтен кетсе ушундай кылышат да.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.