6-майда Хельсинки шаарында (Финляндия) күрөш боюнча "Лондон-2012" Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу акыркы мелдеш жыйынтыкталды. Биздикилер бир жолдомо менен чектелишти. Грек-рим күрөшү боюнча 55 килограмм салмакта Арсен Эралиев керекке жарады ("Бээжин-2008дин" триумфаторлору Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев канча аракет кылышпасын, жолдомо ала алышпады). Коомчулукта Арсендин жолдомо апкелгени эмес, Олимпиадага спортчуларыбыздын жолдомо ала албай жаткандыгы талкуу жаратууда. Ошентип, жалпы спорт түрлөрү боюнча жолдомо ойнотулуучу 4 мелдеш калды (үчөө жеңил атлетика, бирөө бокс боюнча). Ал эми биздин эсебибизде 11 гана жолдомо бар. Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2000-жылы Сидней Олимпиадасына 48 спортчубуз барган. "Афины-2004кө" 29 өкүлүбүз катышып келсе, Бээжин Олимпиадасынын ачылышында кыргыз туусунун астында 21 гана мекендешибиз параддан өткөн.
Соңку мезгилде жолдомонун өтө сейректеп кетүүсүнө эмне себеп? Бул тууралуу “Олимпиадачылар” ассоциациясын түзүүчүлөрүнүн бири Талант Жекшенов: “Учурда кыргыз спортунда улуу муундардын ордуна жаштар келип, муун алмашуу процесси болуп жатат. "Лондон-2012ге" жолдомонун аз болушуна мурунку жылдарга салыштырмалуу тандап алуу оюндарынын өтө оор болгону да себеп”,- дейт.
Коңшу өлкөлөрдөн казактарда "Лондон-2012ге" жолдомонун саны 60тан ашса, тажикстандыктар азырынча 12 жолдомо алышты.