Свет текшерүүчүлөрүнүн алы жеткени эле карапайым калк. Карызы 100 сомдон ашса, какшатып туруп өчүрүп кетишет. А миңдеген, жүз миңдеген карызы барларга ошенте алышабы? Дегеле, чоңдор свет үчүн акча төлөшөбү?
“Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер жарыкка болгон карызын төлөбөй жатышат”,- деп “Түндүк электр” ААКсынын Директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек Аргымбаев билдирди. Анын айтымында, бийликтеги чоңдордон баштап электр энергиясы үчүн аттуу-баштуу ишкерлер, депутаттар, прокуратура УКМК менен Эсеп палатасынын кызматкерлери акысын төлөбөй келишет. “Мисалы, Москва районунун мурунку акими, ишкер Эркинтур Молдогазиевдин карызы 26 900 сомду түзөт. Биз алардан карызды өндүрө албай жатабыз. Анткени Башкы прокуратурадан коңгуроо чалгандар чыгып, акчасын төлөбөсө да, өчүрүлгөн электр энергиясын кайра улап берүүнү сурап жатышат”,- деди Сапарбек мырза.