8-майга караган түнү Алматы-Екатеринбург автожолунун Караганда облусундагы аймагында жол кырсыгы катталган. Ssang Yong үлгүсүндөгү кичи автобус КамАЗ менен кагышып, 16 адам мерт болсо, экөөсү оор абалда ооруканага жеткирилген. Кийин анын бири да көз жумду. Каза болгондордун ичинен үчөөсү жаш балдар болсо, бирөө 5 айлык ымыркай. Кырсыкка кабылгандардын баары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылынын тургундары болуп чыкты.
ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова: "Каза болгондор туристтер эмес да, туурабы? Кыйналганынан жумуш издеп Орусияга бара жатышкан. Жол киресин үнөмдөйбүз деп 8 орундуу унаага тыгылып отуруп алышкандыр. Өкмөт каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон бөлүп берди, бирок биз эмгек мигранттарынын коопсуздугун кайрадан карап чыксак",- деди.