Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги мораторий жарыялады. Өкмөттүн кабыл алган токтомуна ылайык, коммерциялык банктар менен каржылык-насыялык мекемелерге 2010-жылы Апрель жана Июнь окуяларында зыян тарткандардан карызды талап кылууну убактылуу токтотуу сунушталды. Андан тышкары жабыркагандар 2012-жылдын 30-апрелине чейин карызын төлөй албагандан улам пайда болгон туум акчасы менен айып пулдан кутулат. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк да банк тарабынан азырынча алынбайт. Мораторий 2014-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө сакталмакчы.